ЧУБАКТЫН КУНУНДАЙ ЧУБАЛЖЫГАН ЧЫР

  • 11.03.2023
  • 0

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн комиссиясы Орок мектебине барып, мектептеги тазалыктын жоктугу жана акча чогултуу жөнүндө арызданган ата-энелер менен жолугуп, сүйлөшүп, арыздын чын-бышыгын териштирди. Мектептеги акча чогултулуп жатканы тастыкталган жок. Бирок мектепти жууп-тазалоо иштерин тийиштүү деңгээлде уюштурбай койгону үчүн мектеп директоруна сөгүш жарыяланды. Мындай териштирүүгө макул эмес ата-энелер кайрадан билим берүү жана илим министри К.Иманалиевге келип, мектеп администрациясын толугу менен алмаштыруу талабын коюшту.

ЧУБАКТЫН КУНУНДАЙ ЧУБАЛЖЫГАН ЧЫР

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин жарандарды кабыл алуусунун негизинде Орок орто мектебиндеги окуяларды жеринен териштирүү боюнча атайын комиссиялык топ түзүлгөн. Кечээ билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова башында турган комиссиялык топ иштин чоо-жайы менен таанышуу үчүн аталган орто мектепке барды.

Териштирүү иштеринин натыйжасында комиссия тарабынан окуучулардын ден соолугуна зыян келтирүүчү жагдайдын алдын албаганы, билим берүү мекемесинин санитардык абалына көңүл бурбаганы жана финансылык мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Орок орто мектебинин директору Рахат Дүйшеналиеваны ээлеген кызматынан четтетүү жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сатарбаевага окуяны көзөмөлгө албаганы үчүн дисциплинардык чара көрүү сунушу берилди.

Г.А., «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер