БИЛИМ-ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ЖАРДАМЫ

  • 14.05.2019
  • 0

      Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн  аракети менен А.Орозбеков атындагы орто мектептин базасында башталгыч класстардын окуучуларына билим берүүдө  заманбап технологияларды пайдаланып  окутууга багытталган райондук сабак-семинар өткөрүлдү.

БИЛИМ-ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ЖАРДАМЫ

 

БИЛИМ-ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ЖАРДАМЫ

Семинар райондун булун-бурчунан келген 150 мугалимдин жана Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары: Башталгыч билим берүү теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент М.Шаимкулова, университеттин  ага окутуучу А.Ибайдуллаев, ушул эле кафедранын доценти “Маданияттын мыктысы” төш белгисинин ээси, обончу жана аткаруучу Т.Турдубаев жана ага окутуучу К.Джанибаевдин катышуусунда өттү.

БИЛИМ-ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ЖАРДАМЫ

Семинардын программасынын алкагында мектептин мугалимдеринин күчү менен башталгыч класстарда  замандын талабына ылайык  инновациялык усулдарды колдонуу менен көрсөтмөлүү ачык сабактар өткөрүлүп,  балдарды коргоо уюмунун долбоорунун негизинде Кулбаев атындагы орто мектептин мугалимдери К.Байматова жана Н.Кочкорова  тарабынан “Позитивдүү тарбия” деген темада мугалимдерге сабак өтүлдү.

Көркөм өнөр сабагы боюнча “Түстүү кагазда иштөөнүн усулдары” деген темада К.Джанибаевдин мастер-классы болду, мектептин мугалимдери жана окуучулар жамааты тарабынан даярдалган А.Орозбековдун 130 жылдыгына жана Кадамжай районунун 80 жылдыгына карата “Кадамжай менин кичи мекеним” аттуу темада класстан тышкаркы иш чара өткөрүлдү. Ошондой эле кол өнөрчулүк боюнча көргөзмө тартууланды. Семинардын жүрүшундө мугалимдердин жүрөк өйүткөн суроо-талаптарынын айланасында кеңири талкуу жүрдү.

БИЛИМ-ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ЖАРДАМЫ

М.Шаимкулова башталгыч класстын окуучуларына  сапаттуу билим-тарбия берүүдө мугалимдин кесиптик деңгээлинин  жана алардын педагогикалык потенциалын өстүрүү маселеси  зор мааниге ээ экенин белгилеп, аларга  талапка ылайык керектүү методикалык жардам көрсөтүүнү сунуштап кетти.

БИЛИМ-ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ЖАРДАМЫ

Семинардын натыйжасында райондук билим берүү бөлүмүнүн усулканасынын жетекчиси М.Ганыбаев, мектептин директору Я. Атабеков, башталгыч класстарынын усулчусу К.Актураева ачык сабактар боюнча мугалимдерге ыраазылыгын билдирип, Арпа-Сай атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Абдрахманованын кыргыз тилинен өткөрүлгөн сабагын эң мыкты деп баса белгилеп кетти.

Н.Исманова

Бөлүшүү

Комментарийлер