COURSERA ОНЛАЙН БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУ КЫРГЫЗСТАНДА!

  • 25.11.2022
  • 0

Жакында Бишкекте, «Авангард» бизнес борборунда, Борбор Азия университетинин демилгеси менен чет тилдерин окутуу, техникалык жана медициналык билим берүү багытында натыйжалуу иштеп жаткан алдыңкы ЖОЖдордун өкүлдөрү катышкан маанилүү жыйын болуп өттү. Жыйында алматалык конок, COURSERA долбоорунун Орто Азия боюнча бизнести өнүктүрүү директору Эдуард Кан бүткүл дүйнөгө таанымал онлайн окутуу платформасы менен кенен тааныштырып, ЖОЖ өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

COURSERA ОНЛАЙН БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУ КЫРГЫЗСТАНДА!

COURSERA же бизче айтканда, КУРСЕРА тууралуу эмне белгилүү?

Интернетке кирсеңиз «Чексиз үйрөн!» деген чакырыктын астында «Эгерде сиздин бай ата-энеңиз жок болсо, же сиз кедей мамлекеттен болсоңуз, анда Курсера курстарынан билим алып, дүйнөлүк деңгээлдеги университеттердин жана компаниялардын заманбап курстары, профессионалдык сертификаттары жана дипломдук программалары менен карьераңызды баштаңыз, өзгөртүңүз же өркүндөтүңүз» деп жазылып турат.

Ооба, бул Курсера онлайн билим берүү платформасынын көпчүлүккө белгилүү девизи!

COURSERA ОНЛАЙН БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУ КЫРГЫЗСТАНДА!

Coursera — бул Стэнфорд университетинин  массалык онлайн билим берүү долбоору.

— Бул онлайн билим берүү платформасы мындан он жылдай мурун, тагыраак айтканда, 2013-жылы Стэнфорд университетинин информатика профессорлору Эндрю Ынг жана Дафне Коллер тарабынан негизделген. Алар алгач жасалма интеллект жана машиналык окутуу боюнча онлайн курсту иштеп чыккан. Бул курс башында Стэнфорд университетинде абдан популярдуу болуп, бара-бара бүтүндөй америкалык окуу жайларга таркаган. Муну көрүп, алар бул платформага башка курстарды кошууну чечет. Азыр  Курсерада 9 миңге жакын курс бар. Гугл, Майкрософт, IBM компаниялары да курстарды иштеп сунушташат, — дейт Эдуард Кан.

Атайын өкүлдүн маалыматына таянсак, долбоор системада билимдин ар кандай тармактары боюнча курстарды иштеп чыгарган жана жүргүзгөн университеттер менен кызматташат.

—  Студенттер курстардан өтүшөт, курсташтары менен баарлашат, тесттерди жана экзамендерди түздөн-түз Coursera веб-сайтында тапшырышат, ошондой эле iPhone жана Android үчүн расмий мобилдик тиркеме да таратылат. 2017-жылдын февраль айына карата Курсерада 87 миллион колдонуучу катталып жана мында дүйнөнүн эң алдыңкы 149 окуу жайы сунуштаган 4300дөн ашык курстар жана 430 адистиктер бар болчу. Азыр курстардын саны эки эсеге көбөйдү, — деп айтат алматалык конок.

COURSERA ОНЛАЙН БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУ КЫРГЫЗСТАНДА!

Кеп нугун андан ары улантсак, 2021-жылдын март айында Coursera Нью-Йорк фондулук биржасында 15,7 миллион акцияны бир акция үчүн 33 доллардан саткан алгачкы ачык сунушту өткөрүп,  компания 517 миллион доллар чогултуп, анын рыноктук наркын болжол менен 4,3 миллиард доллар деп баалаптыр.

Бул албетте, аз гана убакытта жетишилген чоң прогресс!

— Учурда компаниянын башкы кеңсеси  Калифорнияда жайгашкан. Курсерада миңге чукул адам иштейт. Офистери бардык өлкөлөрдө бар. Кыргызстанда эле 50 миң, Өзбекстанда 140 миң, Казакстанда 400 миң  окуучубуз бар. Алар курска жеке тарап катары катталышкан. Курстар 6 багытта: инженердик иш, маалымат илими, бизнес жана ишкердик,  медицина, социалдык илимдер, искусство жана гуманитардык илимдер багытында жүргүзүлөт. Курстардын басымдуу бөлүгү инженердик ишке, маалымат илимине, бизнес жана ишкердикке таандык, — деп кошумчалады Эдуард Кан. ЖОЖдордун окутуучуларына кооптонууга негиз барбы?

Жыйындын катышуучулары онлайн билим берүү долбоорунун ЖОЖдор менен кызматташуусуна кызыгышты.

— Билим берүүнү трансформациялоо кынтыксыз жүрүп жатат. Студенттер бүгүн көп жаңы билимдерди окуп-үйрөнгүсү келет. ЖОЖдор да өзгөрүүгө муктаж. Биз биринчиден, техникалык багыттагы, экинчиден,   чет тил багытындагы, анан дегеле өзгөрүүгө каалоосу бар ЖОЖдор менен иштешүүгө даярбыз.  Азыр ЖОЖдордо да кызыгуу зор. Казакстанда Эл аралык маалыматтык технологиялар университети, Казак-Британ техникалык университети, К.И. Сатпаев атындагы казак техникалык университети ушул платформага кошулган, — деп жооп берди Курсеранын Орто Азия боюнча бизнести өнүктүрүү  директору.

Жыйында «ЖОЖдордо окутуучулар айлыкты өтүлгөн сааттары үчүн алат, ошондуктан алар сааттарын жоготуп койгондон коркушат, бул онлайн платформага кошулуу менен окутуучулар өз жумуш ордунан айрылбайбы?» деген кооптонуулар да болбой койбоду.

— Окутууга жаңы технологияларды, жаңы курстарды кошуп туруу керек. Ансыз өнүгүү болбойт. Бир жагынан Курсера программасынын артыкчылыктарын билип алышыбыз зарыл. Биринчиден, ал тематикасынын көп түрдүүлүгү жана мазмуну боюнча өтө бай программа, экинчиден, окутуучуга мурдагыдай, сөзсүз эле лекция окуунун зарылчылыгы жок, үчүнчүдөн,  мурда ал 50 студент менен иштеп келсе, Курсераны колдонуу аркылуу 100 студентке опоңой билим бере алат. Бирок мында бир нерсени эске алуу зарыл. Университет кредитти аткарууда Курсера курсуна канча пайыз берилерин өзү аныктайт. Мисалы, Казакстанда Курсера аркылуу 20% кредитти аткарууга болот, — деди Эдуард Кан.

Дагы бир эске алчу жагдай, окутуучу өзүнүн окуу программасында кайсыл темаларды өтүүдө Курсерага кайрыларын күн мурунтан көрсөтүшү зарыл. Айрым адистиктер боюнча ЖОЖдордо компетенттүү окутуучулар жетишпейт дейли, мында кандай кылууга болот?

— Калкынын саны 50 миңге жетпеген Нарын шаарында санариптик маркетинг боюнча мыкты адис табуу мүмкүн эмес. Анан албетте, Курсерага кайрылууга туура келет. Бул көйгөйдү чечүүнүн эң оңой жолу. Программанын алкагында да окутуучуларга өнүгүү мүмкүнчүлүгү берилген. Мисалы, маалымат илиминен берген окутуучу, инженердик иш курсунан сабак бергиси келсе, алгач өзү ошол курсту онлайн окушу керек,  — деди онлайн долбоордун өкүлү. Онлайн курска кантип катталса болот?

Бул онлайн билим берүү платформасына катталуу акы төлөө аркылуу жүргүзүлөт. Эгерде үйдөн чыкпай билим алам десеңиз, 400 доллар төлөп, мында катталган бардык курстардан билим алуу мүмкүн. Ал эми ЖОЖдор болсо, Курсерадагы бир орунду 260 долларга сатып алса болот экен. Эдуард Кан ЖОЖдон катталуучулардын саны көп болсо, көрсөтүлгөн сумманы азайтууга болорун эскертти.

— Казакстанда бир менчик мектептин окуучулары менен натыйжалуу иштеп жатабыз. Бул мектеп абдан уникалдуу. Мугалимдер айыл аралап билимге шыктуу улан-кыздарды окууга тандап алышкан. 10-11-класстарда окуган окуучулардын кээ бирлери азыркы тапта англис тили, психология, тарых, компьютердик коопсуздук жаатында дүйнөгө белгилүү окуу жайлардын беш-алты сертификатына аз гана убакытта ээ болушканын айта кетейин, — деди Эдуард.

COURSERA ОНЛАЙН БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУ КЫРГЫЗСТАНДА!

Курсерадан билим алгандар эмне дейт?

«Программалоонун негиздерин үйрөнүү үчүн Курсераны тандадым. Бул мектеп Google, IBM өңдүү IT гиганттары жана эл аралык университеттер менен кызматташып жатканы үчүн мени кызыктырды. Чынын айтсам, мага окуу кыйын болду»…

«Курсерага чейин мен ар кандай курстарда окугам, бирок бул мектеп баарынан мыкты! Бул жерде гана Стэнфорд, Иллинойс, Мичиган, Лондон университеттеринин окутуучулары, Google, Ай-Би-Эм компанияларынын IT адистеринин лекцияларына жана вебинарларга катышуу мүмкүнчүлүгүң бар. Курсера жаңы багыттарды өнүктүрүүнү жана өздөштүрүүнү каалагандар үчүн идеалдуу аянтча деп ойлойм». ..

«Окуганыма эки ай болду, мен бул жакта окууну чечкениме эч өкүнбөйм. Жакшы айлык акы төлөнүүчү, суроо-талапка ээ адистикти арзан баада өздөштүрүүгө сонун мүмкүнчүлүк!»…

«Тереңирээк изилдөө үчүн англис тилин жакшы билишиңиз керек. Батыштын окутуучуларынын жана эксперттеринин көптөгөн лекциялары бар. Алар материалды көрсөтүүнүн өз ыкмасына ээ. Адегенде нюанстарды түшүнүү үчүн тилди үйрөнүү керек»…

P.S. COURSERA онлайн билим берүү долбоорунун Орто Азиядагы өкүлү Нарынга барып, Борбор Азия университетинин Нарындагы кампусунун студенттер жана окуучулар жамааты менен жолугуп келди.

Кийинки кадамдар тууралуу сөзсүз айтып беребиз.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер