БИРИНЧИ КЛАССКА КИРҮҮНҮН МАШАКАТЫ

  • 30.07.2020
  • 0

Быйыл Кыргызстандын алты шаарында электрондук каттоо системасы аркылуу балдарды биринчи класска кабыл алуу жүрүп жатат.

БИРИНЧИ КЛАССКА КИРҮҮНҮН МАШАКАТЫ

Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталганы белгилүү. Жаңы ыкманын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынганын билебиз.

БИРИНЧИ КЛАССКА КИРҮҮНҮН МАШАКАТЫ

Министрликтин пикиринде жаңы система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтып, ошондой эле ал ата-энелерге балдарын мектепке катталуусун жеңилдетет.

Андан тышкары, ал министрликке биринчи класска орун жетпей калган балдардын эсебин алууга, маалыматтарды автоматтык негизде жүргүзүүгө мүмкүндүк бермекчи.

2020-2021-окуу жылына карата балдарды мектепке электрондук каттоо Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында жүрүүдө.
Долбоорго кошулган бул шаарларда электрондук каттоо 15-февралда башталды.

Экинчи жылы ишке ашып жаткан автоматтык система кандай иштээрин эске сала кетсек.
Арыз калтыруу үчүн балдары 1-класска барчу ата энелер, http://mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү документтерди тиркеши керек.
Арыз таштагандан кийин дароо эле система тандалган мектептин директоруна кабарлама берип, ал балдардын тизмесин, тагыраагы мектепке түшкөн арыздардын баарын көрө алат.
Белгилей кетсек, директор ар бир арызды ирети менен карайт, маселен биринчи кайрылуудан баштайт. Экинчиден же бешинчиден баштай албайт. Эгер арыз туура толтурулган болсо,  ал «макул» деген баскычты басат. Система баланын, ата-эненин маалыматтары ката толтурулса, ата-энелерге жеңилдикти көрсөтүп,  арыздан баш тартууга жол берет.

Адамдык фактордун, коррупциялык схемалардын болбошу үчүн арызга макулдук берилбеген учурда директор анын алдына түшүндүрмөсүн,  кабыл албаганынын себебин жазат.
IT-адистер менен Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери системаны жана жумушту көзөмөлгө алышат.

Ошол эле кезде ар бир баланын өзүнүн жеке идентификациялык номери болгондуктан, ата-энелер бир эле бала үчүн эки жолу же бир эле учурда бир нече мектепке арыз бере албайт. Андайда система ал баланын маалыматтары катталганын билдирип, аны кабылдабайт.

Арызга макулдук берилгенде, ата-эненин катталып жатканда жазган электрондук почтасына билдирүү жөнөтүлөт. Билдирүү почтадан башка социалдык тармактарга (Facebook, Odnoklassniki ж.б.) жиберилбейт. Андан кийин ата-энелер документтерди топтоп, мектепке келип, кабыл алуу боюнча арыз жазышат.

Кокус ата-энелер 15-августка чейин арыз берүүгө жетишпей калса, атайын түзүлгөн комиссияга кайрылууга болот.

БИРИНЧИ КЛАССКА КИРҮҮНҮН МАШАКАТЫ

Быйыл балдарды 1-класска электрондук каттоо системасына өзгөртүүлөр киргизилди.
Эгер өткөн жылы алгачкы үч айда жазылуу бир гана микроучастоктордо жүрсө, быйыл бир мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткаркы аймактардагы мектептерге да жазылса болот.

«Мектепке электрондук каттоо системасы» аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн катталган арыздардын саны бир жума ичинде 7178ге жетсе, туптуура бир айдан соң “Мектепке электрондук каттоо системасы” аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн катталган арыздардын саны 10 333 болду.

Бишкек шаарында чукул арада эле арыздардын саны 9133тү түзүп, анын ичинен 4662 бала биринчи класска кабыл алынганы борбор калаада электрондук каттоого ишеним арткан ата-энелердин арбын экенин көрсөтөт.

— Электрондук каттоо башталган күндүн эртеси эле бизде бир да бош орун калбады. Балдарын эне тилинде окутам деген ата-энелер жылдан-жылга көбөйүп баратканы албетте, кубанычтуу көрүнүш, — дейт SOS Герман Гмайнер мектебинин директору Светлана Бакировна.

Бишкектин чеке-белиндеги жаңы конуштарда абал бир кылка эмес. Жаңы конуштарда ички миграциядан улам борборго жумуш издеп келгендер көп. Алардын көпчүлүгүнүн туруктуу жумушу же туруктуу катталган жери жок. Басымдуу бөлүгү батирде турушат.

— Электрондук каттоо жолу аркылуу 130 баланы 1-класска кабыл алдык. Дагы 85 окуучуну алышыбыз керек. Батирде жашаган ата-энелер жашаган жеринен справка алалбай жатышканын айтышууда. Өткөн жылы 50 баланы протокол аркылуу кабыл алганбыз. Быйыл да ошондой болот деген  кооптонуу бар, — дейт Ак-Өргөдөгү №77 орто мектебинин директору Аида Дооталиева.

Жаңы системаны жан дили менен колдогон ата-энелердин катарына Оштун үстү жагындагы Учар айылынын жашоочусу Исраилова Зулайка апаны кошсок болот.

— Жаңы системаңар чынында жакшы экен. Мурун өзүбүз каалаган мектепке окута алчу эмеспиз. Тааныш-билиш кылып атып, сүйлөшүп араң киргизчибүз. Небере кызымды атасы электрондук каттоо аркылуу шаардын ичине жакшы мектепке киргизип койду. Эмне кылат элем, неберемди эки-үч жыл ташыйм да, — дейт ардагер апа.

Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну Сабырова Атиргүлдүн экинчи кызы быйыл биринчи класска барат.
— Айдайым былтыр №26 Полот Жолдошов атындагы орто мектептин даярдоо классына барган. Ошондогу документтердин негизинде биринчи класска шыр кирип калдык, — дейт Атиргүл.

Азырынча эски системада окуучуларды биринчи класска кабыл алып жаткан алыскы  Лейлек районунда учурда 66 орто мектеп бар . Жалпы окуучулардын саны — 26500. Аларга 2050 мугалим таалим-тарбия берет.

— Жаңы окуу жылына карата биринчи класска келүүчүлөрдүн саны 2800дөн ашуун баланы түзөт. Алар мектепке караштуу даярдоо класстарында окушту, — деп билдирди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратов.

Жетекчинин айтуусунда ушул жылдын  5-августунан баштап, аймактагы ар бир мектеп биринчи класска келүүчү окуучулардын  ата-энелеринин арыздарын кабыл ала баштайт.

Мектепке каттоонун жаңы системасында ата-энеге убагында жана ыкчам катталуу үчүн санариптик көндүмдөр зарыл экени айтпаса да түшүнүктүү.

Азырынча мындай көндүмдөрдүн текши эместиги электрондук каттоодогу бирден-бир көрүнүктүү көйгөй болуп турат.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер