ДҮЙНӨ ИЛИМПОЗДОРУНУН ЭМГЕКТЕРИНДЕ ЭСКЕРИЛГЕН ТОРУ-АЙГЫР АЙЫЛЫ

  • 17.11.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушевдин туулуп-өскөн айылынын тарыхына арналган “Тору-Айгыр айылынын тарыхы” аттуу китебинин бет ачары болду.

ДҮЙНӨ ИЛИМПОЗДОРУНУН ЭМГЕКТЕРИНДЕ ЭСКЕРИЛГЕН ТОРУ-АЙГЫР АЙЫЛЫ

Ысык-Көлдүн батыш тарабында жайгашкан Тору-Айгыр өрөөнү тууралуу алгачкы маалыматтарды дүйнө илимпоздоруна кытай саякатчысы Сюань-Цзан, немец географы жана натуралисти А.Гумбольд, орус саякатчысы, географы, ботаниги жана статисти П.Семенов-Тяньшанский менен айтылуу окумуштуу, этнограф жана фольклорист Ч.Валиханов тааныштырган. Орто кылымдагы Тору-Айгыр айылындагы кыш чыгаруучу завод жөнүндө белгилүү орус тарыхчысы, чыгыш таануучу В.Бартольд, Н.Зеланд жана этнограф, чыгыш таануучу Н.Аристов эскергени белгилүү.

 

Советтик көрүнүктүү этнограф, тарых илимдеринин доктору, түрколог С.Абрамзондун эмгектеринде дагы Тору Айгыр айылы тууралуу эскерилет. Тору-Айгыр айылындагы байыркы тарыхий эстеликтерди айтылуу илимпоз археолог жана чыгыш таануучу А.Бернштам, тарыхчы, академик В. Плоских терең изилдегени дагы маалым.

Көл кылаасындагы бул айылдын тарыхы Ысык-Көл аймагынын тарыхы менен киндиктеш. Ысык-Көл өрөөнүндөгү урунттуу тарыхий окуялардын бири дагы Тору- Айгырды кыйгап өткөн эмес.

1855-жылдын январь айында Батыш Сибирь генерал-губернаторлугунун борбору Омск шаарында Ысык-Көлдүн бугу уруусунун аттуу-баштуу манаптарынын атынан жетекчи болуп дайындалган Качыбек Шералы уулу Куранды кармап,10 миң түтүн бугу уруусу орус букаралыгына өткөнү тууралуу ант берген. Натыйжада бугу уруусу менен падышалык Россиянын ортосунда өз ара мамиле түзүү жөнүндө алгачкы келишим түзүлгөн. Мына ошол тарыхий окуядан тартып падышалык Россия Көл айланасында аскердик, илимий географиялык, геологиялык, сейсмологиялык, этнографиялык, зоологиялык, ботаникалык экспедицияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Буга чейин Тору-Айгыр айылы тууралуу көптөгөн илимий археологиялык, этнографиялык, тарыхий изилдөөлөр жүргүзүлгөнү, көптөгөн керемет уламыштар айтылып келгени менен, мына ушул көп тармактардын баарын башын бириктирип изилдеген ар тараптуу эмгек жок эле. Тарых илимдеринин доктору, Кыргызстан илимине эмгек сиңирген ишмер Асан Ормушевдин бул тарыхий-даректүү документалдуу эмгеги мына ушул кенемтени толуктайт. Тарыхий эмгек археологиялык жана этнографиялык илимий булактарга таянып, адабий чыгармаларды, уламыштарды кучагына камтыйт. Эмгектин дагы бир баалуулугу – анын автору Тору-Айгыр айылынын кулуну, өмүр бою тарых илиминин артынан сая түшкөн инсан.

Автордун китеби мындан тышкары дүйнөгө белгилүү тарыхчылардын жана этнографтардын эмгектеринде камтылган кызыктуу тарыхый фактыларга бай, анда Көл өрөөнүндө алгачкы жер үлүштөрү кандай бөлүштүрүлгөнү, аймактагы алгачкы шайлоолор кандай уюштурулгандыгы, айылдагы алгачкы үйлөр кандай курулганы, алгачкы чарбалар кандай уюштурулгандыгы, алгачкы мектептердин ачылышы тууралуу кеп болот.

Тору-Айгыр байыркы тарыхы бар, республикабызга улуу инсандарды тарбиялап өстүргөн айылдардын бири. Айтылуу манасчы Сагымбай Орозбаков, чебер хирург, академик Иса Ахунбаев, кыргыз драматургиясынын көч башчысы Молдогазы Токобаев, ХХ кылымдын дүйнөгө таанымал опера ырчысы Болот Минжылкиев жана башка көптөгөн белгилүү залкар адамдарды тарбиялап, уядан учурган айыл. Белгилүү окумуштуунун жаңы китеби – туулган жерибизди, анын тарыхын, адамдарынын жашоо турмушун жана ишмердигин окуп үйрөнүүгө кошкон татыктуу салымы десек болот.

К.ЧЕКИРОВ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер