ЧАЛДОВАР МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНА 20ДАН АШУУН КОМПЬЮТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР БЕРИЛДИ

  • 31.01.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Досманбет Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясына компьютердик жабдыктарды жана техникалык каражаттарды берди.

ЧАЛДОВАР МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНА 20ДАН АШУУН КОМПЬЮТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР БЕРИЛДИ

Маалыматка таянсак, компьютердик жабдыктардын жана техникалык каражаттардын топтомуна төмөндөгүлөр кирет:  21 компьютер; 6 проектор;  2 тармактык коммутатор; 1 көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер); UPS (үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу жабдыгы).

ЧАЛДОВАР МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНА 20ДАН АШУУН КОМПЬЮТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР БЕРИЛДИ

Кошумчалай кетсек, компьютердик класска компьютерлер үчүн 15тен стол, 15тен стул жана системалык блок үчүн 15тен тумба берилди.

Мындан сырткары, мектеп-гимназияда 5 мультимедиалык класс ачылды. Бул математика жана табигый так илим (STEAM) предметтерин окутуу процессинде инновациялык методикаларды жана электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле математика жана табигый так илим предметтерине (физика, химия, биология, география) басым жасоо менен 5-11-класстар үчүн электрондук форматтагы кошумча окуу материалдарын камтыган  санариптик платформаны түзүүгө техникалык жардам көрсөтүлөт. Санариптик контент Досманбет Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясына алкачкы жолу жеткиликтүү болду.

 

— Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Мамбетакунов Уланбек Эсенбековичке терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле компьютердик жана мультимедиалык класстарды ачууда айрым техникалык орнотууларга демөөрчүлүк жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жакышов Русланбек Шергазиевичке да чексиз ыраазычылык билдиребиз. «Балдар – жердин жандуу гүлдөрү» деп айтылбаса керек. Ошол себептен, балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, балдардын тарбиялуу болушуна, толук кандуу билим алышына бирге кызматташып, жемиштүү жыйынтыктарга жетүүгө тынымсыз аракет кылабыз , — дешет мектептин эмгек жамааты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер