«COVID 19: БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМГЕ КАЙРАДАН САРЕСЕП» I ФОРУМУ ӨТӨТ

  • 22.06.2020
  • 0

Онлайн Университети платформасы 22-23-24-июнда саат 15.00дө «COVID 19: Билим берүү жана илимге кайрадан саресеп» I Форумун өткөрөт.

«COVID 19: БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМГЕ КАЙРАДАН САРЕСЕП» I ФОРУМУ ӨТӨТ

Форумда пандемия шартында билим берүүдөгү жаңы көрүнүштөр, онлайн окутуунун өзгөчөлүктөрү, глобалдык атаандаштыкта Кыргызстандагы билим берүүнүн жана илимдин сапатын жогорулатуу тууралуу маселелер ортого салынат.

Иш-чара үч отурумда өтөт. 22-июндагы «Мектеп: башкаруу жана окутуу ресурстары» аттуу I отурумда мектептеги билим берүүнүн сааптын жогорулатуу жана санариптештирүүнүн мааниси, билим берүү тармагын башкаруу өзгөчөлүктөрү, ошондой эле COVID 19 дан алынган сабактар тууралуу маселелер каралат.

«Жогорку окуу жайлар: өнүгүү багыттары, аккредитация жана онлайн окутуу маселелери» деген II отурумда учурдагы ЖОЖдордогу онлайн окутуу, аккредитация жана студенттердин билимин баалоо боюнча талкуулар болот.

Ал эми «Илимий изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге көтөрүү жолдору» деген III отурумда эл аралык илимий журналдарды баалоо жана алардын талабына ылайык илимий макала жазуу, студенттерди илимий иш жүргүзүүгө үйрөтүп багыт берүү, академиялык чынчылдык жана плагиат маселелери талкууга алынат.

Онлайн форматында өтө турган Форумда Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн билим берүү тармактарында иштеп жаткан мекендештерибиз баяндама жасашат.

Эске салсак, «Үйрөнүүнү үйрөн» урааны менен иш алып барган Онлайн Университети платформасы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына кесиптик өнүгүүгө багытталган бир катар вебинарлар сериясын, түрдүү илим тармагында олуттуу эмгек жараткан окумуштуулардын изилдөөсү жана табылгаларын тааныштырган маектерди уюштуруп, ошондой эле коомдук актуалдуу көйгөйлөр тууралуу ачык талкууларды өткөрүп келет.

ПРОГРАММА

1-ОТУРУМ

Күнү: 22.06.2020 Сааты: 15:00-17:00

Ачылыш сөз: Онлайн Университетинин негиздөөчүсү докт. PhD  Элира Турдубаева

Модератор: докт. PhD Бактыбек Исаков

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доц.милд.атк.

Тема: «Таажы тумоосуунан алынган сабактар»

Алмаз Токтомаметов

Кыргыз Билим Берүү Академиясынын президенти

 

Тема: «Мектептерди санариптештирүүнүн мааниси  жана жолдору»

Алмазбек Бейшеналиев

Педагогика илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор.

Борбордук Азия Регионалдык Институтунун Торагасы

 

Тема: «Глобалдык атаандаштык үчүн мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу»

Бактыбек Абдуллаев – билим берүү боюнча эксперт

 

Тема: «Мектепте компетентүүлүккө негизделген окутуу – замандын талабы»

Жамал Папиева

Борбордук Азия Университети

Билим Берүүнү Өнүктүрүү программасынын координатору

 

Тема: “Мектеп жетекчиси менеджер болушу керек”

Назира Нуркалиева

Чүй облусу, Панфилов району

Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин директору

Тема: «Мектептерде онлайн окутуудагы айрым маселелер»

Айзада Ишенбекова

Ысык көл облусу, Ак суу районундагы М.Мамакеев мектеп гимназиясынын англис тил мугалими, илимий усулдук иштер боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы

Тема: «Сабак өтүүдө жаңы ыкма: подкаст даярдоо»

Гүлбарчын Мамытбекова

Нарын облусу, Акталаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, журналист

 

