ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАМШАНДЫРГАН СУУСУНДУК

  • 12.03.2024
  • 0

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Асель Жолдошбекова айрандын сары суусунан карагат, бал жана чычырканак кошулмасы менен табигый шире ойлоп тапкан.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАМШАНДЫРГАН СУУСУНДУК

Мындай өзгөчө суусундукту жасоо идеясы Асель Жолдошбековага бир жыл мурун келген. Себеби анын кесиби тамак-аш технологу болгондуктан, ушул багытта башкалардыкына окшобогон, ошол эле учурда табигый продукция чыгарууну ойлонуп жүргөн. Кыялын ишке ашыруу үчүн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, көп китептерди окуп, окутуучулары менен баарлашып отуруп, бул продукцияны ойлоп тапкан.

Москванын «Чебоксары» шаарында өткөн студенттер аралык конкурска катышып, 1-орунду камсыз кылган.  Конкурстун калыстар тобунун сунушу менен эмгегин эл аралык конкурста да көрсөтүп, анда да алдыңкы орунду жеңип алган. Адистер, профессорлор да продукциясын изилдеп көрүп, мыкты идея экендигин баса белгилеген.

Студент бир айдан бери сары суунун ширесинен үч түрдөгү ширелерди чыгарып келет. Алардан баасы 108, 109,111 сомду түзөт. Толук текшерүүдөн өтүп, сатууга уруксаты бар жана ЕАС сертификатына ээ болгон. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы «Бир айылдан бир продукт” дүкөнүндө сатылууда. Келечекте бардык региондорго жайылтууну максат кылат.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАМШАНДЫРГАН СУУСУНДУК

Шире үчүн колдонулуучу негизги азык- сары сууну Нарын шаарындагы Абдыш-Ата сүт иштетүү цехи студентти колдоо максатында бекер берип турат.  Ширени окуу жайдын лабораториясында жасайт. Ширенин сактоо мөөнөтү бир ай гана болгондуктан, буйрутманын санына жараша эле жасап, ашыкча чыгарбайт. Мисалы. акыркы жолу 90 даана чыгарган. Ошондуктан сары сууну да улам жаңы алдырып турат.

Студенттин айтымында, бул суусундуктарды даярдоо үчүн сары суу,  чычырканак, карагат, бал жана лимон кислотасы керектелет. Суусундуктардын өзгөчөлүгү дүкөндөрдө сатылган ширедей таттуу эмес, даамы бир аз кычкыл келет. Химикатсыз, өң берүүчү да боёктор колдонулбайт. Адамдын ден соолугуна пайдасы эбегейсиз. Иммунитетти күчтөө, ашыкча шлактардан арылуу үчүн күн сайын эртең менен бир стакан сары суу ичүү сунушталат. Курамындагы В витамини организмдеги май менен көмүртектин алмашып туруусун тездетет. Сары сууну күн сайын ичип турса, чарчоону жазып, жумушка болгон жөндөмдүүлүк жогорулайт. Курамындагы калий элементи эс-тутумду жакшыртат. Стрессти пайда кылуучу гормондорду жок кылып, кубаныч гормону аталган серотонинди бөлүп чыгарат. Мындан тышкары, косметологияда да мыкты каражат. Күнүгө эки маал сууну бетке сүйкөп турса, кара тактар түшпөйт. Күнгө күйүп калган дененин оорусун жана кызылын кетирүү үчүн жылуу сууга эки литр сары сууну куюп, ага 20 мүнөт жатса, күйүктү алдын алат. Чачты жууп турса, түшүүсүн токтотот ж.б.

 

  • Ширени бир жолу ичип, жыйынтык болот дегенден алыс болушубуз керек.  Убактысы, сааты, өлчөмү менен бир канча күн ичүү шарт. Рынокко чыкканына аз убакыт болгондуктан, азырынча кирешеге чыга элекмин. Буйруса, тапкан каражатты кайра эле мындан ары өнүктүрүүгө жумшайм. Өзүнчө ишкана ачып, чет жактарга экспорттоону да пландоодомун. Буларды иштеп чыгууга бир аз убакыт керек.  Студент болгонума байланыштуу азыр сабагыма көбүрөөк көңүл буруудамын.

 

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАМШАНДЫРГАН СУУСУНДУК

Көпчүлүк ширени таттуу суусундук катары элестетип, даамы таттуу болуусун суранат. Бирок шире сары суу суусундугу менен жасалгандыктан, кычкыл даам болору талашсыз. Албетте, даамын өзгөртсө болот, бирок, анда  химикат кошулуусу керек. Анда суусундук табигый деп эсептелинбей калат, —  дейт ойлоп табуучу.

Ошондой эле бул ширени көбүнчө туристер жактырып, буйрутма кылып ичет.  Алар дайым жакшы баасын берип, көп өлчөмдө чыгарып, бардык дүкөндөрдө сатууну суранат. Бул суранычты ишке ашыруу максатында, сары суунун пайдасын изилдеп, продукцияны дагы да жакшыртуунун аракетин көрүүдө.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАМШАНДЫРГАН СУУСУНДУК

Асель Жолдошбековага шире жасоодо көп кыйынчылык деле болгон эмес. Себеби окутуучусу Кубан Акматов кеп-кеңешин берип, колдоп турган Долбоорду коомго алып чыгууга чон көмөк көрсөткөн. Бирок ширени даярдоо көп убакытты талап кылгандыгы, ишти жеңилдетүүчү жабдыктардын жетишсиздиги маселелери бар.

Бул студенттин алгачкы долбоору. Алгачкы эмгеги жемиштүү болуп, буга чейинки ишке ашпай келген идеяларынын үстүнөн иштөөгө шыктандарды. “Ар бир адам өз кесибинин мыктысы болушу керек” деген принципти карманган студенттин айтымында, технолог үчүн жаңы продукция ойлоп чыгаруудан өткөн ырахат жок.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер