ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР МАНАС АЙТЫП, КЫРГЫЗ ЫРЫН ЫРДАП, БИЙИН БИЙЛЕШТИ

  • 18.10.2022
  • 0

ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР МАНАС АЙТЫП, КЫРГЫЗ ЫРЫН ЫРДАП, БИЙИН БИЙЛЕШТИ

Мамлекеттик тил мыйзамынын 33 жылдыгына карата «Салымбеков университети» мекемесинин эл аралык медицина факультетинде бир айлык жарыяланып, кыргыз тилин, каада-салтын даңазалаган түрдүү иш-чаралар өтүүдө.

Бир айлыктын алкагында алгач окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери жат жазуу жазып, 1-2-3-орунду алгандар Ардак  грамоталар менен сыйланышты. Чет элдик студенттерди кыргыз тилинде сүйлөтүү жана кыргыздын каада-салттары менен Тааныштыруу, эне тилдин кадыр-баркын көтөрүп, көөдөнгө уюткулуу сезимдерди салуу максатында  «Тил байлыгы – эл байлыгы» аттуу салтанаттуу азем өтүп, ага чет элдик жана жергиликтүү студенттер катышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Кыргыздын ыр, бийлерин аткарып, комузда кол ойнотуп, күү чертишти, акыйнек айтып, кыргыз тилине арналган ыр саптарын көркөм окуп беришти.

ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР МАНАС АЙТЫП, КЫРГЫЗ ЫРЫН ЫРДАП, БИЙИН БИЙЛЕШТИ

  • Университеттин бардык бөлүмдөрүндө жана кафедраларында көрүнөө маалыматтар талапка ылайык келтирилип, бул маселени жолго коюу боюнча иштер жүргүзүлдү, кыргыз тил каанасы жасалгаланды. Тил жөнүндө белгилүү инсандардын  айткан сөздөрү, ураан-чакырыктары даярдалып, дубалдарга илинди. “Кыргыз тилинин баалуулугун сактоо жана даңазалоо ар бир жарандын милдети” деген ураандын алдында студенттер арасында дубал гезит, көркөм окуу сынагы жана  кыргыздын буюмдарынын көргөзмөсү өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга Ардак грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Түзүмдүк бөлүмдөрдө жана кафедраларда маалыматтык сааттарды, отурумдарды кыргыз тилинде өткөрүү ишке ашып баштады, — дейт мамлекеттик тил боюнча жооптуу  Т.Токушева.

Мамлекеттик тилди окутуудагы көйгөйлөрдү чечүү багытында “Чет элдик студенттерди кыргыз тилинде  окутуудагы көйгөйлөр” деген аталыштагы тегерек стол өтүп, башка ЖОЖдордон келген коноктор тарабынан мамлекеттик тилди окутуудагы проблемалар көтөрүлүп, кыргыз тилин окутуу менен бирге, кыргыз элинин кулк-мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн, элдик салт-санаа, адеп-ахлактык жүрүм-турум үлгүсүн кошо үйрөтүү маселеси каралды.

  • Бул иш-чараны өткөрүү менен окутуучуларга мамлекеттик тилди окутууда улам пайда болуп жаткан тоскоолдуктарды чечүүгө багыт берүү, мамлекеттик тилди окутууда жаралган көйгөйлөрдү ачыкка алып чыгып, талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алууга, уюмдар аралык кызматташууга жол ачууга шарт түзүп берүүнү көздөдүк, — дейт Т.Токушева.

ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР МАНАС АЙТЫП, КЫРГЫЗ ЫРЫН ЫРДАП, БИЙИН БИЙЛЕШТИАйлыктын алкагында мамлекеттик тил менен улут аралык достукту, ынтымакты чыңдоо максатында «Дүйнө кыргыз тилинде сүйлөйт» флешмобу, чет элдик студенттерди кыргыз тилинде сүйлөтүү боюнча «Медициналык багытта окуган студенттерге мамлекеттик тилди окутуунун зарылдыгы»   деген темада ачык сабак болду. Андан сырткары чет элдик студенттер арасында   “Манас” айтуу  сынагы болуп, акырында факультеттин жалпы жамааты жана студенттер “Манас” айылына барып келишти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер