“БИЛИМ ЗАЛЫ” – ТАРЫХ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕ КӨПҮРӨ

  • 27.09.2019
  • 0

Жакында Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунда  “Билим залы”ачылды. “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын” алкагында уюштурулган бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы атайын укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Г.Аширова, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, облустун алдыңкы мугалимдери, мектеп директорлору,  облустун билим берүү тармагынын мурунку жетекчилери А.Б.Абдрашев А.А.Акпаралиев, Т.Тургунбаев жана У.Акматовдор катышты.

“БИЛИМ ЗАЛЫ” – ТАРЫХ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕ КӨПҮРӨ

Иш-чарага келишкен коноктор алгач областтык билим берүү усулдук борборунун 4,8 млн сомго капиталдык ремонттон өткөрүлгөн окуу кабинеттерин, компьютердик бөлмөлөрдү, усулдук бөлмөлөрдү көрүшүп, алардын жасалгаланышы, жабдылышы менен таанышты.

— “Билим залын” түзүүдө биз облуста 1991-2019-жылдар аралыгында билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, башкарууга өз салымдарын кошушкан билим берүү башкармалыгынын жетекчилеринин, кесиптик кошуундардын төрагаларынын эмгектерин белгилөөнү, ошондой эле акыркы 5 жыл ичинде окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө өз салымдарын кошушкан алдыңкы мектеп директорлорунун, мугалимдеринин ысымдарын даңазалоону көздөдүк, — деди салтанатта Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директору Акылбек Токтосунов.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин экс-статс-катчысы А.Б.Абдрашев усулдук борборго белекке китептерди тапшырды.

— Бүгүн мына бардыгыбыз сапаттуу   ремонттон өткөрүлгөн кабинеттерди көрдүк. Мында иштеген кызматкерлерге да эң жакшы шарттар түзүлүптүр. Билим залындагы “Ардак тактада” облустун эң алдыңкы директорлору менен мугалимдеринин сүрөттөрү илинип турат. Бул мыкты саамалык. Анткени сүрөттөрү илинген агартуучулар башкаларга да үлгү болот, — деди Акунжан Баказович.

Ош областтык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы А.А Акпаралиев өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду.

-Мен облустук билим берүү башкармалыгына 6 жыл жетекчи болдум. Ошондо окуучулардын билим сапатын көтөрүү, олимпиадада жакшы көрсөткүчтөргө              жетишүү багытында бир топ иштерди  баштадык эле, мына ошол максаттар азыр үзүрлүү ишке жатыптыр. Ушуга кубанып турам, — деди Арым Абдылдаевич.

Жалал-Абад шаарынын №4 мектеп-гимназиясынын директору А.А.Токтосунов  облустун 15-20 жыл аралыгындагы билим берүү тармагындагы жетишкендиктерин кынтыксыз чагылдырган бул залдын ачылышын колго аралык демилге катары баалады.

— Сиздердин 2002-2019-жылдардагы Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча “ Алтын сертификаттын” ээлеринин  сүрөттөрүн илип, аларды даярдаган мектеп  жетекчилеринин ысмын атаганыңар туура болуптур.  Ушул саамалыкты шаардык жана райондук масштабда улантыш керек, -деп айтты мектеп-гимназиянын директору.

Бул күнү окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө зор салым кошуп, республиканын деңгээлинде зор ийгиликтерди жаратып жатышкан мектеп директорлору А.Токтосунов, А.Тургунбаева,  А Тулекеева, Е.Дубинина, Я. Йылдыз жана М. Кошунбетовдорго эстелик сертификаттары ыйгарылды.

Ал эми республиканын предметтик олимпиадаларга акыркы үч жылда өз окуучуларын мыкты даярдашкан  Аксы районундагы Ж. Мавлянов атындагы инновациялык мектебинин англис тили мугалими  Б.Жоробаева, Сузак районундагы №9 Мичурин атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими З.Алиева, Майлуу-Суу  шаарындагы №4 Ю.А. Гагарин атындагы гимназия  мектебинин  орус тили жана адабияты мугалими Е. Дубинина жана Сузак районундагы №27 Ю.А Гагарин атындагы  орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими С.Орозовалар облустук билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Иш-чаранын аягында облустук билим берүү усулдук борборундагы республикада биринчи болуп ачылган “ Билим залын”  райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө түзүү демилгеси колдоого алынды.

А.Алибеков, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер