БИШКЕКТЕ РЕКТОРЛОРДУН ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМУ ӨТӨТ

  • 12.09.2022
  • 0

Бишкекте 14-15-сентябрда “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аттуу ректорлордун Дүйнөлүк Форуму өтөт. Ага дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын жүздөн ашуун жетекчилери жана билим берүүдөгү эксперттер келет. 

Форум изилдөөлөрдүн жана инновациялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ЖОЖдордун тажрыйба алмашуусуна негиз болот. Катышуучулар жаштардын илимий-техникалык потенциалын ишке ашыруу, ЖОЖдордун интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу, изилдөө жана билим берүү кызматтарын көбөйтүү үчүн илимий мектептерди уюштуруу жолдорун талкуулашат.

— Форум Кыргызстандын университеттеринин эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусуна өбөлгө түзөт. Африка, Корея, Венгрия, Америка, Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү чакырылды. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму менен биргеликте өтүп жатат. Биздин негизги максат тажрыйба алмашуу аркылуу университеттердин 4.0. моделин, б.а. окуу жайда илим-инновация-өндүрүштү бирге жүргүзүү боюнча ишти колго алып, ар бир окуу жайда стартаптарды, бизнес инкубаторлорду ачып жатабыз. Ушул реформаны ишке ашырууда бизде кайсы жагыбызда кемчиликтер бар, кайсы кенемтени толтурушубуз керектигин аныктап, аны чечүүдө чет өлкөлүк тажрыйбаларды колдонуу, — дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

Форумдун биринчи күнүндө Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус онлайн катышып, видео салам жолдойт. Панелдик сессияда “Инновация — экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы” деген темада Брунел университетинин профессору (Улуу Британия) Татьяна Калганова, Кеттеринг университетинин башкаруу мектебинин деканы (АКШ) Хасиб Дж. Ахмед жана Назарбаев университетинин ректору (Казакстан), доктор Илесанми Адесида баяндама жасайт.

Ошол эле учурда инновациялык саясат жана башкаруу, инновация жана социалдык таасир, инновациялык экосистеманын туруктуу өнүгүүсүн түзүү, инновация тажрыйбасы, жогорку окуу жайларында ишкердикти өнүктүрүү, академиялык жана өнөр жай ортосунда технология алмашуу, стартаптар жана инкубация деген темаларда алдыңкы окуу жайлардын жетекчилери тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Иш-чаранын экинчи күнү Бишкек мамлекеттик университетинде “EXPO Bishkek эл аралык билим берүү жана карьера” деген аталышта уланат. Анда эки тараптуу жолугушуулар болуп, бир катар келишимдерге кол коюлат.

— Азыр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан университеттерди илимдин, инновациянын борбору кылабыз деген  жакшы реформа жүрүп жатат. Биз илим-бизнес-билим берүү деген үч бурчтуктун ичинде иш алып барышыбыз керек. Ал үчүн окуу жайларда бизнес инкубаторлор, стартаптар  ачылды. Буюрса, биздин алдыңкы студенттер идеяларын ошол жактан ишке ашырат. Ушул моделди башка мамлекеттерде эбак эле киргизилген. Андыктан форумдун эң биринчи максаты дал ушул дүйнөдө жакшы тарап жаткан тажрыйбаны Кыргызстанга алып келүү болууда. Эң мыкты практика Кореянын, Американын жана Индиянын окуу жайларында экен. Ошол өнүккөн мамлекеттердин окуу жайларынын жетекчилери келип бизге тажрыйбасы менен бөлүшөт. Экинчи күнүндө Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары өзүбүздүн потенциалыбызды көрсөтөбүз, — дейт Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин ректору Мирлан Чыныбаев.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер