БИЛИМ МЕНЕН ИШЕНИМ “КАГЫЛЫШЫП” КАЛБАСЫН

  • 09.09.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-ж., 8-июндагы «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө» Жарлыгына, жаңы кабыл алынган жалпы орто билим берүү стандартынын жана жаңы иштелип чыккан предметтик стандарттын негизинде окуу китебине толуктоолор киргизилип, жарык көрдү. Жаӊы китептин PDF форматындагысын барактап көргөндөн кийинки ойлорумду ортого салууну чечтим.

 

Сабактын керектиги, жаӊыча окутуу мүмкүнчүлүгү

 

Адегенде бул сабактын башкы максатына ылайык келген жактарын белгилейин. Китептин биринчи бөлүмүндө дүйнөлүк диндер (христианчылык, буддизм жана ислам) тууралуу кыскача маалымат берилиптир. “Мамлекет жана дин” деп аталган соӊку 4-бөлүмүндө Кыргызстандын бул жааттагы саясаты, радикализм, экстремизм жана террористтик уюмдар, конфессия аралык сабырдуу мамиле жөнүндө жакшы эле айтылыптыр.

Негизги тексттен мага айрыкча жаккан жерлеринен келтирейин:

Негизинен бардык эле диндер адам баласына жакшы менен жаманды айырмалап, жакшы жашоосуна жол көрсөтүү же болбосо өбөлгө түзүү үчүн жиберилет”.

Китептин авторлору силер окуу китебин кунт коюу менен окуп, жакшы кабыл аласыӊар деп ишенишет. Дин, анын негиздери, коомдогу орду жана ролу тууралуу негизги теориялык түшүнүктөр өтө маанилүү экендигин сезе билишиңер керек. Силер кыргыз элинин диний салттары, алардын биздин мезгилдеги өнүгүшү жана өлкөдөгү диний кырдаал жөнүндө маалымат келечек жашооңор үчүн өтө маанилүү”. (“Киришүү”, 5-бет.)

Дагы бир жакшы келкисин окуйлу (сүйлөмдөрдүн синтаксистик каталарына көӊүл бурбай коё туралы):

“Абу Ханифанын методологиясынын дагы бир өзгөчөлүгү, талкуу – интерактивдүү ыкмасында турат. Ал өзүнүн окутуу ыкмасында фикх боюнча жаралган маселени шакирттеринин ортосуна таштап, ар бири бул маселе боюнча оюн айтууга мүмкүндүк берген. Мындай активдүү ыкманын таасири астында аудитория кадимкидей жанданып, уу-дуу түшкөнгө чейин барган. Бир эле маселе өзүнүн так жана аргументтүү жообун тапканча күн тартибинен алынган эмес”. (77-бет)

Бул абдан орчундуу маалымат. Борбор Азияда, анын ичинен биздин Кыргызстанда тамырлаган ханафий мазхабынын эӊ башкы артыкчылыктары: таалимдин бир беткей монологго эмес, талкууга, диалогго негизделгендиги, адамдын акыл-эс дареметине ишенимдин күчтүүлүгү, диний эмес чөйрөдөгүлөр менен мунаса кылууга кыйла ийкемдүү экендиги ж.б.у.с.

Эгер бул жерде айтылган принципти мугалим толук колдоно билсе, диндердин өнүгүү тарыхы ушул усул менен окутулса, окуучулар кайдыгер болбой, көп нерселерди жакшы түшүнүп алат. Дин менен диний эмес чөйрөнүн, мамлекет менен жарандын өз ара мамилелерин улам тереӊдете окуп-үйрөнүүгө дилгирленет.

Бирок, өкүнүчтүүсү, окуу китепте эркин талкуу жүргүзүү учурунда мугалимди ыӊгайсыз абалда калтыра турган жерлери да бар экен.

 

Чийки келкилер

 

Китептин айрым жерлерин мектеп окуучулары эле эмес, чоӊ кишилер деле түшүнүшү кыйын. Мисалы:

“Курандын адамдын адеп-ахлактык мүнөзүнө карата мындай тең салмактуу мамилеси алардын адеп-ахлактык абалын жана артыкчылыктарын бирдей баалоого алып келген. Курандын адамга болгон этият оптимизми Ислам адеп-ахлагынын диний мүнөзгө ээ экендигин айгинелейт. Ошол эле мезгилде Куран менен сүннөткө каршы келбөө шарты менен аалымдардын, даанышман олуялардын жана коомдун (улуттун) жол көрсөтүүчүлөрүнүн пикирлери, насыйкаттары да адеп-ахлактын негиздерин түзөт”. (56-57-беттер).

Буга чейинки абзацта адам табиятынын рухий жана биологиялык жагы жөнүндө айтылган. Бирок такыр башка, чубалжыган сөздөр менен бүдөмүк жазылгандыктан, кийинки абзац да түшүнүксүз болуп калган.

Кийинки абзацтын баш жагы:

 “Исламда адеп-ахлак толугу менен жогоруда айтылган диний принциптерге жана эрежелерге негизделген. Бардык мусулмандар Курандын буйругун аткарып, пайгамбардын окууларына ылайык жашашкан”.

Бул келегей сүйлөмдөрдөгү “толугу менен”, “бардык мусулмандар” деген апыртма сөздөр сабакта мугалимди окуучулардын алдында ого бетер ыӊгайсыз абалда калтырышы ыктымал. Мындагы авторлордун айткысы келген оюн чечмелеп берейин десе, логика аксап турат. Анткени пайгамбардын тирүү кезинде да, андан кийин да түркүн маселелер боюнча пикир келишпестиктер, ар кандай саясий тирешүүлөр, бийлик талашуулар болгондугу тарыхтан белгилүү.

Эгер Курандагы көптөгөн аяттарды “бардыгы” жетик түшүнүп, тийиштүү эрежелерди күнүмдүк тиричилигинде “толугу менен” аткарып турган болсо, анда азыркы кезге чейин токтобой улантылып келаткан талаштар чыкмак эмес да, мазхабдар, түркүн агымдар пайда болмок эмес. Курандын өзүндөгү “жокко чыгарылуучу” жана “жокко чыгаруучу” аяттар да болмок эмес.

Чындыгында бул обүективдүү жагдайлардын баары ар кандай окуунун же диндин табиятына, жаралуу, өнүгүү диалектикасына мүнөздүү келет. Ошондуктан авторлор муну логикага сыйгыдай түшүндүрө албаса, китепке кошпой эле койсо болмок.

Жогорудагы абзацтын уландысы:

“Пайгамбардан кийинки доордо пайда болгон жаңы кырдаалдын алдында аздыр-көптүр жаңы адеп-ахлак үлгүлөрү пайда болсо дагы, алар Куранды негиз кылышкан. Ал эми кийинки учурларда пайгамбардын жана анын сахабаларынын жашоосунан үлгү алуу менен биргеликте, айрыкча кыргыз жергесинде Ханафи мазхабынын жана кыргыздын улуттук баалуулуктарынын негизинде салттуу Ислам адеп-ахлагын сактоого негизделген түшүнүк пайда болгон. Адеп-ахлак жөнүндөгү чыгармалардан же ушул тармактын өзгөчө маселелеринен турган бай маданият пайда болуп, азыркыга чейин сакталып келүүдө”.

Айтмакчы, “бардык (баары)” деген сөздү сахабалар жөнүндөгү абзацта да ойлонбой эле колдоно бериптир (авторлордун кимиси болсо да).

“Сахаба сөзү араб тилинде «жолдоштор, достор» деген маанини туюнтат. Ал эми Ислам дини боюнча, жашоосунда жок дегенде бир жолу Пайгамбарды көргөн момун-мусулмандын баары сахаба болуп саналат. Ушундан улам, Пайгамбардын доорунан кийин эч ким сахаба боло албайт. Пайгамбарды көргөндөр сахаба деп аталса, сахабаларды көргөндөр табийин, табийиндерди көргөндөр табаи-табийин деп аталат”. (59-б.)

Ошол доорду баяндаган булактарга (мисалы, байыркы араб поэзиясы менен санжырасын мыкты билген, Мухаммед пайгамбардын ишмердигине тиешелүү маалыматтардын дээрлик баарын чогултуп жазган энциклопедист Мухаммед ибн Исхактын кийин Абд аль-Малик ибн Хишам кыскартып, Куранга тууралап иштеп чыккан “Мухаммед пайгамбардын өмүр баяны” аттуу китебине) кайрылсак, пайгамбарды көргөндөрдүн арасында түркүн-түмөн адамдар болгонун билебиз. Динди формалдуу деӊгээлде гана кабылдагандар, ислам динин кабыл алып, кийин айнып кеткендер, атүгүл каршы согушкандар да болуптур. Бул табигый, мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Айтмакчы, китептин үч ирет сынактан өткөн текстин автордук курамга быйыл кошулгандар 90 пайыздай өзгөртүп ийгендиктен баштапкы варианттын авторлору дээрлик баары (Г. Исаевадан башкасы) китепке өздөрүнүн аты-жөнүн жазганга уруксат бербей чыгып кетиптир. Тексттеги алешемдиктердин бир себеби ушул окшойт. (Авторлордун мурунку курамында болгон тарыхчы М. Иманкуловдун ушул сабак, окуу китеби тууралуу макаласын жакында сунуштайбыз).

 

Билим менен ишеним “кагылышып” калбасын

 

Китептин негизги бөлүгүндө ислам динине тиешелүү маалыматтар берилгендигин авторлор Кыргызстандын калкынын 80 пайызын мусулмандар түзөт деген жүйө менен түшүндүрүптүр. Ошондо деле бул сабактын максаты диний үгүт эмес, биринчи кезекте динге карата сергек көз карашты калыптандыруу, дин чөйрөсү менен диний эмес чөйрөнүн ортосундагы мунасалуу, өз ара сый мамилеге өбөлгө түзүү болушу керек.

Бул сабакка байланышкан дагы бир маселе бар: дини башка балдар ислам жөнүндө мынчалык көлөмдөгү маалыматты билиши зарылбы? Аларды буга милдеттендирүүгө болобу?

Предмет аралык байланыш сөзсүз эске алынууга тийиш. Ырас, мектеп программасындагы тарых, адабият, математика, физика, химия сыяктуу предметтердин илимий мазмуну менен диндердин өнүгүү тарыхынан сунушталып жаткан мазмун бир катар маселелер боюнча дал келиши кыйын. Тескерисинче, каршы келип калган учурлар кыйла. Бирок дүйнө таанымдагы бул ажырымды көрмөксөн, билмексен болуп койбош керек.

Ушул ыӊгайдан алганда, мисалы, биологиядагы эволюция теориясы менен диндеги креационизм идеясы, физиканын мыйзамдары менен диний баяндардагы керемет окуялар кескин каршы коюлуп калбашы үчүн авторлор метафора, салыштырмалуулук, символизм сыяктуу түшүнүктөрдү ыгы менен колдоно билсе жакшы болмок. Ошондой эле адам баласынын байыркы доорлордон берки мифтериндеги көптөгөн “гипотезалар” кийин илимий негизде ишке ашырылганын да айта кетүү кажет.

Коомдогу көз караштардын ар түрдүүлүгүн тийиштүү деӊгээлде сактоо, коргоо зарыл. “Мен (биз) айткан нерсе гана чындык, башкалар баары адашкандар!” (же сталинчесинен “Бизге кошулбагандар – биздин душмандар!”) – деп зиркилдеп турган “бир пикирдүүлүк” өтө чоӊ кесепеттерге алып келерин тоталитардык коомдордун тажрыйбасы далай ирет тастыктаган эмес беле? Анүстүнө азыркы маалымат доорунда мугалим билбеген нерселерди айрым балдар таап чыгышы толук ыктымал. Ошондуктан бул сабакта илимий, бейтарап маалыматтарга басым жасалганы оӊ.

Коом жана инсан, мамлекет жана жаран, дин жана илим (же диний эмес чөйрөлөр – маданият, көркөм өнөр, илимий-техникалык прогресс ж.б.у.с.) ортосундагы кыйла татаал мамилелер тутумун балдарга бир эле сабактын, болгондо да ушул эле окуу китептин чегинде жетиштүү чечмелеп берүү дээрлик мүмкүн эмес.

БИЛИМ МЕНЕН ИШЕНИМ “КАГЫЛЫШЫП” КАЛБАСЫН

Көбүрөөк билгиси, тереӊирээк түшүнгүсү келгендерге кошумча булактарды, мисалы, таанымал авторлордун эмгектерин, интернеттеги сайттарды, башка жалпыга маалымдоо каражаттарын тизмелеп берсе болот. Мисалы, ушул маселелер боюнча Элмурат Кочкор уулунун “Ислам – илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини” деген жыйнагы бул сабактан окута турган мугалимдер менен өз алдынча ой жүгүрткөн окуучуларга абдан керек деп эсептейм. Альтернативдүү маалымат булактары диндердин өнүгүү тарыхы боюнча шашылыш чыгарылып калган окуу китептин кенемтелерин толукташ үчүн зарыл.

 

Согушчан атеизм да, диний фанатизм да керек эмес

 

Сөз соӊунда динге берилүүнүн чеги, чени болушу керектигин баса белгилейли. Ашынган фанатизм жөнүндө айтсак, анын канчалык коркунучтуу экенин алыс барбай ооган элинин эле тагдырына көз чаптырсак жетишет.

Атеизм да ар түрдүү болот. Мунун согушчан түрү эң жаман – адамдарды Кудайга ишенгени үчүн эле жек көрүп, динди күч менен жоюп жок кылыш керек дегенге чейин барат. А илимий негизде талдап, динге ишенгендердин жан дүйнөсүн түшүнүп, сезимине акарат кылбаган адептүү атеисттер башка. Кудайдын бар же жок экенине толук ишене албай, бар болушу да, жок болушу да мүмкүн деген агностиктер деле бар.

Рухий жактан өксүбөй жетилген кеӊ пейил, эстүү кишилер да, жашы канчага келгенине карабастан көөдөк бойдон кала берген же акыл-эс жагынан эрте карып-арыган баёо, түшүнүгү чектелүү, өз алдынча ойлоно албай (же ойлонуудан жалкоолонуп) даяр шаблондорду кайталай бергенге, ар кандай “аптарыйкаттарды” аздек (кумир) тутуп ээрчип кетүүгө ыктаган пенделер да ар бир жаатта, топто бар.

Ошондуктан кимдир бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, биз Кыргызстанда динчилдер менен диний эмес чөйрөдөгү адамдардын көз карашын бирдей сыйлап, коомдогу рухий тең салмакты камсыздап турушубуз зарыл. Ушул тең салмак, баланс бузулган күнү Ооганстандын кейпин кийип калабыз…

Дин – Кудайга ишенген адам баласынын жекече (рухий) жашоосу менен коомдогу ордун, жашоо таризин, ой жүгүртүү нугун аныктаган система. Бул чөйрөлөрдү ар ким өз дареметине, өсүш деӊгээлине жараша түшүнөрүн эске алуу керек. Мектепте диндер тарыхын окуткан мугалим балдардын баарынын бирдей ойлонушун талап кылууга акысы жок, бул мүмкүн да эмес. Анткени ар кимдин үй-бүлөдөн, кошуналарынан, көчөдөгү элден, телевизор, интернет аркылуу алып жаткан маалыматтары көлөмү жагынан да, сапаты, мазмуну жагынан да өтө айырмаланат.

 

Жолдош Турдубаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер