“БИЛИМ КЕНИ — КИТЕП, ТАРБИЯ КЕНИ — МЕКТЕП”

  • 13.02.2023
  • 0

Кара-Буура районунун чек арага чектеш айылдарынын бири болгон Аманбаев айылындагы билим берүү мекемеси 1976-жылы курулуп, аталган билим уясына 1996-98-жылдары заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген.

“БИЛИМ КЕНИ - КИТЕП, ТАРБИЯ КЕНИ - МЕКТЕП”

Сыргак Авасбековдун маалыматына таянсак,  аталган мектепте Динара Нуралиеванын жетекчилигинин астында билим сапатын жогорулатууга болгон алгылыктуу иштеринин жыйынтыгы менен учурда билим сапатынын жана материалдык-техникалык базасынын күчтүүлүгүнүн натыйжасында райондогу алдыңкы мектептердин сап башында келе жатат.

Азыркы тапта билим уясында 1169 окуучу билим алып, жогорку билимдүү жана тажрыйбалуу 61 мугалим эмгектенип, жаш муундарга билим берип келишүүдө.

Мектеп базасындагы китепканада 16435 ар кандай жанрдагы китептер менен катар окуу залы, компьютердик класстар жана Ч.Айтматов атындагы конференц-залдары уюштурулган. Ошону менен катар ысык тамак программасынын алкагында БУУ тарабынан мектептин ашканасына керектелүүчү муздаткыч, ток печкасы, нан бышыруучу меш, камыр ачытуучу аппарат ж.б. тапшырылып, учурда башталгыч класстын 500 окуучусу жана  5-класстын  83 окуучусу, т.а. жалпы 583 окуучуга ысык тамак берилет.

Мындан сырткары окуучулардын ар тармактан өнүгүүсү үчүн башка мектептерге үлгү болуучу клубдар иш алып барышат. Тактап айтканда, окуучулардан куралган депутаттар жана министрлерден турган «Кел-кел» мектеп парламенти уюшулган. Парламенттин башка билим берүү мекемелерине үлгү болуучу иштеринин бири бул окуучулардын мектепке уюлдук телефондордун алып келбөөсүн көзөмөлдөп, алып келинген учурларда чогултулуп алынган телефондорду кайтарып берүүдөн мурун  китеп окуусун талап кылып, китеп окууга үндөгөн эрежелер киргизилген.

Мектеп парламентинин алдында мырза жигиттерден куралган «Чоролор», ал эми кыздардан түзүлгөн «Акылкарачач» кыздар клубдары иш алып барышат. Ошондой эле мектеп парламентинин артыкчылыктуу тармагы болгон бул окуучулардын саламаттыгына жана өздүк гигиеналарына өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөл жүргүзүү максатында окуучулардан түзүлгөн Санитардык бригадалар иш алып барып, жума сайын окуучулар арасында текшерүүлөрдү жүргүзүшөт.

Ошону менен катар окуучулардын шык жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп, сабактан тышкаркы Жаш техник, Жаш манасчы сыяктуу ийримдер иш алып барса, окуучулардын ден соолугунун чың болуусу жана ой чабытынын өсүүсү үчүн волейбол, баскетбол, шахмат,теннис, тогуз коргоол өңдүү спорттук ийримдер да уюштурулган.

— Арийне, мамлекетибиздин келечегин тарбиялап жаткан ар бир билим уясында Ч.Айтматов мектебиндеги көз сүйүнтөөрлүк иштер болуп, ар бир мугалим чыгармачылык менен алектенип, окуучулардын көрөңгөсүн ачып, изденүү менен иш алып барса экен деген тилек. Элибизде бекеринен «Булакты көрсөң көзүн ач» деп айтылбаса керек. Анын сыңарындай өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган ар бир жаран жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуусу керек, — дейт Сыргак Авасбеков.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер