ЧЫНАРА БАТРАКЕЕВА: 21 ЖЫЛДАН БЕРИ ББОУБ БИР ДАГЫ КОРРУПЦИЯЛЫК ИШТЕРГЕ БАРГАН ЖОК

  • 22.03.2023
  • 0

Чүй облусундагы көчмө көчмө коллегияда  ББОУБнун директору Чынара Батракеева баяндама жасап, ББОУБ мекемеси  ЖРТны 21-жолу өткөрүп жатканын, анын негизги максаты бардык окуучуларга бирдей шарт түзүү экенин билдирди.

ЧЫНАРА БАТРАКЕЕВА: 21 ЖЫЛДАН БЕРИ ББОУБ БИР ДАГЫ КОРРУПЦИЯЛЫК ИШТЕРГЕ БАРГАН ЖОК

Андан сырткары окуучуларды ЖРТга даярдоо үчүн ББОУБнун электрондук сайты, ютуб каналы иштеп жатканын, бардык маалыматтарды ошол жактан бекер алса болоорун айтты. Ошондой эле 21 жыл ичинде жүргүзгөн иштери, жетишкендиктери, өзгөрүүлөрү тууралуу маалымат берди.

  • Арадан 21 жыл өтсө дагы биздин мекеме эч кандай коррупциялык иштер менен алектенген жок. ЖРТны таза, так жана адилеттүү өткөрүп келе жатабыз. Атайын иштеп чыккан диограмма боюнча карасак ЖОЖдорго бюджеттик орундарга өткөн окуучулардын дээрлик 48% алыскы айылдардан келген окуучулар экен. Бул албетте тесттин таза өткөндүгүнөн кабар берет. Мурунку жылдарга салыштырмалуу окуучулардын босого баллдан көп алгандар жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Бирок босого упай 110 балл, бул тесттеги суроолордун 45% гана экенин унутпашыбыз керек. Жалпак тил менен айтканда 110 балл бул мектептеги үч деген баага барабар. Тилекке каршы ошол үч деген баага же босого упайга жетпей калган окуучулардын жалпы саны 40,45% болуп жатканы өкүнүчтүү. -дейт.

коллегиянын жыйынтыгында  Чүй облусунун ЖРТда эң төмөнкү натыйжаларды көрсөткөн мектептерин жогорку окуу жайларына бекитип берүү жана тренингдерди уюштуруу токтому кабыл алынды. Ага ылайык:

— химия предмети боюнча И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

— физика, математика предметтери боюнча И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

— тарых предмети боюнча Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;

— кыргыз тили, орус тили жана чет тили предметтери боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети аталган мектептерге методикалык колдоо көрсөтөт.

ЧЫНАРА БАТРАКЕЕВА: 21 ЖЫЛДАН БЕРИ ББОУБ БИР ДАГЫ КОРРУПЦИЯЛЫК ИШТЕРГЕ БАРГАН ЖОК

Бөлүшүү

Комментарийлер