ЧЕК АРАГА ЖАКЫН АЙЫЛ ЭЛИН ЭВАКУАЦИЯЛОО УЛАНУУДА

  • 16.09.2022
  • 0

Лейлек районундагы 66 мектеп жана 53 бала бакча жабылды. Атышуулар жүрүп жаткан аймактардагы балдардын баары чек арадан алыс аймактардагы айылдарга көчүрүлдү. Бул тууралуу Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жээмуратов билдирди.

Айтымында, Лейлек районундагы чек арага жакын жайгашкан Кулунду, Жаңы-Жер, Бешкен айылдарында аскерлер ортосунда кагылышуулар жүрүп жаткандыгына байланыштуу байланыш үзгүлтүккө учурап, так маалымат алуу кыйынга турууда.

— Чындыгында абал өтө оор, айрыкча чек арага жакын жайгашкан Кулунду, Жаңы-Жер, Бешкен айылдарда атышуулар жүрүп жатат. Ал айылдардагы тургундарды эвакуациялоо иштери азыр да уланууда, себеби ал төмөнкү айыл өкмөттөрдө 60-70 миң адам жашайт. Мектеп окуучулары тууралуу айта турган болсом, биз эртең мененки саат 8ден баштап бардык мектеп, бала бакчаларды жаап, балдарды мүмкүн болушунча алыс алып кетүү аракеттерин көрүп жатабыз, — деди.

Маалыматка ылайык, учурда райондогу 66 мектеп жана 53 бала бакчасы жабылып, жаш балдарды чек арадан алыс жайгашкан айылдардагы элдердин үйлөрүнө, бала бакчаларга, мектептерге жайгаштырууда.

— Достук айылынын тургуну, 9-класстын окуучусу Элиза Маманова качып баратканда тажиктер аткан минометтун чачырандысы тийип каза болду. Азырынча бизге жеткен маалымат ушул. Ылдыйкы зонада эмне болуп жатканын так билүү кыйын болуп жатат. Байланыш улам үзгүлтүккө учурап жаткандыктан, биз маалыматтарды эвакуацияланып келген адамдардан гана угуп, билип жатабыз. Андыктан так, туура маалымат дештен алыс болууңуздарды суранабыз, — деп кайрылды.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер