ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН АВТОРЛОРУ ҮЧҮН ГЕНДЕРДИК ДИСКРИМИНАЦИЯГА КАРШЫ ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 29.05.2021
  • 0

26-28-майда Бишкек шаарында окуу-методикалык комплекстерди гендердик дискриминацияга каршы экспертизалоонун методологиясы боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» республикалык илимий-практикалык борбору окуу китептеринин авторлору, ошондой эле болочок авторлор үчүн уюштурду.

ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН АВТОРЛОРУ ҮЧҮН ГЕНДЕРДИК ДИСКРИМИНАЦИЯГА КАРШЫ ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Семинардын катышуучулары:

— окуу-методикалык комплекстерди гендердик дискриминацияга каршы экспертизалоонун концептуалдык негиздери жана методологиясы менен таанышышты;

— окуу-методикалык комплекстерди түзүүдө адам укуктары, гендердик, социалдык инклюзия, басмырлоого жол бербөө маселелерин эске алуунун зарылчылыгы жана маанилүүлүгү жөнүндөгү түшүнүктөрүн жогорулатышты;

— гендердик дискриминацияга каршы экспертизалоо инструменттерин иш жүзүндө өздөштүрүштү.

ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН АВТОРЛОРУ ҮЧҮН ГЕНДЕРДИК ДИСКРИМИНАЦИЯГА КАРШЫ ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Тренингде машыктыруучулук-окутуучулук милдетти Чынаргүл Давлетова, Зульфия Көчөрбаева, Нора Сюналиева, Бактыгүл Исланбековалар аркалашты.

Иш-чараны өткөрүүгө Европа биримдиги, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси (Кыргызстан), «Данило Дольчи» креативдик борбору (Италия), Бириккен Улуттар Уюму ишке ашырып жаткан «Спотлайт» демилгеси, ЮНИСЕФ көмөктөшүп, финансылык колдоо көрсөтүштү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер