БИРИНЧИ КЛАССКА БИРИНЧИ ЖОЛУ

  • 13.08.2021
  • 0

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын райондук билим берүү борборлорун “Балабыз катталбай калды”, “Биз көчүп кетип башка мектепке карап калдык”, “Бизге маалымат келбеди”, “Биз качан чакырат деп документ алып барган эмеспиз” деп тегеренип жүргөн ата-энелерди көрүүгө болот.

Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде, Райондук билим берүү борборлорунда, маалымат такталарда дээрлик 6-7 айдан бери илинип турган жарнакка карабастан, электрондук кезек аркылуу катталбай калган балдарды 1-класска кабыл алуу дагы деле кызуу жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун окуу-тарбия иштери боюнча башкы адиси Г.Алымкулова менен жаңы окуу жылына карата биринчи класска каттоодогу мүчүлүштүктөр жөнүндө айтып берди:

– 2021-2022-окуу жылына карата районубуздун мектептери ишке даяр. Өтө көп ата-эне каттоодон өткөн баласынын документин өткөрүүгө үлгүрбөй калдык деп кайрылууда. Аларды кайрадан кезекке тургузуп, мүмкүн болушунча жардам берип жатабыз. Келген ата-энелер “жеке кабинетке” киргенди билбейт экен, кээ бири кайсы электрондук почта аркылуу катталганын билбейт, көбү чоң балабыз ошол мектепте окуйт, мугалимдери жакшы, тааныш деп алысына карабай башка микроучастокко суранууда. Шарты туура келбеген тургундар да кайрылууда, турак жайы тууралуу тактамасы жоктор, мигранттардын балдарын алып калып мыйзамдуу өкүл (опекунство) тууралуу ишеним каты жоктор. Аларды комиссияда карап чечим чыгарууга туура келип жатат. Райондогу 30 мектептин ичинен 28де электрондук каттоо АМС кыргыз класстар үчүн ачылган, бирок борбордо жайгашкан мектептерде кыргыз класстарга катталуу солгун жүрүүдө. Мисалы №25 мектептин 36 бала окуй турган кыргыз классына үч гана бала катталган.

Ал эми №13 мектеп гимназиясындагы ачылган кыргыз классы орус класс болуп өзгөрүп калуу коркунучунда турат, анткени шаарыбыздын кыргыз тилдүү калкы орус класстарды тандоодо, — дейт ал.

Шаардын мектептериндеги биринчи класстарга каттоо боюнча маалыматка караганда гимназия мектептерге жана дээрлик баардык мектептерде орус класстарына кабыл алуу ыкчамыраак жүрдү. Ушул тапта кыргыз класстарда орун бар экени белгилүү. Комиссиянын чечими менен микроучастокторго бөлүштүрүү мектептин канча окуучуну батыра алуу абалына жараша болууда.

– Соцсервис жакшы иштебегендиктен көп ата-энелер каттоого киргенге жетише албай калды. Бүгүнкү күнгө чейин отура берип эми чуркап баштаган ата-энелер көп болуп жатат. Бир жуманын ичинде бизге 50 арыз түштү. Буга чейин 600гө жакын арыз түшкөн эле. Анын ичинен өз почтасын карабай, базага кирип турбай, логин, паролун билбеген ата-энелердин шалаакылыгынан балдары “просрочка” болуп калган. Алардын жеке кабинетине бизге кирүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан эч жардам бере албадык. Ал эми ал балдарды эми өз микроучастогу боюнча орун болсо кабыл алуу үчүн комиссиянын чечимине коебуз. Мисалы мындай дагы көрүнүштөр болууда: ата-энелер мыкты мектеп деп №70 гимназияны тандап алышат дагы, жашагандыгы тууралуу тактаманы сатып алып тиркеп коюшат, биздин иликтөөлөрүбүздүн негизинде андай фактылар чыгып калган учурлар болду. Бирок ал гимназияда орун калбагандыктан, ал окуучуну өз жашоо аймагындагы мектепке жайгаштырууга каттоо керек. Түшкөн 500дөн ашык арыздын 250сү №70 гимназияга деп жазылган экен. Мектептерде комплектование бүтүп калган учур, бирок ата-энелер бир класста 50-60тан окуса деле мейли дегенге чейин барууда. Мектептердин долбоорлук кубаттуулугуна жараша микроучасток боюнча 75, микроучастоктон тышкары 75 квота берилет, айрым мектептерде кошумча 1-2 класс ачууга туура келет, азыркы комиссияда каралуучу арыздарга ошол класстар туураланууда, — дейт Биринчи Май райондук билим берүү борборунун окуу-тарбия бөлүмү боюнча башкы адиси Н.Маматкеримова.

Биринчи Май РБББда өтүлгөн комиссияга келген ата-энелердин көйгөйлөрүнө көңүл бурсак: – Балдарым Россияга кетип, неберем колумда калган эле. Электрондук каттоого кечигип калдык. №49 мектепке жакын жашайбыз, ошол жакка суранып келдим эле, — дейт К.Акматова. Комиссия чечимин кийинки отурумда, мыйзамдуу өкүлдүгү тууралуу тактаманы толуктап келгенден кийин чыгарарын билдирди.

– №24 мектепке садиктен кийин түз өтөбүз деп ойлодук эле, — деп электрондук каттоого кирбеген ата-эне келди.

–Биз мурда электрондук каттоодон өтүп бирок микроучасток боюнча карабаган №54 мектепке суранып келдик эле, анткени үч балабыз ушул мектепте окуйт, — дейт Сайра Жееналиева.

– №69 мектепке каттоодон өтүп, азыр документиңерди алып келгиле деп мектептен чалып жатышат, биз болсо мурдагы жашаган үйүбүздү сатып жиберип, №24 мектептин аймагынан үй алдык эле. Балабызды ушул мектептен окутууга туура келип калды, чечип берсеңиздер, — деп кайрылды А.Төлөмүшова.

Баланын туулган күнүн өткөрүп, жыл бою окуучу болосуң деп даярдап жатып ата-эне өзү даярдыгы жок же кайдыгер болгону өкүнүчтүү. Баарынан дагы электрондук каттоонун ой чуңкурун өздөштүрө албай жаткан жана ички-сырткы миграциядагы ата-энелер биринчи жолу мектепке бара жаткан баласынын кызыкчылыгын биринчи орунга коюп койсо болор эле.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына караганда 2021-2022-жаңы окуу жылына карата республика боюнча биринчи класстарга 156439 окуучу кабыл алуу күтүлүүдө, анын ичинде: Бишкек шаарында – 20980, Ош шаарында – 9212, Нарын облусу боюнча – 8989, Ысык-Көл облусу – 9850, Жалал-Абад облусу – 30260, Баткен облусу – 15949, Чүй облусу — 24669, Талас облусу – 7587 жана Ош облусу боюнча – 28943.

2019-2020-окуу жылында ишке кирген “Мектепке электрондук каттоо” автоматташтырылган маалымат тутуму үч жылдан бери Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жүргүзүлүп келсе, 2021-жылдын 15-февралынан тарта электрондук каттоонун диапазону кеңейип Каракол, Талас, Нарын, Баткен жана Кара-Суу шаарлары дагы камтылды.

2021-2022-окуу жылына карата биринчи класска кабыл алуу дагы деле улантылууда. Үстүбүздөгү жылдын 16-августуна карата Автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу 26205 бала каттоодон өтүп кабыл алынды. Башка аймактардагы шаар, кыштактарда кабыл алуу салттуу түрдө жүргүзүлүүдө.

Ал эми атайын мектептерге жана класстарга кабыл алуу “Электрондук кезектен” тышкары эле Мамлекеттик муниципалдык билим берүү мекемелеринин Уставына ылайык, психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жолдомосу менен санитардык норма жана эрежелерге ылайык жүргүзүлүүдө.

Сиздин балаңыз биринчи класска барабы? Анда Сиз mektep.edu.gov.kg электрондук дарегине арызыңызды 15-февралдан 15-майга чейин өз жашоо аймагыңыз боюнча жайгашкан мектепке жана башка микроучастоктогу мектепке 16-майдан 15-августка чейин өткөрө аласыз.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер