ЭКИ МУГАЛИМГЕ  БААТЫР НААМЫ БЕРИЛЕТ

  • 27.02.2023
  • 0

Бул туурасында бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратынын,  билим, илим тармагынын  башчылары менен болгон жолугушуусунда аталган министрликтин жетекчиси Каныбек Иманалиев билдирди.

-Президенттин демилгеси менен быйыл эң жогорку артыкчылык көрсөткөн эки мугалимге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылат. Муну атайын комиссия карап, адилет чечип бериши парз. Президенттин дагы бир катар жигердүү чечимин, колдоосун жарыя айтып коёюн. “Жыл мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө квартира берилет.  Беш предмет боюнча жеңишке жетишкен беш мугалимдин ар бирине бир миллион сомдон сыйлык ыйгарылат. Алар бир жыл бою өкмөттүн колдоосу менен жалпы республиканын мектептеринде  иш-тажрыйбаларын жайылтышат. Дагы бир эң кубанарлык жаңылык — Президентибиз эки-үч жылда миңге жакын мугалимдер турак жай менен камсыз болоорун билдирди, -деди Каныбек Иманалиев.  Министр бул аракеттер мугалимдин коомдук жана кесиптик кадыр баркын бийиктетерин кошумчалады.

«Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылат. “Кут Билим” газетасы өткөн жылдын аягында эле  “эмне үчүн мугалимдерге “КР Баатыры” наамы ыйгарылбайт деген суроо коюп,  “Баатыр баркы бар алты инсан” деп жазды эле.  Оозго сала бергендей болуп жакшы тилек менен баштаган ишибиз Президент тарабынан колдоо тапканы бизди сүйүнттү. Биз баатыр наамына эчак эле татыктуу болгон чыгаан мугалимдердин айрымдарын коомчулукка атай кетели.

ЭКИ МУГАЛИМГЕ  БААТЫР НААМЫ БЕРИЛЕТКыргызстандын эл мугалими Бектур Исаков эң жогорку мамлекеттик сыйлыкка бир нече жолу көрсөтүлдү, бирок саясий жетекчиликтен колдоо болбой келди. Бектур Исаковдун педагогикалык табылгалары, ачылыштары, окутуу технологиясынын жаңылыгы, гуманизми, кыргыз тили жана адабиятын окутуудагы реформасы элибиз үчүн зор иш болду. Анын мугалимдик тажрыйбасы, педагогика илимине сиңирген эмгеги, өлкөбүздүн билим берүү системасында өзүнчө бир жаңы доорду ачты десек аша чапкандык болбос. Агай окутуунун   инновациялык технологияларын республикабызда эң эрте баштаган жана анын натыйжалуулугуна жеткен залкар мугалим.

“Манас” эпосун, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, ыйман сабагы боюнча 50гө чукул китептин, 259 илимий-усулдук макалалардын автору болду. Өзгөчө “Манас сабагы”, “Манас жана дүйнө борбору”, “Манас алиппеси”, 5-класс үчүн “Биздин адабият”, 8-класс үчүн “Кыргыз адабияты”, 7-класс үчүн “Кыргыз тили”, “Сабат алиппеси” ж.б. китептери  мугалимдердин, студенттердин жана мектеп окуучуларынын колдон түшпөгөн окуу китебине айланган.  Агай “Манас” эпосу боюнча окуу китептеринин сериясын жазды. Агайдын “Манас” сабагы” китеби эпосту окутуудагы табылгыс эмгек болду.

ЭКИ МУГАЛИМГЕ  БААТЫР НААМЫ БЕРИЛЕТ

Азыр атагы чыгып турган устат мугалимдин бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, көрүнүктүү педагог Мадаминов Гапыр жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. 1996-жылдан баштап №3-гимназияны ачып, «Энелер мектеби» педагогикалык долбоорун баштап, окуу-тарбия ишинде көп ийгиликтерге жетишти. 2013-жылы “Замандаш” журналынын сурамжылоосу боюнча “Жылдын мыкты ” мугалими аталган.  

Ата-энелердин өздөрүн окутуу жалпы эле окуу-тарбия деңгээлинин жакшыруусуна алып келе тургандыгын Гапыр Мадаминовдун педагогикалык ишмердиги кашкайта көрсөтүп турат.

«Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу деген биздин кулакка чоочун угулушу мүмкүн. Педагогдордун маданиятынын ата-энеге кандай кереги бар? Бул аксиоманы карасак, мындай деген сөз бар экен: «Ата-эне эң алгачкы жана түбөлүктүү мугалим» деген. Үй бүлө дүйнөдөгү эң кичине жана түбөлүктүү мектеп. Мен жалаң гана Мадаминовдун атын атабастан, дүйнөлүк бир-эки шилтеме берейин. Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» деген китебин билесиздер. Ошол жерде айтылып атат, үч жаштан кийин тарбия кеч болуп калат деп. Үч жашты кой, бизде алты жашка чейин балдар педагогикалык маданияты, билими жок ата-энелердин колунда калып, мектепке келип атат»,-дейт Гапыр Мадаминов.

Ата-энелерди окутуу тажрыйбасы жер-жерлерде эң жакшы натыйжаларды берүүдө. Гапыр Мадаминовдун өзүнүн эксперименталдык гимназиясынын окуучуларынын жетишкендиги эле бул жерде эң кашкайган факт. Эгерде ар жылы ЖРТдан окуучулардын республика боюнча орточо баллы 124.5 болсо, ал эми Мадаминовдун гимназиясындагы окуучулардын орточо баллы 173 болуп жатат. Ал эми эң алдыңкы окуучулары алтын сертификат алууда. Бир класстан 23 окуучу бүтсө, анын 18 жогорку окуу жайына бюджеттик орундарга өтүп жатат.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер