БИРИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

  • 12.12.2022
  • 0

БИРИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Редакциядан:  Коомчулук кабардар болгондой, 2022-жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Баш мыйзамдын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө Жарлыгына ылайык Биринчи Элдик Курултай болуп өттү. Биринчи Элдик Курултайда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров өлкөдөгү иштин абалы жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары жөнүндө Кайрылуу жасады.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевдин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.Ү.Жапаровдун мыйзам чыгаруу жана мамлекеттик аткаруу бийлигинин бутактарынын иши жөнүндө маалыматтары угулду.

          Эки күндүн ичинде 143 делегат жарыш сөзгө чыгып сүйлөштү. Курултайдын жүрүшүндө эки миңге жакын сунуш-долбоорлор келип түштү жана алар тийиштүү министрликтерге, ведомстволорго жөнөтүлдү. Элдик Курултайдын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы З.К.Базарбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурору К.Т.Зулушев, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү  жана башка  жогорку кызмат адамдары катышты. Биз Биринчи Элдик Курултайдын  Резолюциясын жарыялайбыз.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын талабына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык өткөрүлгөн Биринчи Элдик Курултайдын

 РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

         Бишкек   2022-жыл, 26-ноябрь

Элдик Курултай – кеңешүүчү жана байкоочу коомдук өкүлчүлүктүү жыйын катары элдик демократиянын уюткусу болуп эсептелет.  Курултай – мамлекеттик кызмат адамдары менен элден түз шайланып келген делегаттардын диалогун камсыздаган калыс аянтча катары  коомду жана мамлекетти социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, улуттук коопсуздукту сактоонун, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоонун, руханий-идеологиялык маселелерди чечүүнүн, жалпы улуттук кызыкчылыктарды  макулдашуу аркылуу бир бүтүмгө келип,  ишке ашыруу аракетин көргөн ата-бабалардан калган салттуу жол.

Элдик Курултай – Кыргыз мамлекетин  бекемдөөгө,  элдин ынтымак-биримдигин камсыздоого,  өлкөнүн  туруктуу өнүгүүсүн колдоого, жашоонун сапатын жакшыртууга, маданий өзгөчөлүктү сактоого, ошондой эле  улуттук кызыкчылыктарды ишке ашыруунун тегерегинде коомду консолидациялоого көмөктөшөт.

Элдик Курултайда маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Элдик Курултайдын чечими тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштама катары жиберилет.

Биринчи Элдик Курултай ийгиликтүү өтүп, ага аймактардан – 1036,  диний конфессиялык коомчулуктан – 10, эмгек мигранттардан – 26, жалпысынан 1072 делегат катышты. Анын ичинен: эркектердин саны – 924,  аялдардын саны – 148, жогорку билимдүүлөр – 710, орто билимдүүлөр – 400, жаш курагы боюнча 18 жаштан 50 жашка чейинкилер – 360, 50 жаштан 90 жашка чейинкилер – 723,  өлкөдө жашаган 13 этносун өкүлдөрү катышты.

Элдик Курултайдын ишине Кыргыз Республикасынын аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин жетекчилери, мамлекеттик кызмат адамдары, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер ардактуу конок катары  чакырылып, жалпы улуттук жыйынга 1400гө жакын адам катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Биринчи Элдик Курултайга өлкөдөгү иштин абалы, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары жөнүндө Кайрылуу жасады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиев жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.Ү.Жапаров делегаттарга мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигиндеги жасалып  жаткан күндөлүк иштер жана алдыдагы максаттар  жөнүндө кыскача маалымат беришти.

Ар бир облустан жана республикалык маанидеги Бишкек, Ош шаарынан шайланып келген делегаттар  тиешелүү аймактагы жетишкендиктер жана көйгөйлүү иштер тууралуу маселелерди  көтөрүштү. Эки күн аралыгында 143 делегат жарыш сөзгө чыгып сүйлөдү. Жалпысынан 2000ге жакын жазуу түрүндө суроолор, сунуштар келип түштү жана алар  катчылык аркылуу  мамлекеттик органдардын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тапшырылды.

Чыгып сүйлөгөндөр Кыргыз Республикасынын 31 жылдан бери саясий жана социалдык-экономикалык кризистен чыкпай келе жатышынын негизги себеби катары кадрдык саясаттын каталары, билим берүү системасына тиешелүү көңүл бурулбагандыгы, илимий-изилдөө иштерине мамлекеттик кайдыгер мамиле, сот, прокуратура органдарындагы  көңүл тойгузбаган иштер, мамлекеттик тилдин декларативдүү макамга айланышы, саламаттык сактоо иштериндеги баш аламандыктар, дин ишмердүүлүгүндөгү ырааттуулуктун жоктугу, маданиятка көңүл буруунун төмөндөшү, элдин нарк-насилине, жүрүм-турумуна, таалим-тарбиясына жана дүйнө таанымына туура келбеген сырттан таңууланган чоочун маданияттардын элементтери күндөлүк жашообузга кирип, жыйынтыгында көйгөйлөрдүн чыгыш себептери менен эмес, кесепеттери менен күрөшүү жүрүп  жаткандыгы баса белгиленди.

Ошону менен бирге, көптөгөн жылдардан бери чечилбей, кыргыз жарандарына кыйынчылыктарды жана түйшүктөрдү жаратып келе жаткан кошуна өлкөлөр ортосундагы чек ара маселелери, такталбаган аймактар, калкты тейлөө борборлорундагы көйгөйлөр, коррупциялык көрүнүштөр, райондор арасындагы талаштуу жайыттар, эскилиги жеткен имараттар, жетишпеген мектеп-маданият үйлөрү, өлкө ичиндеги жолдор, суу жетпеген айылдар, үлүш жерлер жөнүндө арыздар, дооматтар, сунуштар айтылды.

Биринчи Элдик Курултай, жогоруда айтылган сын пикирлердин жана ой-сунуштардын негизинде төмөнкүлөрдү сунуштама иретинде

Чечим кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштама: 

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Н.Т.Шакиевдин Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзү жактырылып, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын кыргызчалатуу, жер-суу аталыштарына аяр мамиле жасоо демилгесин колдоого алуу;

— Мамлекеттик тил мыйзамынын ар тараптуу кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алуу;

—  2023-жылдын биринчи кварталына чейин Баш мыйзамдын талабына ылайык  “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын кабыл алып берүү жана ал мыйзамда БШКнын курамына Элдик Курултайдын өкүлдөрүн аныктоо;

— Мыйзам долбоорлорун кабыл алууда жеке адамдын  кызыкчылыгына караганда  элдин кызыкчылыгы жогору экендигин тастыктаган адептик ченемдерди, каада-салттарды, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, өлкөдө жашаган башка этностордун маданий баалуулуктарын чагылдырган иш тажрыйбаны бекем сактоо;

— Мамлекеттик-коомдук өнүгүү  илимий талапка таянып жүргүзүлгөндө гана ырааттуу боло тургандыгын эске алып, илим-билим, технология-инновация, санарип тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлоруна артыкчылык берилип, тийиштүү каражаттардын бөлүнүшүнө шарт түзүү;

— Жарандардын жана юридикалык  жактардын  жеке менчикке болгон  укуктарын коргоо максатында  КРнын жарандык кодексинин 221-беренесинде көрсөтүлгөн  доонун эскириши жайылбаган тараптардын катарынан 2009-жылы 24-июлунда кабыл алынган мыйзамдын негизинде чыгарылган 4-жана 5-пункттарын калыбына келтирип, сотко доо берүүнүн эскирген мөөнөтүнө коюлган чектөөнү алып салуу сунушталсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштама:

 — Кыргыз Республикасы бакубат өлкөгө айланышы үчүн өнүгүүнүн туура жолун тандоо – негизги шарт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн Улуттук Программасындагы, “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктагы түптүү ойлорду  жана Президенттин Элдик Курултайда сүйлөгөн сөздөрүн жетекчиликке алып, “ачык либералдык коом” түзүү багытына караганда, улуттук иденттүүлүктүн нарктуу эрежелерин  туу туткан, руханий-экономикалык тең салмактуулукту карманган жолго түшүүнүн артыкчылыктарын  белгилөө менен коомчулук тарабынан сунушталган “Өнүгүүнүн Кыргыз жолу”  багыттамасын жактыруу;

— Мамлекеттүүлүккө кооптуу кырдаалдарды жараткан коргонуу, чек ара, маалыматтык-идеологиялык, экономикалык, энергетикалык, экологиялык, демографиялык, тамак-аш ж. б. коопсуздуктардын алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүү;

— Коопсуздуктун башкы маселеси катары өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана көз карандысыздыгына  жетишүү үчүн, кошуна өлкөлөр менен талаштуу болгон аймактарды тез аранын ичинде чечип, делимитация жана демаркация иштерин  улантуу, аскердик-куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү;

— Чек ара тилкелерине жаңы айыл-шаарларды куруу, зарылчылыгына жараша элдик кошундарды түзүү жана чек ара тилкелериндеги демографиялык абалды жакшыртуу максатында жаш үй-бүлөлөргө мүмкүн болгон бардык социалдык шарттарды түзүү; ошону менен катар, чек ара тилкелериндеги жарандарга өзгөчө артыкчылык макамдарды берүү;

— Административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруу,  башкаруунун жаңы заманбап жана улуттук ыкмаларын киргизүү, аймактарды комплекстүү өнүктүрүү багытындагы  иш-чараларды иштеп чыгуу, башкаруунун жаңы маалыматтык технологияларын ар бир аймак бирдиктеринде ишке киргизүү;

— Элдин саламаттыгын сактоо тармагынын ишин жогорку деңгээлге көтөрүү максатында илимий изилдөөлөргө басым жасоо, мыйзамдык базасын кеңейтүү, медицина кадрларын мыкты даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүү менен бирге, аларды жумуш орундарына туура жайгаштыруу, дары-дармектердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү, заманбап имараттар жана техникалык жабдыктар менен камсыздоо, оорулардын алдын алуу, профилактикалык иштерди системалык негизде жүргүзүү; сергек жашоо, туура тамактануу, тейлөө маданиятын көтөрүү;

— Жашоо-турмуштун бардык тармактарын өнүктүрүүдө  илимдин мааниси зор экендигин   эске алып, ИДПнын 2,5 % тен кем эмес бөлүгүн илим изилдөө ишмердүүлүгүнө бөлүү;

— Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгынын урматына (2040)  кыргыз тарыхын илимий талаптарга ылайык тактап жазып чыгуу, маанилүү даталарды белгилөөдө маараке-той форматынан, илимий-практикалык конференция багытына басым жасоо, Аттиланын өмүр таржымалына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияны Бишкекте өткөрүү, Арсланбап, Чеч-Дөбө, Кошой Коргон ж.б тарыхый жерлерди мамлекеттик коргоо-колдоого алуу, “Манастөр” руханий адам өнүгүү борборун тикелөө, Боз-Бөлтөктү улуттук парк зонасына айландыруу жана өлкө аймагына улуттук этнокомплекстерди, гео-агропарктарды  куруу аркылуу туризм тармагын өнүктүрүү;

— Манас күнүн белгилөөнү 4-декабрдан, 21-июнга жылдыруу;

— Ата-бабалардан калган  акындык акылмандыкты, эл коргогон эрдикти  жана өнөрдү көтөргөн касиеттерди баалаган салттарды эске алып, аларды илимий негиздеги заманбап улуттук баалуулуктарга айландыруу;

— Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүнү методикалык заманбап санариптик системага салуу,  мамлекеттик органдарда документтер менен иштөөнү жөнгө салуучу акттарга  кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүүнү караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, билим берүү тармагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин арасында маданият, тил  маселесин сактоого көмөктөшүү;

— Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн мектептик билим берүүнү модернизациялоону улантуу, илимий педагогика менен элдик таалим-тарбиянын үлгүлөрүн  айкалыштырган жаңы билим-тарбия берүү стандартын иштеп чыгуу,  “Адам жана коом” предметине адам таануу, кыргыз таануу, манас таануу, дин таануу маселелерин орду менен бап катары киргизүү, орто жана кесиптик окуу жайларга көңүл бөлүү, жогорку кесипкөй педагогдорду даярдоо үчүн шарттарды түзүү жана механизмдерин өркүндөтүү;

— Республиканын аймагындагы авариялык абалдагы мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды, маданият үйлөрүн капиталдык оңдоолордон өткөрүү, зарыл аймактарга жаңыларын куруу, жол, канал, таза суу, жарыктандыруу, жашылдандыруу ж.б. иштерди ирээти менен чечүү  үчүн бюджетке киргизүү, башка да альтернативдүү жолдорун издөө;

— Байыртадан келе жаткан эл башкаруу тажрыйбабызга таянып, үй бүлө, аксакалдар институттарын заманбап калыбына келтирүү аркылуу нарктуулукту сактоо;

— Коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө мыйзамдуулукту бекем сактоо менен бирге,  салттуу жөрөлгөлөрдү колдонуп, элди  уят-намыска чакыруу, адеп-ыйманга маани берүү,  билим-тарбия маселесине басым жасоо;

— Аялдардын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү, алардын демилгелерин колдоого алуу, ден соолугу үчүн кам көрүү, эне-бала маселесине жетиштүү көңүл бөлүү, генетикалык патологияларды эрте аныктоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;

— Өкмөттүн курамында аялдар  9,5%, жергиликтүү бийликте  5,4%, Жогорку Кеңеште 18% гана пайызды түзүп жаткандыктан, аялдарды көбүрөөк жетекчилик кызматтарга тартуу, гендердик  шайкештикти  камсыздоо;

— Калктын табигый кыймылын жана миграцияны эсепке алуунун сапатын жогорулатуу максатында арыз берилген жер боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо практикасын өркүндөтүү зарыл. Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде калктын санын жана калктын кыймылынын көрсөткүчтөрүн баалоонун сапатын жогорулатуу үчүн жашаган жери боюнча маалыматтарды берүүнүн тиешелүү механизмдерин түзүү;

— Чет өлкөлөрдөн өз каалоосу менен Кыргызстанга түбөлүк жашоо максатында келген этникалык кыргыздарга “кайрылман” макамын берип, атуулдук маселесин чечүү, чет өлкөлөрдө абакта жаткандардын жана  кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткан жарандарыбыздын тагдырына мамлекеттик маани берүү;

— 2040-жылга чейинки демографиялык саясат жана улуттук генофонд концепциясын иштеп чыгуу;

— Калктын тез өсүшү Бишкек, Ош  ири шаарларынын айланасында калктын топтолушунун көбөйүшүнө алып келгендиктен, шаардык жана айылдык инфраструктураны (транспорт, канализация, суу менен камсыздоо, калдыктардын бардык түрлөрүн тазалоо жана кайра иштетүү) өнүктүрүү;

— Архитектура жана айыл-шаар курулуш ишинде админстративдик кийлигишүүгө чек коюу, турак жайлардын сапатуу курулушу, жылуулук менен камсыздоодо экологиялык зыян келтирүүнү азайтуу, шаарлардын өнүгүшү капталга карай эмес, бийикти көздөй өсүүсүнө басым жасоо;

— Бишкек шаарынын бюджетин көбөйтүү менен, 2025-жылга  чейин иштелип бүтө турган Башкы планы кабыл алынган соң, аны Президенттин жана коомчулуктун  тыкыр көзөмөлүндө кармап, кынтыксыз ишке ашыруу; борборго жакын спутник шаарча куруу; элди жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында ишканаларды ачуу; башаламан жана мыйзамсыз курулуштарды токтотуу; газдаштыруу жана электрлештирүүгө басым жасоо; тазалыкка маани берүү, таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу;

— “Табиятка шайкештик” программасын ишке ашыруу;

— Республикада пенсия курагында калктын санынын  өсүшү күтүлүүдө, ушуга байланыштуу калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келбөө үчүн пенсия менен камсыз кылуунун учурдагы системасын ресурстук толтуруу проблемаларын чечүү;

— “Жаштар биздин келечегибиз” деген сөзгө толук маанисинде жооп катары жаштарды мекенчилдикке, Ата Журтун сүйүүгө, ар намыстуулукка, ыймандуулукка, улуттук наркты терең үйрөнүп билүүгө жана аны так сактоого тарбиялоо максатында илимий негиздерге таянып, ар тараптуу иштелип чыккан программаны кабыл алуу;

— Элдин деми менен экономиканы көтөрүү, алгылыктуу, келечеги бар демилгелерди колдоо максатында “Эл банкты” түптөө;

— Өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалын толук колдонуу менен бара-бара импортточудан экспортоочуга өтүү жана Борбордук Азиядагы маанилүү транспорттук энергетикалык түйүнүнө айлануусуна жетишүү;

— Электромобилдерди чыгарган завод куруу менен чыгашалуу энергоресурстарды колдонуудан баш тартуу;

— Кыргыз улуттук авиа тармагын мамлекеттик көзөмөлгө алуу, аталган тармактагы коррупциялык элементтерди жоюу аркылуу  бюджеттин дагы бир киреше булагын  көбөйтүү;

— Тоо-кен иштерин ачык-айкын жүргүзүүгө өбөлгө түзүү, жаратылыш байлыктарын иштетүүдө  51% дан кем эмес бөлүгүн  Кыргызстандын үлүшүндө калтыруу жана өнөр жайга инвестицияларды тартуу;

— Өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарын узак мөөнөттүү бюджеттик субсидиялоонун механизмдерин киргизүү;

— Чакан-орто бизнести, тармактар боюнча жеке ишкердикти колдоо жана аларды ар тараптуу өнүктүрүүгө шарт түзүү;

— Тамак-аш азыктарын керектөөнүн  жетиштүү өлчөмүнө ылайык алардын жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү  көлөмдөгү тамак-аш азыктары менен калкты камсыз кылуу;

— Кытай Эл Республикасына экспорттун көлөмүн көбөйтүү максатында эки тараптуу иштиктүү келишимдерди түзүү жана ишке ашыруу;

— Кыргызстан Борбор Азиядагы суу ресурстарын сактаган бирден бир өлкө болгондугун эске алуу менен Кыргызстандагы мөңгүлөрдү коргоо,  жаратылыштын табигый кооздугун сактоо, “Жашыл мурас”  экологиялык программасын колдоого алуу;

— Кыргыз Республикасында электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;

— Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү ар тараптуу колдоо жана жеткиликтүү көлөмдөгү финансылык каражаттар менен камсыз кылуу;

— Өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын экспорттоого шарт түзүү үчүн логистикалык борборлорду уюштуруу, жаңы рынокторду ачуу боюнча мамлекеттик координациялоону күчөтүү;

— Мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө төрт түлүктүн асыл тукумдуулугун  жакшыртууга көңүл буруу;

— Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ата мекендик селекциясын жана үрөнчүлүктү өнүктүрүү жана мамлекеттик көзөмөлгө алуу;

-иче турган таза сууну дүйнөлүк рынокко алып чыгуу;

— Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу иштерин жана ирригациялык иштерди аягына чыгаруу үчүн бирдиктүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу;

— Кыргыз жарандарын тиешелүү жер тилкелери менен камсыз кылуу үчүн атайын  комплекстүү  айкын иштерди жүргүзүү сунушталсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына сунуштама:

— Жарандардын  кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу;

— Шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү;

— Сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, ошол эле учурда сөз маданиятын сактоо да ыйык парзыбыз экендигин эстен чыгарбай,  эркин ой айтуунун аягы саясий куугунтукка айлануусуна жол бербөө;

— Чек ара маселеси боюнча камалгандардын ишин  мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу, күнөөсү жокторду бошотуу сунушталсын.                         

Корутунду

Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууда, ар кандай коомдук-саясий күчтөрдүн мунасага келүүсүндө, элдин ынтымкак-биримдигин бекемдөөдө, билим берүү жана маданиятты өнүктүрүүдө, мамлекеттик түзүлүштүн укуктук  негизин жакшыртууда  укук, милдет, жоопкерчиликтин  мааниси терең экендигин эске алып, мыйзамдуулуктун жана салттуулуктун эрежелерине бирдей таянууга, адилеттикти, калыстыкты,  чындыкты бекем карманууга өзгөчө көңүл буруу аркылуу гана бакубат өлкө кура алаарыбызга бекем ишенип, жалпы Кыргызстандын элине  Кайрылуу кабыл алынсын.

Биринчи Элдик Курултайдын

жыйынына төрагалык кылган                                              К. А. Кошалиев

Жыйындын катчысы                                                            С.А. Кубандыков

 

БИРИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайынын төрагасы Кадыр Амиракулович  Кошалиев менен ат жалында маек

 

  • Дээрлик жыйырма жылдан бери Элдик Курултай институтун коомдук-саясий системага өз ыйгарым укуктары менен орнотуу маселесин көтөрүп келе жаткандардын сапбашында жүргөн адам катары кечээки өткөн Улуттук жыйынга кандай баа бересиз?

 

  • Элибиздин тарыхый салтына жана Баш мыйзамдын талаптарына

Ылайык, Президентин Жарлыгы менен биринчи Уюштуруу Курултайы ийгиликтүү өттү жана максатына жетти  десек болот. “Биринчи” деп аталышынын себеби, Элдик Курултай Баш мыйзамга өз статусу менен киргенден бери Президенттин Жарлыгы менен биринчи жолу  мамлекеттик деңгээлде уюштурулду. Мамлекеттик катчы  С.С.Касмамбетов башында турган Уюштуруу комитети да өз озуйпасын  мыкты аткарды. Жыйында көбүрөөк айылдын элин уктук, тактика ошондой болчу. Улам кийинки жыйындарда илимий-чыгармачылык чөйрөгө, билгилерге сөздү көбүрөөк берип, статегиялык маселелерге басым жасайбыз. Акыркы эки жылдан бери жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, анын негизинде кабыл алынган мыйзам, акт, жарлыктардын мазмунуна назар салсак “ачык либералдык коом” өңүтүнөн, улуттук иденттүүлүктүн, нарктуулуктун жолуна басым жасалып жатканы байкалат. Бул албетте,  адашкан жолдон кайтып, ата-балардын айкөлдүк жолуна багыт алуу дегендик. Түшүнгөн кишиге, бул  түбү терең маселе…

 

  • “Күндөлүк социалдык маселелер көп көтөрүлүп, концептуалдуу ой-сунуштар аз айтылып калды” дегендерге жообуңуз кандай?

 

  • Башталганда эле Президент С.Н.Жапаровдун даректүү тасма

коштогон Кайрылуусунда жасалып жаткан иштер, жакынкы иш пландар, келечектүү максаттар туурасында элге мотивация берген мазмундуу сөзүндө, андан аркы Жогорку  Кеңештин төрагасы Н.Т.Шакиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасы А.Ү.Жапаровдун баяндамаларында бараандуу ойлор, иштиктүү сунуштар айтылды. Андан соң, сүйлөйм деген делегаттар абдан көп болгондуктан регламентти 3 мүнөт тегерегинде  белгилеп, жарыш сөздөрдү баштадык. Жыйында жабык тема болгон жок, баардык маселе ачык көтөрүлдү.  Кошоматчылар келип, кол чаап тарап кетет деген ой жокко чыкты. Элден эки миңге жакын сунуш-долбоорлор түштү. Алардын бир тобу даяр концепция, багыттама, долбоор форматында кагаз жүзүндө келип түштү. Айрымдарын айта кетели – “Өнүгүүнүн кыргыз жолу”, “Кыргыз мурасы”, “Манастөр”, “Нарктуу коом”, “Эл Банк”,  “Келечекке жол”, “Жаштык”, “Табиятка шайкештик”,  “Аялзат”,  “Энелер мектеби”, “Таштандысыз таза Кыргызстан”, “Салттуу билим”, “Жарык”, “Ден соолук булагы”, Медицина тармагы боюнча иш алып барган мамлекеттик “УЛУКМАН” илимий борбору, “Элдик дарыгерчилик жөнүндө” мыйзам долбоору, “Интегративная медицина”, “Единение”, “Баланс”, “Кванттык өтмөк”, “Айкөл”  адам таануу тренинг борбору ж.б.

 

  • Жарыш сөзгө чыккандар үчүн 3 мүнөт аз болгондой туюлду…

 

  • Баардык маселени делегаттарга добушка салып чечип жаттык. Анчалык

элди укпаганыбызда зал жарылып кетмек… Беш жүзгө жакын делегат жарыш сөзгө жазылып, анын араң 143нө сөз жетти. Кара кылды как жарган калыс сөздөр көп эле айтылды, бирок баары эле укмуш сүйлөдү деп да айта албайм, көрүнүп коюш үчүн чыккандар да болду. Мен деле эл катары  жарыш сөз алып, 3 мин 20 секунда ичинде 14 сунуш айтыптырмын. Кириш сөздөр узарып кетип жатты. Мындайда убакытты туура пайдаланып, ток этерин айтуу керек.

 

  • Мындан аркы кадамдар кандай болмокчу?

 

  • Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу маселеси көңүл борборунда болмокчу. Президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” туурасындагы, “Улуттук нарк жөнүндө” чыгарган ж.б. Жарлыктарын турмушка ашыруу багытындагы иштерге көмөктөшмөкчүбүз. Курултайлардын ортосунда туруктуу иш алып барган, 21 адамдан турган Аксакалдар кеңеши макулдашып ишке кириштик. Аксакалдар, аялдар, жаштар,  билгилер, аймактар, чет өлкөлөрдөгү  мекендештер багытында иштер жүрмөкчү Андан сырткары “Элдик демилгелер борбору” маалымат-талдоо кызматы иштейт.
Бөлүшүү

Комментарийлер