Ч.АЙТМАТОВДУН ТУУЛГАН КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 15.12.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУ Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана коомдук саясый изилдөөлөр институту менен биргеликте Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган эл аралык илимий отурум өткөрдү.

Ч.АЙТМАТОВДУН ТУУЛГАН КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Иш-чарага Япониянын Киндай университетинин илимий кызматкери Сей Матцушитанын баяндамасы (ютубда — https://youtu.be/W4eaG2vy9HI), тегерандык Али Али Кебрияйи-заде Ирандагы Чынгыз Айтматовдун басылып чыккан китептери, чыгармачылыгы жана ирандык окумуштуулар тарабынан кандай кабыл алынгандыгы тууралуу макаласы жана башка ондогон атайын изилдөөлөр жиберилген. Иш-чарага Ч.Айтматовдун карындашы Роза Айтматова жана  небереси Асан Ахматов катышып, 12-декабрда жарыкка чыккан «Атам жөнүндө» деген эскерүү китебин презентация кылышты.

Эмиль Каниметовдун башкы баяндамасы «Ч.Айтматовдун феномени кыргыз маданиятынын контекстинде» деп аталып, анда рух дүйнөсү, этникалык руханий маданият табияттагыдай эле мыйзам ченемдүүлүктөргө, өзүнчө өнүгүү закондоруна, кайталанып туруучу кубулуштарга ээ экендиги, британ философу Т.Карлейлдин эмгектерине таянуу менен кыргыз маданиятында «Манас» сыяктуу руханий феномен мезгил мезгили менен кайталанып туруучу кубулуш катары мүнөздөлөт. Азыркы доордо Ч.Айтматовдо ошондой миссия болгонун, тагдыр буюрганын, анын чыгармаларында, феноменинде этникалык духтун руханий салттары, ички мелодиясы, трагедиялык кайрыктары жаӊы формада өзүн тапканы, азыркы руханий кризистик абал мындай феноменди, руханий тажрыйбаны кылдат изилдөөнүн, туура илимий жыйынтык чыгаруунун мааниси артып турган этап катары каралып, Ч.Айтматовдун евразиялык автохтондуу элдердин үнү, руханий символу катары караган бир катар изилдөөлөргө корутунду берилген.

Философ Саветбек Абрасулов Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы инсандык образдар, жашоонун сүрөттөлүшү, адамдык тагдырлар бул белгилүү тарыхый этаптагы кыргыз элинин руханий абалынын көрсөткүчтөрү катары анализ кылып, аны кабыл алуудагы бир жактуулука азыркыга чейин жол берилип келе жатканын, учурунда Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жана инсандык деӊгээли болуп көрбөгөндөй өзгөчбийиктике жеткенине токтолду.

Мурат Мусабаев өзүнүн чыгармачылыгындагы космофилософия багытындагы категориялар, идеялары Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы менен үндөшүп турганы, Ч.Айтматовду руханий издөөнүн баатыры катары санай турганын айтты.

Философия институнун окумуштуу катчысы Арген Кадыров азыр Ч.Айтматовду европалык философиянын алкагында кароого арналган диссертациялык иш жазып жатканын жана Францияда англис тилинде Ч.Айматов тууралуу илимий макаласы чыкканын билдирди.

Ошондой эле КР башка ЖОЖдорунун, илимий мекемелеринин өкүлдөрү он-лайн байланышка чыгып, жасаган билдирүүлөрү угулуп, жиберген макалалары басмага даярдалууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер