ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ СОГУШ ЖЫЛДАРЫНДА МУГАЛИМ БОЛУП ИШТЕГЕН
- 18.11.2022
- 0
Атактуу кыргыз жазуучусунун өзүнүн өмүр таржымалы жана чыгармачылыгы жөнүндө “Өмүрдүн өр жолундагы маек” деген аталыштагы 1988-жылы “Ленинчил жаш” газетасына басылган баарлашуусун жарыялайбыз.
(Уландысы, башталышы өткөн санда)
Согуштун аяктаганына жыйырма жыл болуп калган. Жарыктык киши көзү өткөнчө уулун күттү.
– Ошол Жийде айылында турганыңыздарда сиздердин уурдалган уюңуздар өзүңүздүн “Бетме-бет” повестиңиздеги кульминациялык эпизодду эске салды.
– Мен “Бетме-бетти” жазып жатканымда бул окуя эсиме келди беле так биле албайт экем. Негизинен таасир берген көрүнөт. Биз уюбузду абдан жакшылап кароочубуз. Ошол уюбузду бир күнү эртең менен көздөгөнү чыксам, казыкта байланган жиби менен жок. Алгач элес албай бошонуп кеткен экен деп Талас дайрасынын боюна чуркап бардым. Көрүнбөйт. Андан кийин гана киши колдуу жоголгонун билип, айлабыз кетти. Ал кезде бизди жансактатып жаткан ошол уй болчу. Ушундан улам уйду уурдаган ууруга кыжырым келди. Айылдагы бирөө-жарымдын мылтыгын алып, кайдан болсо да ууруну тапкым келди. Жака-белдеги аң-сайларды түп көтөрө карап чыктым. Эч шек-шыбай билинбейт. Кыш айы эле. Колу-бутум тоңо баштаганда айылга кайттым.
Көчөдө мылтыкчан келатканымда эшек минген карыя жолугуп, абалымды сурады. Мен ага болгон ишти айтып бердим. Түрүмдү көрүп жоошута акыл айтты: “Кой, балам мындай кылганың жарабайт. Уйду алган ууру жарып деле кетпейт. Турмушта мындан да жаман абал болот. Айла жок, чыдаш керек”, – деди эле. Эсимде калганы ушулар.
– Анда согуштун учуру экен. Мал жоголсо, элдин убалынан коркпогон Ысмайылга окшогондордун колунан келди да. Муну айтып жаткан себебибиз, сиздин туулган жериңизде болгонубузда “Бетме-беттеги” Ысмайыл Шекерге канатташ Көк-Сай деген айылдагы ушундай эле ысымдагы улгайган кишини эске салды. Аңгемелешкенибизде ал: “Чыңгыз мени жазып, бүт дүйнөгө белгилүү кылды” деп тамашалады эле.
– Эске салса салаар, чыгармадагы кейипкерди ушу деп сөөмөйүм менен көрсөтө албайм. Каарманыма турмуштагы тагдыры окшош кишинин атын жазып коюпмун. Ал Ысмайыл бир жолу мага балдарынын сүрөтү тигилген альбомду салып жибериптир. Минткени менин Советтик Армиянын катарында кызмат кылган балдарымды көрсүн дегени болсо керек. Азыр Ысмайыл бар болсо токсонго чыгып калды го дейм.
Ушул чыгармамды жазып жатканымда туулган жердин таасирин сезгем.
– Дагы бир каарманыңыз катары чыгармаңызга катышкан, ары бир чети мектепте окуткан мугалимиңиз Инкамал апай дүйнөдөн кайтты…
– Арты кайыр болсун, жашы сексенден ашып калды эле. Инкамал апай өзүнүн мугалимдик жолунда көп муундарды тарбиялады. Мындай адамдарга биз көп милдеттүүбүз. Мына ушуга окшогон кишилер тууралуу жазуу керек. Алардын басып өткөн жолу бизге, соңку муундарга үлгү.