СУРОО-ЖООП/ТАЛКУУ

 

https://zoom.us/j/94946915448?pwd=dThvekhWWlQ5azdnQ2tVRTQ4R1JJdz09

 

Конференциянын  идентификатору: 949 4691 5448

Паролу: 579026

 

2-ОТУРУМ

«Жогорку окуу жайлар: өнүгүү багыттары, аккредитация жана онлайн окутуу маселелери»

 

Күнү: 23.06.2020 Сааты: 15:00

Ачылыш сөз: Онлайн Университетинин негиздөөчүсү докт. PhD  Элира Турдубаева

Модератор: фил.илимд.канд. Гүлзада Станалиева

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ага окутуучусу

 

Тема: «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү системасынын COVID 19га реакциясы»   

Нурлан Оморов

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары.

 

Сантьяго де Компостела университети (Испания) Докторантура (Ph.D программа) 2008 — 2012.

Тема: «Кыргызстандагы педагогикалык программалардын көз каранды эмес аккредитациясы боюнча окутуучулардын көз карашы»

Чынаркүл Рыскулова

Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти,

“Жалпы билим берүү программалары” багытынын жетекчилеринин бири,

2019-жылы Кент Стейт университетинде (АКШ) “Жогорку билим берүүнү башкаруу” адистиги боюнча “Кыргызстанда педагогикалык программалардын көз каранды эмес аккредитациясы боюнча окутуучулардын көз карашы” деген темада докторлук диссертациясын жактап, PhD даражасын алган.

Тема: «Студенттин билимин өлчөө жана баалоо»

Кадиан Бообекова

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин педагогика кафедрасынын ага окут. Пеадгогика илимдеринин доктору PhD.

 

Тема: «Кыргызстандагы гибриддик окутуу практикасы»

Рита Исмаилова

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борборунда жетекчинин орун басары жана компьютердик инженерия бөлүмүнүн доценти, доктор (PhD).

Э-окутуу (онлайн билим берүү) багытта жарыяланган 14 макаланын, SCI, SSCI, AHCI индекстерге кирген журналдарда 9 макаланын, Scopus, WoS ESCI ж.б. индекстерге кирген эл аралык журналдарда 16 макаланын автору.

 

СУРОО-ЖООП/ТАЛКУУ

Подключиться к конференции Zoom

https://zoom.us/j/95635831836?pwd=OVBCSWRHb0JlM1RlVXBwVmVIVk1qZz09

Конференциянын идентификатору: 956 3583 1836

Пароль: 715576

 

3-ОТУРУМ

«Илимий изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге көтөрүү жолдору»

Күнү: 24.06.2020 Сааты: 15:00

Ачылыш сөз: Онлайн Университетинин негиздөөчүсү докт. PhD Элира Турдубаева

Модератор: фил.илимд.канд. Мукарам Токтогулова

Борбордук Азиядагы Америка университетинин Антропология программасынын доценти

 

Тема: «Академиялык чынчылдык жана илимий иштердеги плагиат меселеси»  

Махабат Садырбек

Антропология илимдеринин доктору PhD . Макс Планк Институтунун  изилдөөчүсү.

 

Тема: «Студенттердин илимий иштерин уюштуруу»

Мукарам Токтогулова 

Борбордук Азиядагы Америка университетинин Антропология программасынын доценти

 

Тема: «Дүйнөдөгү илимий журналдарды баалоо»

Максатбек Ынакбеков

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Китепкана жана иш кагазар башкармалыгынын башчысы.

 

Тема: Эл аралык журналдарга илимий макалаларды жазуу

Аксана Исмаилбекова

Лейбниц Чыгыш таануу борборунун илимий изилдөөчүсү,

Берлиндеги Мартин Лютер университетинин окутуучусу.

Антропология илимдеринин доктору PhD (2012-ж Макс Планк Институту).

 

СУРОО-ЖООП/ТАЛКУУ

https://zoom.us/j/94803646250?pwd=Wk1TWXhCa2J4T2wxbTB1d2lTa3R6dz09

Конференциянын идентификатору: 948 0364 6250

Пароль: 502645

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Бөлүшүү

Комментарийлер