БИШКЕКТЕГИ МЫКТЫ МЕКТЕПТЕР АНЫКТАЛДЫ
- 30.08.2022
- 0
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы борбордогу мыкты мектептердин рейтингин түздү.
Иликтөөнүн жыйынтыгында статустуу мектеп-гимназия, лицей, автордук мектептердин ичинен алдыңкы беш орунду төмөнкүлөр ээлеген:
Биринчи орунда №61 автордук физика-математикалык мектеп лицейи; экинчи орунда №6 гимназия мектебинин автордук окуу-тарбия комплекси; үчүнчү орунда №24 мектеп гимназиясы, андан кийинки орунда №69 окуу-тарбия комплекси болсо, бешинчи орунду №9 гимназия мектебинин автордук окуу-тарбия комплекси ээлеген. Ал эми жалпы орто билим берүүчү мектептерден эң алдыңкы беш орун №7, №84, №82, №96 жана №50 мектептердин ортосунда бөлүнгөн.
Бөлүшүү
Комментарийлер