– Сиз туулган Шекер айылында чыгармаларыңыздагы каармандарга ысымдары уйкаш: Танабай, Султанмурат, Раймалы деген адамдар бар. Бирок Танабайды айылдаштарыңыз эбак көзү өткөн Керимбек деген аксакалга окшоштурушат.
– Мындайда жазуучунун ыкмасын да эске алуу керек. Аты уйкаш болсо эле менин каарманым боло бербейт. Ырас, раматылык Керимбек аксакал Танабайга мүнөзү жагынан бир аз жакындап барат. Ал эми Гүлсаратты айылдан өзүм да көрүп калдым. Шатектен чыгып калган, арабага чегүүчү алжайган картаң ат эле.
– Ошол Гүлсарат жөнүндөгү ыр комуздун коштоосунда ырдалат экен. Бизге Султанмурат деген айылдашыңыз ал ырды комузга коштоп ырдап берген:
“Туулдум эле бир кезде, Туйлаган кулун мен болуп” — деп баштап, сиздин чыгармаңыздагы Гүлсараттын тагдырын ыр менен армандуу баяндайт. Ырды угуп отуруп, жоргонун элеси көз алдыга дагы бир жолу тартылып өтөт.
– Айылда жүргөндө бул ырды укпаптырмын. Мен деле далай ыр ырдалган жоролордо болдум эле. Эмнеге укпай калдым экен…
– Айылдаштарыңыз ушундан улам сизди Шекерге көптөн бери каттай элек деп, бекеринен айтышпаган экен.
– Атаганат, барам эле дейм. Туулган жерге кантип баргың келбейт. Бат-бат барганга убакыт жок!
– Сиз каармандарыңызга Асел, Ильяз, Данияр сыяктуу көрктүү ысымдарды кандайча тандайсыз? Чыгармаларыңыздан улам бул ысымдарды бүгүнкү күндө ар бир үй-бүлөдөн кездештирүүгө болот.
– Мен эл арасынан жакшы ысымдарды укканымда көңүлгө түйүп же болбосо чөнтөк дептериме жазып коём.
– Кыргыз тилинде жаза баштаган “Кайрылып куштар келгиче” аттуу чыгармаңыздын айрым үзүндүлөрүн басма сөздөн окуп калдык эле…
– “Кайрылып куштар келгичени” баштаган элем. Буюрса, бүткөрөм. Атаганат, кыргызча жазууну дегдейм. Бирок убакыт жете бербейт.
– “Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт” деген повестиңизди нивхи элинин жазуучусу, калемдешиңиз Владимир Сангиге арнагансыз. Бирок биздин элет жериндеги окурмандарыңыз бул авторду биле беришпей “Санги деген ким?” деп сурап калышкандарын учуратып калабыз. Ушундан улам бул чыгармаңыздын кийинки басылыштарын “Нивхи элинин жазуучусу, калемдешим В.Сангиге” деп койсоңуз кандай болор эле?
– Абдан туура болот. Ошентсе ошентербиз. Бул чыгарманы Владимир Сангиге арнаганым андагы окуя нивхи элинин турмушунан алынганын көп жерде айттым. Повесттеги легенданы мен ошол калемдешимден уккам. Ушундан улам чыгарма Сангиге арналса эле дос экен деп ойлобоо керек. Аны менен жөн гана чыгармачылык байланыштамын.
– “Кыямат” романыңыздагы “Жетөөнүн бири” деген баллада грузин элинен алынганбы?
– Бул балладаны толугу менен грузиндерден алынды деп айта албайм. Сапар улап ал жакка барганымда баллададагы окуянын чет жакасын уктум эле.
– “Новый мир” журналынын өткөн жылдагы сандарынын биринде “Кардагы умай эне” (“Богоматерь в снегах”) аттуу жаңы чыгармаңыз быйыл жарыялана тургандыгы окурмандарга кулактандырылган…
– Ушу тапта ал чыгарманын үстүндө иштеп жатам. “Кардагы умай эне” деп шарттуу түрдө гана аталышы. Кийин башкача аталат го…
– Борбордук “Молодая Гвардия” басмасы басып чыгарган үч томдук чыгармалар жыйнагыңызга жазган кириш сөзүндө адабиятчы Н. Потапов өмүр жолуңузду камтыган публицистикалуу макалаларыңызды айтып, бирок, чыгарма жарала электигин белгиледи эле. Биз буга кошумчалап мындай деп айтар элек. Сиз чыгармаларыңыздын ичинен “Эрте жаздагы турналар” аттуу повестиңизди “өзүмдүн автобиографияма жакын” деп айтканыңыз эсибизде. Анда болгону согуштун каардуу учуру гана чагылдырылат. Ушундан улам келечекте өмүр жолуңуздун бардыгы көркөм баяндалып турган бир автобиографиялуу чыгарма жазуу оюңузда барбы?
– Жок, өзүм жөнүндө жазуу кыйынга турат. Жаза албайм. Мунун көп себептери бар, аны айтуунун зарылдыгы жок го дейм.
– Сиздин чыгармаларыңызда көп эле жоокерлердин образы бар. Алардын турмушу менен кайдан таанышсыз?
– Бир кезде Айыл чарба институтунда окуп жүргөндө мен да жоокер болгом. Бизди ошондо Алма-Атага алып барып эки ай какайтып аскер кылган.
– Адабияттагы устатыңыз М.Ауэзов менен алгачкы таанышууңуз кандайча башталган? Бул устатыңыз менен бирге түшкөн сүрөтүңүздү басма сөз бетинен бир да көрө албайбыз. Ошондой болсо да казак жаштарынын “Жалын” альманахына сизди аны менен жанаша отургузуп боек аркылуу сүрөтчүнүн тарткан эмгегин көрдүк элек.
– Сүрөтчү тартса тартып койгондур. Мухтар Ауэзов менен Москвада тааныш болгом. Техникумдагы студент кезимде “Абай” романын окуп калдым. Анан ал китепти такыр колумдан түшүргөн жокмун. Айылга жөө-жалаңдап кетип баратканымда да кошо ала жүрчүмүн. Ал кезде машине деген жок. Жол алыс. Бир канча аралыкка жөө басып олтурасың. Ошондо бутум талыган жерге олтуруп окуганым “Абай” эле. Кийин Мукаң менен таанышып, көп эле бирге жүрдүм. Сүрөткө такыр экөөбүз чогуу түшпөй калыппыз.
– Казак тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагыңызда “Кызыл алма” аттуу аңгемеңизди казактын адабиятчысы Зейнолла Кабдоловго арнаган экенсиз…
– Бул аңгемени З.Кабдоловго арнаганым тегин эмес. Биринчиден, Зейнолла менин эң жакын досторумдун бири. Экинчиден, “Кызыл алманы” жазууга ал өзү себепкер болду. Бул аңгемени ойго бышырып жетилишине анын “көз акысы” бар.
Аңгеменин кыскача тарыхы мындай. Алма-Атанын тоо жагындагы дем алуу үйүндө бирге дем алып, ар кимибиз өз жазуу-сызууларыбыз менен алек болуп жүрдүк. Бир күнү түшкү тамак учурунда үстөл үстүнө алма коюлуптур. Мага тийген алма өтө татына, кызыл алма экен. Алманы карап олтуруп, эсиме институтта окуган бир курсташымдын окуясы түштү да, күлдүрмөккө Зейноллага айтып бердим. Ушинтсем “Ой, сен неге күлөсүң? Бали, мунун не күлкүсү бар? Сен муну жаз, жазууң керек”, — деди Зейнолла.
Ошондон баштап, ар бир кездешкен сайын Зейнолла кызыл алманы качан бересиң деп сурайт. Кызыл алма эсимден кетпей койду. “Сен аны эртерээк жазсаң, казакчага өзүм которор элем” деп ашыктырып жүрдү. Акыры тилектеш досумдун тапшырмасын колдон келишинче аткарып, жазып бүтүргөнүм ушул эле. Ал эми муну айтып олтурганым китеп окуучулар чыгарманын дүйнөсү кандайча башталат, чыгарма кантип жаралат деп көп сурашат.
Анын жолу өтө көп, өтө түйшүктүү. Кээде мына ушул сыяктуу досуңдун тилектештиги аркылуу чыгарма жазылат экен. Буга өзүмдүн да таңым бар.
– Казак драматургу К. Мухамеджанов менен биргелешип жазган “Фудзиямадагы кадыр түн” деген драмаңыздын жаралуу тарыхына токтолуп кетсеңиз?
– Мен муну аңгеме кылып жазгым келген. Баштап келип такалып калдым. Ошол кезде Москванын “Современник” театры пьеса жазып берүүмдү суранды. Драматургия жанрын билбегенимди айтып, жазбайм деп койдум. Кийин бир курдай режиссер досторум “деги сен азыр эмненин үстүндө иштеп жатасың?” дешти. Сөздү кай жакка бурарымды билбей өзүмдүн жазылып жаткан чыгармамды айтып бердим. “Алар өмүрүңдө биринчи ирет милициянын машинесине түшүштү” деген сүйлөм менен Алмагүл камакка алынып, совхоздун мекемесине жеткирилет. “Эмне себептен мындай болду? Андан ары эмне болот?” деп сурашты алар кызыгышып. Ошондо тоонун чокусунда кезигишкен кишилер өздөрүнүн курбусу Сабыр тууралуу эскеришкендиктерин айтып бердим.
Бул чыныгы пьеса, күчтүү чыгат деп айлантып жазуумду суранышты. Акыры мен аларга макулдугумду бердим. Бир апта өттү. Бирок эч нерсе жазган жокмун. Пьеса жазууга көңүлүм келбеди. Арадан дагы бир апта өттү, оюмда баары даяр, кагазга эч нерсе түшүрө албадым. Ушундай кезде кудай жалгап, Алма-Атадан калемдеш Калтай досумду жолуктуруп, өзүмдүн абалымды айттым. “Мен сага бул окуяны айтайын сен байкап көрчү, мындан пьеса чыгабы?” дедим. Биз түнү бою саат төрткө чейин көчөдө сүйлөшүп басып жүрдүк. Мен өзүмдүн жаза турган чыгармамды толкунданып, ага чын ыкласым менен айтып бердим…
– Өзүңүздүн комсомол курагыңыздагы учур менен бүгүнкү күндөгү жаштардын турмушун салыштырып көрүп, кандай ойго келесиз?
– Биздин турмушубуз күн санап өзгөрүүдө. Жаштык курагымды эстегенде, мен үчүн комсомол күн өткөн сайын табигый түрүндө жана толук көлөмүндө кабыл алынган коомдук турмуштун формасы эле. Өзүм факультеттин комсомол уюмунун секретары катары дубал газетага макала жазып турар элем. Өз каалоом менен кызыгып, өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып, үнүм жок болсо да сахнага чыгып ырдачумун. Кеп үндүн бар же жогунда эмес. Баарыбыз чогулуп ырдап, тиешелүү суроолорду талкуулоонун зарылдыгы чоң эле.
Менин байкоомдо бүгүнкү күндө мындай мамилелер формалдуу гана өтүп жаткандай.
– Сиздин демилгеңиз менен уюштурулган “Ысык-Көл форуму” жергебизде дагы өткөрүлөбү?
– Бул суроого мезгил тараза, келечек жооп берет.
– Форумдун Женевада өткөн жыйынында дүйнөлүк олуттуу маселелер жөнүндө сөз козголду. Ал эми жаштар туурасындачы?
– Биздин аңгемелешүүлөр менен дискуссиялардын өңүтү азыркы замандагы маданият менен жаштардын өз ара мамилелерин да камтыды. “Театр жана жаштар”, “Музыка жана жаштар”, “Телекөрсөтүү жана жаштар” өңдүү аспектилерди да талкууладык.
– Сиздин чыгармаларыңыз аркылуу кыргыз калкы дүйнөнүн көптөгөн элдерине маалым болгону, кыргыз тилине кызыгуу күч алганы бүгүнкү күндө эч кимге деле жаңылык эмес. Биз муну айтып жатканыбыздын себеби, Лондондогу Оксфорд университетиндеги жолугушууда бир студенттин өзүңүзгө кыргызча суроо менен кайрылганын атайы белгилегенсиз.
– Ооба, ал университетте түрк тилдери окутулат экен. Менден ал: “Сиз кыргыз китапларын ала келдиңизби?”, — деп сурады. Ал студенттин фамилиясы Кеннеди болсо керек эле. Мен ага “жок, сиздерге кыргызча китептердин керек болорун билген эмес элем. Билсем ала келмекмин”, — дедим.
– Чет элден чыккан китептериңиздин биринде сиздин комуз чертип түшкөн сүрөтүңүз бар. Чынында комуз черте аласызбы?
– Ал сүрөттө жөн эле комуз кармап түшсөм керек. Комузду черте албайм. Кыргыз баласы болгон соң, ата-бабадан калган күүлөрдү укканды жакшы көрөм. Ошондой эле шахматты да жакшы ойной албайм. Ойносом бат эле утулуп калам.
– Атаңыз Төрөкул Айтматов Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы элибиздин көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик ишмерлеринин бири болгондуктан жакында анын ысымы айылыңыздагы орто мектепке берилди. Ал жөнүндө жазуу оюңузда барбы?
– Мындай кубанычтуу кабарды угуп, абдан толкундандым. Өзүмдүн гана атам болгондугунан эмес.
Ал учурдагы партиялык ишмерлердин басып өткөн жолу – биз үчүн үлгү. Муну эч убакта унутпашыбыз керек. Айылдаштарыма ыраазымын, өздөрүнүн коммунист агасына кылган таазимине, экинчиден ушул жердештеримдин суроо-талабын убагында канааттандырган Талас облустук аткаруу комитетине да ушул газета аркылуу ыракмат айтаар элем. Атам жөнүндө жаза албайм. Мага мындай темада жазуу кыйынга турат. Бул ойду “Өзүм жөнүндө” деген макаламда да айтам.
– Азыркы күндө сиздин чыгармаңыздагы Дүйшөнгө эстелик тургузуу жөнүндө “Советтик Кыргызстан” газетасында республикабыздын туш тарабынан келген каттар жарыяланып жатканынан өзүңүз да кабардар чыгарсыз?
– Албетте, кабарым бар. Анда Дүйшөнгө эстеликти кай жерге ачуу жөнүндө ар кандай пикирлер болууда. Менимче, эстелик ушул борборубуздун бир жерине ачылса дегендерге кошулам.
– Дүйшөн сыяктуу каармандын образын жаратууга бир кезде мугалим болуп иштегендигиңиздин жардамы тийгендир?
– Жок, мен мугалим болуп согуштун каардуу жылдарында эки-үч ай гана Көк-Сай менен Арчагул деген айылдарда иштегем. 1942-жыл бекен… так эсимде калбаптыр.
– “Манас” эпосун изилдеген окумуштуу М.Ауэзов: “…биз “Манастын” жаралуу доору 840-жылдан ары эмес деген болжолдообуз бар. Ошондо эпостун алгач жарала баштаганына 1100 жыл чамасы толгон болуп чыгат. Арийне, бул тек гана болжол түрүндө гана айтылып жатат” деп жазган эле.
– “Манас” эпосу – маңдайыбызга бүткөн жылдызыбыз. Мукаң белгилегендей, качан, кайсы доордо жаралгандыгы бизде так маалымат болбогондуктан мынчанчы жылы ага миң жыл толот деп айта албайбыз. Ошондуктан эпосубуздун 1000 жылдык юбилейин ушул жакын арада белгилесек да эрте-кечи жок го дейм.
– “Манас” эпосун Кытайдагы кыргыздар да басып чыгарышты. Мунун өзү дүйнөдө көлөмү жагынан теңдеши жок дастаныбыздын кыргыз аттуунун баарына таандык экендигин айкын көрсөтүүдө. Алдыда белгилене турган бул эпосубуздун юбилейин алар менен да биргелешип өткөрөбүзбү деген ой келет.
– Мындай кылсак абдан ылайыктуу. Ал турмак Афганистандагы кыргыздарды да чакырсак болот.
– Кытайда жашаган кыргыздар сиздин “Ак кеме”, “Кылым карытаар бир күн”, “Гүлсарат” деген чыгармаларыңыздын ар бирин өзүнчө жыйнак кылып жарыкка чыгарышыптыр. Биздеги кыргызча чыккан түп нускасынан араб арибине көчүрүлгөн. Бирок алар чыгармаңыздагы бир топ сөздөрдүн маанисин түшүнө беришпейт экен. Биз муну “Ак кемеңиздин” аягына берилген түшүнүк сөздөрдөн улам айтып жатабыз.
– Кытай Эл Республикасында кыргыз деген кичинекей гана журттун өз эне тилиндеги басма сөзү болгонуна кубанасың. Мунун өзү коңшулаш социалисттик өлкөдө да улут саясатынын туура чечилгени. Баарынан да Кытайдагы боордошторубуздун “Манасты” чыгарышканын айт. Бир ууч эл үчүн ушунун өзү азаматтык эмеспи.
Мындан бир топ жылдар мурун мен бул өлкөдөгү кыргыз окурманымдан кат алдым эле. Анда менин чыгармаларымды бул өлкөдөгү кыргыздар кытай тилинен окуп жатканы, кыргызча окуур бекенбиз деп эңсегени жазылган болчу. Акыры ал жактагы элдин тилеги минтип кабыл болгонуна кубанам. Мындан ары достук байланышыбыз терең тамырласа, биздеги түшүнө албаган сөздөрдү бат эле билишет. Биз да алардан үйрөнө турганыбызды үйрөнүп, ала турганыбызды аларбыз. Эл деген түгөнбөс кенч эмеспи.
– Сөзүңүздөн улам дагы бир мындай суроо пайда болуп жатат. Сизге дүйнөдөгү окурмандарыңыздан көптөгөн каттар келе тургандыгы жалпы журтчулугубузга маалым. Ушул каттарды өзүнчө бир жыйнак кылып чыгаруу маселеси жөнүндө борбордук “Неделя” жумалыгынын кабарчысы Н.Хохлов айткан эле. Албетте, анын мындай оюн биз да колдойбуз.
– Мен каршы эмесмин. Ырас, мага көп кат келет. Жооп, жазганым бар, жазбаганым бар.
– Сиз төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып чыктыңыз. Ушундан улам көңүлүңүзгө баарынан кайсы жер жакты? Ал жактардан биздин кыргыз жерине теңдеш аймакты көрө алдыңызбы? Көргөн жерлериңиздеги таасирлерди жол очерки кылып жазасызбы?..
– Дүйнөдө кыргыз жеринен кооз жайлар эң эле көп. Бирок туулган жерге теңдештире албайсың. Бир жер жакса, бир жер жакпайт. Баары бирдей эмес. Ошондой болсо да айтаар элем: Англия, Швейцария ашкере көркөм.
Ал эми жол очерктерди жаза албайм. Жазыш үчүн жергиликтүү элдин тилин билүү керек экен.
– “Ленинчил жаш” газетасы элибиздин залкар акыны А. Осмоновдун музейин ачуу максатында маселе көтөргөн. Бүгүнкү күндө акындын борбор шаарыбыздагы үйү бузулуу коркунучунда турат. Буга байланыштуу газетага ал акынды көргөн-билген замандаштары, калемдештери бир катар эскерүүлөрдү жарыялашты.
– Мен Алыкулду көргөн жокмун. Албетте, музей ачуу керек. Мындай ойду кубаттайм. Акындын үйүн буздурбай сактап калуу – жалпыбыздын милдетибиз.
– Аңгемеңиз үчүн чоң ыракмат.
– Силерге да ийгилик каалайм.
Маектешкен Кушубак Өмүралиев,
Фрунзе шаары, “Ленинчил жаш”,
26-апрель, 1988-жыл
Комментарийлер