ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

  • 01.06.2020
  • 0

2020-жылдын 18-февралындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.А.Исаковдун мектептен тышкары билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуусунун натыйжасында Талас райондук балдарга билим берүү борборунун расмий веб-сайты 10-апрелден тарта ишке киришти. Сайт Борбордун окуучуларына, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине гана эмес, билим берүүгө жана окутуунун инновациялык формаларын жайылтууга кызыккан адамдардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

Борбордун директору Кенжегүл Сырмамбет кызынын берген маалыматына таянсак, сайтты түзүүнүн негизги максаты — Билим берүү жана илим министрлигинин окуучуларга, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине карата жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштерин, жарыяланган жаңылыктарын, аралыктан билим берүүнү өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерин өз убагында чагылдыруу; өлкөнүн бардык ачык билим берүү ресурстарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн колдоо; маалымат технологиялары менен сабак берүү жана санариптик окутууну өздөштүрүү; Борбордун мугалимдеринин маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу; мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелери менен тажрыйба алмашуу.

— Кыргызстан — өнөрлүү балдардын өлкөсү! Андыктан өнөрлүү балдарыбыздын өз алдынча билим алуусун камсыздоо үчүн түзүлгөн сайт өз жемишин берет деген ойдобуз! Биздин http://tredu.net.kg веб-сайтка кош келиңиздер! Эгер сайттан кемчиликтерди көрсөңүз же сунуш пикирлериңиз болсо, сураныч, [email protected] электрондук дарекке жазышса болот. Бардык кемчиликтерди изденүү менен жакынкы аралыкта оңдоого аракет кылабыз, — дейт К.Сырмамбет кызы.

Борбордун тарыхы

ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

Талас райондук балдарга билим берүү борбору мектептен тышкаркы билим берүү мекемеси катары 2001-жылдан тартып иштеп баштаган. Борбордун уюштуруучусу Билим берүү жана илим министрлиги жана борбор автономдуу окутуу-тарбиялоо комплекси катарында министрликтин буйругуна ылайык түзүлгөн.

— Талас райондук балдарга билим берүү борбору коммерциялык уюм эмес. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан Уставы, атайын үлгүдөгү тегерек мөөрү, бурч мөөрү, банкта өзүнө тиешелүү эсеп-кысап счёту бар жана өзүнүн каржылоо-материалдык иш-аракеттерин камсыздоо максатында билим берүү кызматын жүргүзөт. Борбордун менчигинин түрү – мамлекеттик болуп саналат. Борбордо жалпысынан 20 педагогикалык жана 6 техникалык тейлөөчү кызматкерлер бар. Алардын ичнен 8 эл агартуунун отличниги, 1 аспирант жана 1 магистр эмгектенишет, — дейт директор.

Талас райондук балдарга билим берүү борборунда окутуу 3-4 курактык тайпалар менен ишке ашып, окуу программалар 1-3 окуу жылына карата түзүлгөн. Окутуунун 1-жылындагы 1 тайпасы 10-15 окуучу, 2-3-окуу жылында 1 тайпасы 12-15ке чейин, ал эми даярдоо тайпасы 22-24 окуучуну түзөт. Аталган борбордо жалпысынан 20 ийрим иш алып барышат.

Мектептен тышкаркы билим берүүдөгү максат

ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

Балдарга билим берүү борборунун негизги максаты – балдардын жана өспүрүмдөрдүн дайыма өзгөрүп турган жеке социалдык-маданий жана билим муктаждыктарын канаттандыруу, алардын бош убактыларын жана дем алуусун уюштуруу, инсандардын моралдык жана дене сактыгын, интеллектуалдык өнүгүүсүн чыңдоо, инсандын таанып-билүүгө жана чыгармачылыкка болгон умтулуусун өнүктүрүү, окуп жаткан өспүрүмдөрдүн коомдо жашоого болгон кызыгуусун арттыруу, тарбиялануучуларды өлкөнүн, ошондой эле дүйнөдөгү башка өлкөдөгү элдердин маданиятына тартуунун негизинде коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгында тарбиялап, кошумча билим берүү болуп саналат.

— Кыргызстандагы мектептердин абалы, андагы билим алып жаткан өлкөбүздүн келечеги болгон окуучулардын тарбиясы — азыркы күндөгү актуалдуу маселелерден. Калктын калың катмары балдарын мамлекеттик мектептерде окутуу менен чектелүүдө. Тилекке каршы, көп мектептерде окуучулардын санынын көптүгүнөн балдардын окуу күнү эки сменге, ал тургай кээ бир мектептерде үч сменде окуп жатканы белгилүү. Ошол себептен, мектеп окуучулары сабактан сырткары ийримдердин көбүн мектептен тышкары алууга, тактап айтканда, Талас райондук балдарга билим берүү борбору сыяктуу мекемеден кошумча билим, эстетикалык тарбия алууга аргасыз болушат. Мына ошондуктан Талас райондук балдарга билим берүү борбору ар бир ийримге педагогикалык кылдат мамиле жасап келет, — дейт жетекчи.

Ийримдер

ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

Аалам терезеси” информатика ийрими – алгоритм түзүүдөн баштап социалдык информатикага чейин базалык билимдерге ээ болот. Себеби, информатика коомдогу информация жана информациялык процесстер менен иштөөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн окутуп үйрөтө турган фундаменталдуу илимий билим болуп эсептелип, ал – “аалам терезеси” деген атка конду.

Рухий дүйнөсү жаңыдан калыптанып келе жаткан жаш муундарга эстетикалык тарбия берүүдө «музыка», тагыраак айтканда «фольклордук музыка», өспүрүмдөрдүн ички дүйнөсүнүн ажайып кооз болушуна, туура багытта өсүүсүн тарбиялоодо чоң ролду ойнойт, ал эми комуз күүлөрү жана элдик ырлар чоң мааниге ээ.

Муундан муунга өтүп келе жаткан, ата-бабаларыбыздан баа жеткис мурас болуп бизге калган салттык музыканы, эпосторду жана тарыхыбызды пропагандалоо максатында, борбордо кыргыз эл музыкалык аспабы комузда үйрөтүүчү «Ак Бакай» комуз ийрими билим берүү жана тарбиялык ишин улантып келет.

Жаш өспүрүмдөргө татыктуу тарбия берүү бүгүнкү күндүн талабы. Мектепке чейин курак-баланын физикалык, психологиялык жана социалдык калыптануусунун мезгили экени «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү» мыйзамда аныкталган.

«Балапан» балдарды мектепке даярдоо ийрими да заман талабына ылайык, билим берүү жана тарбиялык ишин ийгиликтүү улантып жатат.

Шахмат оюну дүйнө элдеринин сүймөнчүктүү оюнунун катарында. Өзгөчө бул оюн акыл калчап жүрүш кылганга, ой жүгүртүүнү өстүрүүгө өбөлгө болот. Балдардын логикалык ой чабытын өстүрүүдө борбордо «Гарде» шахмат ийрими өз досторун чакырат.

Бүгүнкү күндө бий ийримдери боюнча мектептер көп. Алардын ар биринде, хореография, балет боюнча сабактар өтүлүп, ар түрдүү улуттун бийлери үйрөтүлөт. Мындан сырткары бий кыздардын жана балдардын дене боюнун туура өсүүсүнө жардам берип, активдүү жашоо образын алып жүрүүгө жол ачат. Мына ошондуктан «Даткайым» бий ийрими да чыгармачылык менен иш алып барып келатат.

Өспүрүмдөрдү инновациялык изденүүлөргө, келечектеги мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо, жаш техниктердин чыгармачылыгын, ойлоп табууларын, жөндөмүн колдоо жана өбөлгө түзүү максатында, аталган борбордо «Жаш техник» илимий-техникалык ийрими жемиштүү иштеп келет.

«Музыка инсандын рухий өсүшүндөгү лирикалык поэзиядан кийинки этап болуп эсептелет. Анын адамдын ойломуна, адеп-ахлагына, эмоционалдык жана эстетикалык тарбия берүүчү таасири бар. Музыка – сезимдин тили. Адамдын жан дүйнөсүндөгү сөз жете албаган эӊ тереӊ, эӊ назик жерине музыка жетет. Ошондуктан тарбия музыкасыз болсо, кемчил болуп калат» — деп ырастайт педагогика илими. Бул багытта, «Жаш торгой» вокал ийрими балдардын эмоциясындагы эркиндикти ойготуп келет.

Экология демекчи, айлана-чөйрөнү коргоо, дегеле экология маселеси биздин коомчулук үчүн гана эмес, азыркы учурда бүтүндөй адамзат алдындагы олуттуу маселе болуп турат. Мындан улам, «Жаш эколог» экобиологиялык ийрими да, табият кубулуштарына болгон сүйүүнү балдарга үйрөтөт.

— Ар бир элдин өзүнүн кулк-мүнөзү, улуттук намысы болот эмеспи. Кылым кезген кыргыз эли абалтан ар-намысты аздектеп, уул-кызына өткөрүп жүрүп отурган. Ар-намысты ата-бабалар урпактарына макал-лакаптар, санжыра-дастандар, ыр-күүлөр менен белек кылып калтырган. Ал эми өнөр дүйнөсү ыйык сезимдерден куралат. Ошол ыйык сезимдерди сөз менен айтып, кыймыл-аракеттер менен жеткирүүдө улуттук намыс пайдаланылат. Улуттук намыс – улуттук тилибизде, дилибизде жана «Манас» эпосунда жатат. Тили, дили жоголгон улуттун намысы кошо жоголот. Мына ушул жагдайларды эске алып, борбордо «Жомок» театралдык ийрими ачылып, алгылыктуу иш алып барып келүүдө.

Жер шарында 300 миллиондон ашык адам орус тилинде сүйлөйт. Улуу Пушкиндин жана кайталангыс үндүү Шаляпиндин тили дүйнө элдеринин өз ара баарлашуусунун негизги каражаттарынын бири болуп эсептелет. Союз тарагандан кийин пайда болгон жаңы мамлекеттерде орус тили өзүнүн мурдагы ордун жоготкон жок. Мурдагы бир тууган республикалардын көпчүлүгүндө ал мамлекеттик же расмий тил болуп эсептелип, мыйзамдар менен катар башка документтер да орус тилинде чыгат. Айрым өлкөлөрдүн тургундарынын басымдуу бөлүгү үчүн ал баарлашуудагы экинчи тил болуп эсептелет жана эл аралык сүйлөшүүдө расмий тил катары колдонулат. Ал эми Кыргызстанда дагы орус тили – расмий тил болуп саналат. Бул багытта, «Занимательная грамматика» орус тили ийрими окуучуларды расмий тилде сабаттуу жазып, маданиятуу сүйлөөгө үйрөтүп келет, — дейт К.Сырмамбет кызы.

Кыргыздар эзелтен: «Бирөөгө ор казба, ошол орго өзүң түшөсүң» деп уул-кызын оң жолго салган. Жамандык жасагандан жаа бою качкан, адал иштеп, ак эмгек менен күн көргөн адамга бакыт өзү жолугат. Жашоодо жаңылбай кадам таштап, кетирген жаңылыштыктарын кайталабаганга аракет жасаган адам – жеңишке жетет. Чындыкты чыркыратып тебелеген, калыстыгынан тайып кашайган адам – эл катарынан чыгат. Биздин эл – отурукташкан башка улуттардан айырмаланып, көчмөн духту көкүрөгүнө сиңиргендиги үчүн көр дүйнө эмес, көркөм дүйнөгө зор маани берген. Таң агарып аткыча чогулуп алып, акындын ырына кулак төшөгөн. Жомок сөздөн турмуштук тажрыйба алып, жан дүйнөсүн байыткан. «Сөзүң өлгүчө, өзүң өл» деген макалды улам кайталап, эр жүрөк, эмгекчил, чыдамкай жана калыс кылып, айланасындагыларды тескеп турган. Ушундай ата-бабадан калган жакшы тарбияны, кеп маданиятын улай аталган борбордо «Көркөм окуу» сахналык кеп ийрими алгылыктуу иш алып барып келет.

Жаңы ийрим

2019-2020-окуу жылында Талас райондук балдарга билим берүү борборунда Кыргызпатенттин демилгеси жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин техникалык колдоосу менен «Робототехника» ийрими ачылды. Ийримди ачуунун максаты – балдардын техникалык-чыгармачылык кызыгуусун арттыруу жана алардын өнөрүнө дем, шык берүү болуп саналат.

— Улуттун улут экендигин билгизип, тааныткан да, башка улуттардан айрымалап, өзгөчөлүгүн көрсөткөн да анын тили, каада-салты, маданияты болуп саналат. Кыргыздардын үрп-адаттары менен каада-салттары мазмуну боюнча бай жана татаал этномаданий комплекс болуп саналат. Кыргыздын улуттук каада-салты — турмуштук ар кандай кырдаалдарда колдонулуп, кылымдар бою калыптанган, атадан балага, укумдан тукумга берилип келе жаткан элибиздин өзүнө гана таандык болгон асылдык сапаттары, руханий дөөлөтү. Кыргыз элинин турмуштук каада-салттары миңдеген жылдарды ичине камтып, байыркы ата-бабалардын рухий дөөлөттөрү улам кийинки муундарга берилип, коомдук-тарыхый мезгилдерге байланыштуу айрымдары унутулуп, айрымдары алымча-кошумчалары менен такталып, толукталып ушул күнгө чейин келип жетти. Элдин аң-сезиминин өсүшү менен улуттун каадасы байып, жаңыланып, жаңы түр алыш үчүн, борбордо «Кылым көпүрө» этномаданият ийрими иштеп келет, — дейт директор.

Адамдардын басканы, турганы, отурганы, керилгени дегеле күнүмдүк кыймылынын баары бий өнөрүнүн пайдубалын түзөт. Бий тарыхы адамзаттын жаралуусу менен мезгилдеш десек жаңылышпайбыз. Кыргыздын улуттук бийлери да тарых менен байланыштуу. Алсак, кыргыздын улуттук бийлеринде кыз куумай, ат чабыш, кийиз жасоо, шакек таштамай өндүү түрдүү оюн-зоок жана салттардын элементтери бар. Ушундай бий дүйнөсүнө борбордун «Санжыра бийле» бий ийрими кенже жана өспүрүм курактагыларды саякатка чакырат.

Шахмат — эки оюнчу арасында ойнолгон логикалык оюн жана спорт түрү. Өзгөчө бул оюн акыл калчап жүрүш кылганга, ой жүгүртүүнү өстүрүүгө өбөлгө болот «Ферзь» шахмат ийрими балдар жана өспүрүмдөрдүн зээндүүлүгү үчүн талбай эмгектенип келет.

Көз менен көрүп, кабылдаган жана көзгө көрүнгөн дүйнөнү тегиздик менен мейкиндикте сүрөттөөгө көндүрүп, живопись, графика, ошондой эле скульпторлук тууралуу окуучуларга маалымат берип, аларды көркөм сүрөт искусствого үндөгөн, шык-жөндөмдөрүн ойготууга түрткү болгон «Чебер колдор» көркөм өнөр ийрими борбордо алгылыктуу иш алып барып келет.

«Билим алуу кымбат, бирок билимсиз калуу андан да кымбат»- деп белгилүү философ Сократ айткан экен. Бизге белгилүү болгон илимдердин бири математика жөнүндө сөз кылсак, математика илими инсандардын жашоосунда эң чоң роль ойнойт. Ал кээ бир адамдар үчүн оор сезилет, кээ бирөөлөрү үчүн жашоосунда ар күнү колдонулуп келе жаткан мисалы, мүнөт, саат, күн, ай, жыл же сатып алуу, сатуу, биз колдонуп жаткан технологиялар, бардыгында математика бар. Математикасыз эч кандай техника жок. Бизди курчап турган айлана-чөйрөнүн бардыгында математика илими камтылган, атүгүл өзүбүздө да математика илими бар. Ошондуктан балдар математика илимин үйрөнүүсү зарыл деп эсептеп, «Эрудит» математика ийрими да өз ишин ийгиликтүү улантып келет.

Англис тили – ааламдын көпүрөсү болуп, заман талабына ылайык, англис тили эӊ керектүү тилдерге айланды. Азыркы тапта англис тилсиз жакшы жумуштарга орношуу кыйын болуу менен бирге, жаштар көп жаӊылыктарды ушул тил аркылуу алууга аргасыз болууда. Ошондуктан көпчүлүк жаштар биринчи планга англис тилин үйрөнүүнү коюшат. Мына ушул заман талабын эске алып, «English Time» англис тили ийрими окуучулар менен тынымсыз иш алып барууда.

Билим берүү жаатындагы кызматташтыктын ийгиликтери

— Билим берүүдөгү максаттарга жетүү үчүн Талас райондук балдарга билим берүү борбору Билим берүү жана илим министрлиги, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору, «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы менен тыгыз байланышта чыгармачылык, усулдук багытта иш алып барып келет. Балдарды ымыркай кезинен баштап көркөм эстетикалык дүйнө курчап келет. Алардын жардамы менен адам өзүнө дүйнөнү ачып, муундан-муунга өтүп чогулуп келген тажрыйбага жетишет. Ар бир элдин эзелтеден келе жаткан өзүнүн көркөм ой жүгүртүүсү, жашоо философиясы, этникалык жана эстетикалык тарбиясы, ыр-обону, кыймыл-бийи бар, аларда коомдук үрп-адат, турмуш, адеп жана каада-салт, техникалык жана көркөм жетишкендиктер чагылдырылып калган. Кыргыз элинин жана Кыргызстанда жашаган башка улуттардын улуттук баалуулуктарын, маданиятын, тарыхын, турмушун өздөштүрүү, балдарды мамлекеттин көп улуттуу маданиятын сыйлоого тарбиялоо, балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык жөндөмүн калыптандыруу багытында жогоруда аталган мекемелер уюштурган кароо-сынактарга, фестивалдарга, көргөзмөлөргө жана билим берүү кызматкерлери үчүн өткөргөн семинарларга байма-бай катышып, өзүбүздүн тажрыйбабыздын казынасын топтоп келебиз. Белгилей кетсек, борбордун окуучулары бир нече республикалык жана эл аралык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары. Мындан тышкары Талас райондук балдарга билим берүү борбору ЮНЕСКО клубунун мүчөсү экендигин сыймыктануу менен айткыбыз келет, — дейт жетекчи.

ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛАГАН БОРБОР

Жыйынтыктаганда, Талас райондук балдарга билим берүү борбору балдарга татыктуу билим, эстетикалык тарбия берүүгө изденүү менен аракет кылып, педагогикалык чөйрөсүн кеӊейтип келатат. Жогоруда саналып өткөн ийримдердин баарысы, Талас аймагына абдан керек болуп саналат. Андыктан балдарга татыктуу тарбия, билим берүү — ата-эненин жана мамлекеттин алдындагы эң биринчи милдет. Бекеринен: «Кыргызстан – өнөрлүү балдардын өлкөсү» деп айтылбаса керек. Соӊунда, бала эртеден-кечке тарбия бере турган мугалимдин карамагында болуп, өзү сыяктуу курдаштарынын чөйрөсүндө болсо деген тилекти айткыбыз келет.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер