БИЛИМ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮН АЙКАЛЫШЫ  

  • 06.02.2020
  • 0

Кесиптик билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу максатында Кыргызстанда Квалификациялардын улуттук системасы иштелип чыкты. Өткөн жуманын соңунда бул системанын аткарылышы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, жеке ишкерлер, жогорку, орто жана башталгыч  кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолугушуп, эмгек рыногундагы квалификацияларга карата суроо-талапты жогорулатуунун, билим берүү менен эмгек рыногунун байланышын арттыруунун, билим берүү системасын улуттук экономиканын муктаждыктарына адаптациялоонун жолдорун талкуулашты.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛАРДЫН УЛУТТУК СИСТЕМАСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

БИЛИМ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮН АЙКАЛЫШЫ  

Квалификациялардын улуттук системасы – билим берүү жана эмгек рыногунун  өз ара аракеттенүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берүүчү механизмдердин жыйындысы. Ал өзүнө квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын, кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана аларды таануу процедураларын, билим берүү уюмдарынын жана программалардын квалификацияларын баалоо системаларын камтыйт. КР Өкмөтүнүн токтому менен Квалификациялардын улуттук системасынын концепциясы дагы кабыл алынган. Ал Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” программасынын алкагында ишке ашырылууда.

 

ЭМГЕК РЫНОГУНУН ТАЛАБЫНА ЖАРАША АДИСТЕР ДАЯРДАЛАТ

БИЛИМ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮН АЙКАЛЫШЫ  

Жыйында айтылган бизнес-ассоциациялардын, ЖОЖдордун, колледждердин жана кесиптик лицейлердин өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен  окуу программаларына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип, ар бир кесип ээсинен талап кылынган жөндөмдөр иштелип чыгат. Анын негизинде билим берүү стандарттары кайрадан каралат.

БИЛИМ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮН АЙКАЛЫШЫ  

— Долбоордун алкагында билим берүү стандарттары каралган соң, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча көптөгөн иштер жасалат. Мындан сырткары, улуттук квалификация системасынын алкагында учурда эмгек рыногу кандай жөндөмдөрдү талап кылып жатканы такталат.  Билим берүү багытындагы стратегиялык документ бекитилет. Долбоордун мөөнөтү 2021-жылдын соңуна чейин каралган. Ага чейин билим берүү системасына конструктивдүү өзгөрүүлөр кирет, — дейт Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик деңгээлин аныктоочу документ ыйгарылат. Ал көз карандысыз комиссия тарабынан берилет. Документ эл аралык стандарттарды камтып, бүтүрүүчүлөрдүн  башка мамлекетте жумушка орношуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

  • Негизи бул абдан маанилүү. Себеби биз даярдаган балдар ”окууну бүттү“ деп кагаз алат, бирок анын квалификациясы, кандай жөндөмгө ээ болгону жазылбайт. Бул башка мамлекеттерде чоң мааниге ээ. Ошондуктан бүтүрүүчүнүн колундагы документине квалификациясын так жазып, рамкаларын тактап беришибиз керек. Себеби  ошол деңгеелине жараша эмгек акы төлөнөт, — дейт Билим берүү министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин башчысы Рита Карасартова.

 

 

ӨНДҮРҮШ МЕНЕН ОКУУ ЖАЙЛАР БИРГЕЛЕШИП ИШ АЛЫП БАРАТ

БИЛИМ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮН АЙКАЛЫШЫ  

Р.Карасартованын айтымында, Жогорку Кеңеште өндүрүштө да билим алууга шарт түзүү үчүн дуалдык окутуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Ал колдоо таап калса, студент бир күнү партада отуруп теориялык билим алса, экинчи күнүн өндүрүшкө барып, теориялык алган билимин практика менен айкалыштырып, тийиштүү тажрыйба топтой алат.

— Буга бизнес сектор эки колдоп макул болот деп ишенем. Анткени буга чейин бизге ишенбей “Силерден келген балдарды кайра окутууга туура келип жатат” дешип, кадрларды өздөрү даярдаганга барып калышкан. Негизи студенттер жумуш берүүчүлөргө максималдуу жакындашы керек. Себеби көп окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы эски, бизнес болсо алдыга жылып жатат. Ошондуктан окуу  жайлар дайыма жаңыланып турушу керек. Аларда болсо мындай мүмкүнчүлүк жок, — дейт Р.Карасартова.

Бул көйгөйдү жоюу үчүн жумуш берүүчүлөр Билим берүү министрлиги менен чогуу иш алып баруу зарылдыгын жана биргелешип иш алып баруу үчүн аракеттер көрүлүп жаткандыгын  Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Амангелди Давлеталиев дагы тастыктады:

— Позитивдүү жыйынтык бирге иш алып барганда гана ортого чыгат. Бирок бизнес коомчулугу да жакшы уюштурулбай, көйгөйлөр чыгып жатат.  Учурда анын үстүнөн иш алынып барылууда. Кесиптик лицейлер миңдеген студенттерди окутуп чыгарат, бирок алардын техникалык жабдуулары эски. Ал эми жаңы технология алгач фирма, компанияга келет. Ишканалар окуу жайларга жардам берип, чогуу иштешсе же тажрыйба алмашууга шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Болбосо ушинтип жүрө беребиз.

Билим берүү министрлигинин алдындагы Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр долбоорунун аткаруу бөлүмүнүн жетекчиси  Нурлан Атакановдун айтымында,ошол эле учурда   квалификациялардын улуттук системасынын эффективдүү иштөөсүндө жумуш берүүчүлөр өздөрүнүн ролун толук түшүнбөй жатат.

— Биз аны түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Анткени долбоордун алкагында кесиптик стандарт түзүп жаткан кезде жумуш берүүчүлөрдү камтышыбыз керек. Бирок аларды да туура түшүнүү зарыл, себеби жумушу менен алектенип, убактысын короткусу келбейт. Бирок азыркы долбоордун эртеңки пайдасын жумуш берүүчүлөр көп көрөт. Андыктан биз менен иштешебиз деген бирикмелерге эшигибиз ачык, — дейт Н.Атаканов.

 

 

КЕЛЕЧЕКТИН КЕСИПТЕРИ

БИЛИМ МЕНЕН ӨНДҮРҮШТҮН АЙКАЛЫШЫ  

Рита Карасартованын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте Кыргызстан үчүн келечекте кандай кесиптер керектигин аныктап алышы керек. Себеби бүгүнкү күндө келечеги жок кесиптер дагы даярдалып келет.

  • Евросоюздун туриндик иликтөөсү 28 мамлекетте кесиптик окутуу боюнча анализ жүргүзүп турат. Иликтөөнүн анализин карасак  Кыргызстанда даярдалбай жаткан, бирок эртеңки күнгө керектүү кесиптер абдан көп экен. Мисалы, Таласта кен өндүрүлөт, бирок ага зарыл болгон адистер жок. Же болбосо Ысык-Көлдө тоо туризмине керектүү кадрлар аз даярдалат.  Жыл  сайын бизде 15 миңге жакын түрдүү кесипке ээ болгон адистер аяктайт. Изилдөөгө таянсак, ошолордун  4%  жумуш таба албай калат экен. Ошол эле учурда нормадан ашыкча даярдалып жаткан адистер дагы көп экен. Бирок биз башка мамлекеттерге, мисалы, Россия, Казакстанга  дагы адистерди даярдап жатканыбызды унутпашыбыз керек, — дейт бул жетекчи.

Билим берүү жана илим министринин орун басары  Нурлан Өмүров ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде пайда болгон кесиптерди эми Кыргызстандын окуу жайларына киргизүү максаты тургандыгын айтат. Учурда бул боюнча эки пилоттук долбоор иштеп жатат. Кен иштетүү, геология, IT адистерин даярдоого көбүрөк басым жасалууда.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер