БИШКЕКТЕ БОРБОР АЗИЯ IT ФОРУМУ ӨТӨТ

  • 22.03.2023
  • 0

Бишкекте 24-мартта Борбор Азия IT форуму өтөт.

БИШКЕКТЕ БОРБОР АЗИЯ IT ФОРУМУ ӨТӨТ

Форумга Amazon, Washington University өкүлдөрүнүн, ошондой эле IT компаниялар жана маалыматтык технологиялар боюнча факультеттер каралган университеттер менен кызматташууга кызыкдар Япония жана Корея мамлекеттеринен келген делегациялардын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын күн тартибинде эл аралык рынокторго чыгуу үчүн стартаптарды талдоо, алар боюнча кеңеш берүү боюнча сессиялар, Германия, Корея, АКШ жана Япониялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү максатында билим берүү мекемелеринин биримдигин түзүү, ошондой эле IT тармактагы жетишкендиктер үчүн Tech Awards сыйлыгы каралган.

Уюштуруучулар — Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы.

Бөлүшүү

Комментарийлер