Чыӊгыз Айтматов: “ОРТОК ТИЛ – БИРИМДИККЕ ДАНАКЕР”

  • 04.04.2023
  • 0

Этностор аралык мамилелер — учурда бардык коомдук мамилелердин эң олуттуусу. Борбордук Азия жана жалпы эле түрк тилдүү дүйнөнүн улуу жазуучусу Ч. Айтматов Борбордук Азиядагы улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого, бул мамилелердин алкагында бир катар маселелерди чечүүгө эбегейсиз салымын кошкон.

Адамзаттын бейпилдиги, тынчтыкта жашоосу, өлкөлөр менен улуттардын, ошондой эле башка социалдык топтордун ортосундагы диний, расалык, тилдик жана башка достук жана кызматташтыгы үчүн улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов баа жеткис эмгек кылды. Ал айрыкча Борбордук Азия элдеринин маданиятын, билимин, илимин, искусствосун, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, алардын азыркы учурда жалпы аймактык өзүн-өзү таануусунун жана сыймыгынын калыптануусуна өзгөчө салым кошкон. 1990-жылдардагы Ош коогалаңындагы өтө оор кырдаалда ал көп нерсени тобокелге салып, өзбек жана кыргыз элдеринин кылымдарга созулган достугун, бир туугандыгын коргоп чыкты.

Өзбекстан Республикасынын туӊгуч Президенти жарыялаган “Түркстан – жалпыбыздын үйүбүз” концепциясын Ч.Айтматов биринчилерден болуп колдоду. Ч.Т.Айтматовдун өзбек-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө жана Борбордук Азияда улуттар аралык мамилелердин бекемделишине кошкон салымы Өзбекстанда жогору бааланып, “Эл достугу” ордени менен сыйланган. Өзбекстан Республикасынын Президенти И.А.Каримов улуу жазуучунун оорусуна байланыштуу кабатырланып кат жазган. Өзбекстандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси А.А.Салахиддинов өлкө жетекчилигинин атынан жазуучунун үйүнө атайын барып кабар алган.

Тагдыр насип эткен экен, мен Ч.Т.Айтматов жигердүү катышкан эки иш-чарага катышып калдым. Биринчиси — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн маданият ишмерлеринин “Түркстан – жалпыбыздын үйүбүз” концепциясы талкууланган 1995-жылы Ташкентте өткөрүлгөн форум. Ч.Т.Айтматов концепцияга карата өзүнүн позитивдүү көз карашын билдирип, форумдун уюштуруучуларынын бири катары айрым катышуучулардын каршы аракеттерине карабастан, концепцияны ишке ашыруу үчүн болгон аракетин жумшады. Ошентип, Борбордук Азиянын Маданият ишмерлеринин ассамблеясы уюштурулуп, анын жетекчиси болуп Ч.Т.Айтматов шайланды. Тыныгуу учурунда улуу жазуучу менен баарлашууну каалагандар көп болсо да, мен ага орток түрк тили жөнүндө кыскача айтып берип жана өзүмдүн бул маселе боюнча китептеримди тартуулаганга жетиштим.

Ч.Т.Айтматов менен экинчи ирет Өзбекстан Республикасынын элчилиги уюштурган Өзбекстандын Көз карандысыздыгынын 13 жылдыгына арналган майрамдык иш чарада жолуктум. Салтанаттуу жыйында Кыргызстандын мамлекеттик, коомдук, маданий жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле өзбек улуттук маданий коомунан, жалпысынан 300дөй адам катышты. Кыргызстандагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А.А.Салахиддинов жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы О.Ибраимов, алардын катарында Чынгыз Төрөкулович Айтматов куттуктап сүйлөштү. Алар Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусунун ролу, бул кызматташтыктын байыркы өзөгү жана тамырлары, кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхый тагдырларынын байланыштары, эки өлкөнүн көз карандысыздык күнүнүн удаа белгилениши; эки өлкөнүн жетекчилеринин бир тууган өлкөлөрдүн ортосундагы көптөгөн маселелер боюнча, алсак, диний экстремизмге жана эл аралык терроризмдин коркунучтарына каршы күрөштө кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымын белгилешти. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара жардам көрсөтүүнү, ар бир өлкөнүн ийгилиги жана гүлдөп өнүгүшү жөнүндө ойлорун ортого салышты.

Мен биринчи кезекте Ч.Т.Айтматов менен баарлашууга аракеттендим. Мага жардам берген Өзбекстандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси А.А.Салахиддинов изилдөөлөрүмө өтө жогору баа берүү менен Ч.Т.Айтматовду сөзгө тартты. Менин орток тилдер концепциясы, орток түрк тили, дүйнөлүк орток тилдер жана улуттардын ойкумен теориясы жөнүндөгү кыскача билдирүүмдөн кийин ал дароо эле негизги идеялардын мааниси терең экендигин, тилдери жакын элдердин маданиятын жакындатуу, айрыкча түрк элдеринин маданиятынын тагдыры жөнүндө өзү да көптөн бери ойлонуп жүргөндүгүн жана бул максатка адабиятты өз ара байытуу жолу менен жетишүүнү көздөгөндүгүн айтты.

Ч.Айтматов тилдерди ортоктоштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлобогондугун айтып келип, менден орток тилдердин түзүлүшү жөнүндө мисал келтире аласызбы деп сурады. Мен андай мисалдар азырынча жок, тилдерди ортоктоштуруу азырынча жаңы, пайдаланыла элек ыкма экендигин, бирок орток тилдерди түзүү оозеки диалекттердин негизинде адабий жазма тилди түзүү жагынан айрым окшоштуктар бар экендигин айттым. Бирок бул ортоктоштуруу улуттук адабий тилди түзгөн диалекттерде сүйлөгөн коомдук ишмерлер, окумуштуулар, публицисттер, акын-жазуучулардын тобу пайдаланган лингвистикалык нормалардын интуитивдик консолидация процессинде кыйыр түрдө (имплициттик) окшош (аналогиялык) ортоктоштуруу процедурасы аркылуу ишке ашырылат. Биз бул процедураны терең ойлонуу менен, ачык (эксплициттик) түрдө ар бир жакын тилдер боюнча адис тилчилерди тартуу менен орток түрк тилдеринин эл аралык институтун түзүү аркылуу, ошондой эле математикалык жана компьютердик лингвистика ыкмаларын пайдалануу менен ишке ашырууну сунуштайбыз. Орток тил улуттар аралык катнаштын тили катары ыктыярдуу үйрөнүлө турган тил катары пайдаланылат, ал эми улуттук тилдер өлкөдө мамлекеттик тил катары сакталат. Орток түрк тили түрк элдеринин жана алардын мамлекеттеринин аракети аркылуу БУУ тарабынан эл аралык жетинчи тил катары таанылышы шарт.

Ч.Айтматов концепцияга өтө кызыгып, тийиштүү эмгектерди окууну каалагандыгын билдирди. Мен ага өзүмдүн орток түрк тили жөнүндөгү китепчемди сунуп, бул проблематика боюнча жазган монографиямды берип жиберүүнү убада кылдым. Сөзүнүн аягында Ч.Т.Айтматов А.А.Салахиддиновду менин китептеримди ага берип жиберүүгө көмөктөшүүсүн суранды. Бир нече күндөн кийин мен 6 китебимди жана Ч.Айтматов китептерди окууга көп убакытын сарптабасын жана ал убакытты чыгармачыл ойлорун ишке ашырууга жумшасын деген ой менен бул эмгектердин кыскача мазмуну камтылган 8 бетке жазылган макаламды кошо берип жибердим. Кийинчерээк А.А.Салахуддинов китептерди Ч.Т.Айтматов алып жатып орток түрк тилин түзүү концепциясын өтө жогору баалаганын, бул долбоорду улантууда мага ийгиликтерди каалагандыгын айтып берди. Менин Ч.Т.Айтматовго сунуштаган концепциямдын кыскача мааниси төмөндөгүдөй:

Көз карандысыз түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекеттик тили болгон бир катар түрк тилдеринин социалдык статусун жогорулатуу – ааламдашуу шартында маалыматтык цивилизациянын калыптануу процессине ылайыкташкан социумдардын жана мамлекеттердин маанилүү маселелеринин бири катары эсептелет. Ар бир түрк тилинин ички мамлекеттик жана эл аралык социалдык статусун жаңы инновациялык модернизациялык жактан өркүндөтүү үчүн аларга жакын орток түрк тилин түзүү сунушталат. Бул тилдин БУУ тарабынан таанылып, эл аралык тилге айланууга потенциалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болушу абзел. Түрк тилдерин ортоктошторуу ыкмасы аркылуу орток түрк тилин түзүү, түрк тилдүү элдердин улуттар аралык катнаштын тили, ошондой эле жалпы түрк жана дүйнөлүк мааниге ээ болгон маалымат тили жана БУУнун тилдеринин бири катары таанылышына жетишүү. Бул болсо өз кезегинде бардык түрк тилдеринин тең укуктуулугун камсыздоо менен алардын эч бирине артыкчылык бербейт жана биринин да укугун жана кадыр-баркынын төмөндөтүлүшүнө жол бербейт.

Түрк тилдүү элдердин ар бири өз тилин өзүнүн улуттук мамлекетинде мамлекеттик тил катары пайдаланууга жана аны мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өнүктүрүүгө толук укуктуу. Алардын өз алдынча чечүүгө мүмкүн болбогон дүйнөлүк жаңылыктарды өздөштүрүү жана анын негизинде дүйнөлүк цивилизацияга олуттуу салым кошуу сыяктуу олуттуу маселелерди чечүүдө ар бир түрк тилдүү улуттар өз кызыкчылыктарынын чегинде жана өз каалоосу менен БУУ тарабынан дүйнөлүк тилдердин катарында таанылган орток түрк тилин жакын тил катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Орток түрк тилинин ченемдерин түзүү механизми бүгүнкү күндөгү ар бир элди ата-бабаларынын тилине жакындаштырып, ага өздөрүнүн тилдик мурастарынын негизги өзөгүн киргизүүгө шарт түзөт. Орток түрк тили элдердин ортосундагы ырашкерликке, тең укуктуу кызматташууга өбөлгө түзүп, Түрк цивилизациясынын, ошондой эле Дүйнөлүк цивилизациянын социалдык топторунун жана инсандарынын руханий-интеллектуалдык, кесиптик, маалыматтык-коммуникациялык, саясий укуктук, социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салымын кошо алат. Бул концепциянын мааниси төмөндөгү илимий публикацияларда [1] жана Facebook “Ortaturk tili – Язык ортатюрк – The language ortaturk” социалдык топтордо чагылдырылган.

Ч.Т.Айтматов ошол күнү мага бир аз кыйналгандай көрүндү, бирок ошого карабастан жолугушууга келгендиги анын Өзбекстан Республикасына, өзбек элине болгон зор урматын туюндуруп, кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы достуктун чыңдалышына өз салымын кошууга жасаган аракети экендиги жөнүндө катышуучулар, коомчулук, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын массалык каражат маалыматтары белгилешти.

Ч.Айтматов менен экинчи жолугушуумда жанымда диктофондун жоктугунан анын өтө олуттуу ойлорун, идеяларын жаздырып жана мен үчүн ушунчалык маанилүү көз ирмемдерди сүрөткө түшүрүп албагандыгыма өкүнүп жүрдүм. Бирок арадан бираз убакыт өткөн соң бир кыз жаныма келип, биздин аңгемелешүү учурубузду тартып алгандыгын, анткени ага биздин маегибизде абдан бир маанилүү нерселер жөнүндө сүйлөшүп жаткандай туюлгандыгын билдирди. 20 күндөн кийин уулум Баходир мага интернетте Ч.Т.Айтматовдун орток түрк тили жөнүндөгү концепцияны жогору баалагандыгы тууралуу маалымат менен таанышкандыгын айтты.

Көрсө, 2004-жылы 18-сентябрда Ч.Т.Айтматов Түркиянын Измир шаарынан келген Товар өндүрүүчүлөр палатасынын өкүлдөрү менен баарлашкан учурда, “ааламдашуу доорунда Түрк дүйнөсүнүн элдеринин кызматташуусун бекемдөө керек жана учурда анын жогорку максаты орток түрк тилин түзүү, бул үчүн түрк элдери биргеликте иштөө керек, институттарды, сөздүктөрдү, энциклопедияларды түзүп, котормочусуз сүйлөшүүнү камсыздай ала тургандай биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүү керек”, — деп айткан экен.

Интервьюнун бир бөлүгүн уулум экөөбүз өзбек, англис жана орус тилдерине котордук. Ч.Т.Айтматовдун бул идеялары жөнүндө үч макала жарыяладым. Анын чыгармачылыгын изилдегендер жогорудагы журналисттерди таап жана улуу жазуучу, ойчул Ч.Т.Айтматов менен болгон интервьюнун толук баянын жарыялашса, анын мага жана измирлик журналисттерге жогоруда айткан идеялары, ойлору улуу ойчул-жазуучунун түрк элдеринин жана жалпы эле дүйнө тилдеринин лингвистикалык өнүгүү жаатындагы осуяты деп атасак болчудай.

 

Адабияттар:

  1. Каримов Б.Р., Муталов Ш.Ш. Ўртатурк тили. Тошкент: Мехнат, 1992.
  2. Karimov B.R., Mutalov Sh.Sh. Averaged languages: an attempt to solve the world language problem. Tashkent: Fan, 1993 (второе издание в 2008 г.);
  3. Каримов Б.Р. Миллат, инсон ва тил: тараққиёт муаммолари. Карши: Насаф, 2003;
  4. Karimov B.R. The oikumenic concept of nation and problems of development of languages. Ойкуменическая концепция нации и проблемы развития языков. Qarshi: Hublishing house “Nasaf”, 2003;
  5. Каримов Б.Р. Ойкуменическая концепция нации и проблемы развития языков. Якутск: ЯГУ, 2004;
  6. Каримов Б.Р., Муталов Ш.Ш. Усредненные языки: попытка решения мировой языковой проблемы. Ташкент: Фан, 2008.

https://www.facebook.com/groups/117660641973811/permalink/1085015285238337

 

Каримов Б.Р., философия илимдеринин доктору, профессор,

Өзбекстан Илимдер академиясынын

Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыштаануу институтунун

жетектөөчү илимий кызматкери/

 

Айтматовдун фотосу бул шилтемеден алынды: https://www.ktrk.kg/kg/post/24705/ru

 

Бөлүшүү

Комментарийлер