БИЛИМ ДЕП СОККОН ЖҮРӨГҮҮ

  • 01.02.2023
  • 0

БИЛИМ ДЕП СОККОН ЖҮРӨГҮҮ

Менин элге кылган эмгегим окуучуларымдан жаңырсын.

Р.М.Осмонов

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, СССРдин билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги, «Ардак Белгиси» орденинин ээси Осмонов Рахманалы Молтонович Киров районунун Ак-Чий айылында 1922-жылы туулган. Рахманалы агай Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн соң, эмгек жолун мугалим болуп баштаган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 2-топтогу инвалид, Кызыл Жылдыз жана I даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган. 2015-жылы Р.Осмоновдун ысымы Москвадагы “Өлбөс полктун” өздүк курамына түбөлүккө жазылган. Ал 1944-жылдан Аламүдүн районунун Ворошилов ГЭСин куруу боюнча Киров райондук аткаруу комитети тарабынан ыйгарым укуктуу өкүлү, андан кийин Кыргызстан ЛКЖСнын Киров райондук комсомолунун биринчи катчысы, 1945-1950-жылдары Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин инструктору, бөлүм башчысы болуп иштеген. Кийин Киров районундагы Көк-Сай, Грозный мектептеринин директору (1951-1957), Ленинполь районунда Чалдовар, Беш-Булак мектептеринин директору (1955-1957), Ленинполь районунун элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1957-1959), Киров районунун элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1959-1961,) Киров районунун Жоон-Дөбө айылындагы орто мектептин директору (1961-1992) кызматтарында ийгиликтүү эмгектенген. Кыргызстан мугалимдеринин 2-3-4-курултайынын, 1967-жылы Азербайжан ССРинин мугалимдеринин VIII (V) курултайынын делегаты болгон.

Мектептеги билим берүүнү жакшыртууда, биринчи кезекте окуу-материалдык базасын чыңдоодогу көптөгөн олуттуу этаптар белгилүү педагог-уюштуруучу, коомдук ишмер Рахманалы Осмоновдун ысымы менен байланыштуу. Анын түздөн-түз жетекчилиги астында 1957-1959-жылдары Ленинполь районунун Калинин, Кызыл-чарба жана Ключевка айылдарында мектеп имараттары, 1959-1960-жылдары Киров районунда Покровкада жана райондун борборунда Ленин мектептери курулган. Айрыкча 1950-жылдары кыргыз тилиндеги орто мектептерин ачууга көп күч-аракетин жумшаган.

Белгилей кетсек, дал ошол Киров районунун Грозный айылында кыргыз тилиндеги орто мектепти
Р.Осмонов ачкан. Анткени 50-жылдардын башында бул мектепте 6-класска чейин кыргыз тилинде окуу жүргүзүлүп, ал эми кошуна Көк-Сай айылында 7-класска чейин эле болгон. 1953-жылы гана жатак мектептерде тентип, азап чегип жүргөн бул мектептин мурунку окуучусу ушул мектепке директор болуп келген. Ал көп күч-аракетин жумшап, тоскоолдуктарды жеңип, мектептин башкы корпусуна бир катар имараттарды куруп, жатак мектеп менен кыргыз тилиндеги орто мектепти ачууга жетишип, мектептин алгачкы бүтүрүүчүсүн кабыл алган.

Р. Осмонов 1961-жылы Жоон-Дөбөдөгү 8 жылдык мектептин директору болуп иштеп турганда мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын жардамы менен капиталдык ремонттон үнөмдөлгөн каражатка 16 класстык 2 корпус, эмгек сабактарына ылайыктуу устакана, стандарттуу ашкана, малчылардын балдары үчүн 60 орундуу жатак мектебин курдуруп, спорт залдын пайдубалын түптөгөн. Ошонун негизинде 8 жылдык мектепти 11 жылдык мектеп-интернатка айландырууга мүмкүн болгон.

Ошол кезде педагогикалык ишке жаңы нерсени киргизүү максатында 1-8-класстар үчүн окутууну узартылган күнүнө которуу жагынан Р.Осмонов жетектеген мектеп райондо биринчилерден болгон. Мектепке кабинеттик окуу системасын киргизген. Чет тилдерди үйрөнүү үчүн лингафон кабинети менен камсыздалган. Ошентип, биринчилерден болуп техникалык каражаттар менен жабдылган окуу кабинети түзүлгөн.

Р.Осмоновдун демилгеси менен анча деле маани берилбеген предметтер жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Мисалы, эмгек, сүрөт, ыр, дене тарбия сабактары. Мектеп теннис столдору, лыжа, коньки менен жабдылган. Комуз жана үйлөмө аспаптарды үйрөнүү боюнча музыкалык ийримдер ачылган. Каникул мезгилинде 7 жаштан 15 жашка чейинки мектеп окуучулары тарбиялык жана ден соолукту чыңдоочу мекемелерине, пионер лагерлерине жиберилген. Орто Азиянын байыркы шаарлары боюнча мектеп окуучулары үчүн автобус менен экскурсия уюштурулган. Мектеп буу жылытуу менен жабдылган.

1970-жылы Р.Осмоновдун атына Фрунзе шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Я.М.Глущенко 13-февралдагы кат аркылуу Кыргыз ССР элге билим берүү министрлиги менен алдын ала макулдашып, жаңы орус-кыргыз орто мектебине
Р.Осмоновду жетектөөнү сунуштап, андан ары «Сизди борбордогу мектептин жетекчиси катары көргүм келет» деп жазган. Бирок мурда пландаштырылган жана аягына чыга элек иштердин жагдайлары туура жоопту кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

1980-жылы окуу-тарбия иштерин ийгиликтүү жүргүзгөндүгү үчүн мектеп СССРдин бүткүл союздук көргөзмөсүнүн (ВДНХ) катышуучусу болуп, ал жерден III даражадагы Диплом, коло медалдар менен мектептин директору Р.Осмонов, ошол эле мектептин англис тили мугалими Скалазуб Надежда сыйланган.

Мектеп республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту менен дайыма байланышта болуп, Кыргызстан илим-изилдөө, педагогика институту жана башка илимий мекемедегилер менен педагогиканын теориясы жана практикасы боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн натыйжалары китептерде, брошюраларда, монографиялардагы макалаларда, кандидаттык жана докторлук диссертацияларда чагылдырылган.

Талас өрөөнүндө Р.Осмонов тарыхчы, мекен таануучу катары да белгилүү болгон. Ал этнограф, санжырачы, Ислам жана башка диндер боюнча табылгыс эксперт эле. Араб тилин өз алдынча үйрөнгөн. Анын дин, жашоо, каада-салттар жана башка адеп-ахлак маселелери боюнча баяндамасын угам деп көптөгөн адамдар чогулар эле.

1991-1992-окуу жылы «Адеп сабагы» предмети киргизилгенде, мектепте облуста биринчилерден болуп бул сабакты окутуу жана тажрыйба алмашуу иштери башталган.

Педагог Р.Осмоновдун билим жана практикалык көндүмдөрдүн палитрасы кенен жана ар түрдүү болгон. Ал кесипке багыт берүүнү, кесип тандоонун психологиялык негиздерин, элдик педагогиканын, этнопедагогиканын проблемаларын жакшы өздөштүргөн. Агай жогорку класстын окуучуларынын жеке өз алдынчалыгын калыптандырууга көп көңүл бурган. Мунун баары окуучулардын эртеңки эрезеге конфликтсиз киришине багытталган.

Р.Осмонов дүйнө элдеринин тогуз тилинде жарык көргөн «Новое время» жана башка республикалык жана союздук журналдарда жарыяланган бир катар макалалардын автору.

1955-жылдын августунда биздин өлкөгө турист катары белгилүү адамдардын бири Роберт Фрэнсис Кеннеди жана АКШнын Жогорку сотунун мүчөсү Уильям Орвилл Дуглас (1939-1975) келишкен. Аларга Кыргызстандын турмушунун бардык жактары көрсөтүлгөн. Алар мекенине кайтып баргандан кийин, 1955-жылы «Новое время» журналынын №52 санына Уильям Орвилл Дугластын Борбордук Азиянын жергиликтүү калкы басмырланып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрү жарыяланган. Буга жооп кылып, 1956-жылдын 4-санында «Новое время» журналынын окурманы, мугалим Р.Осмоновдун Уильям Орвилл Дугласка жооп катары макаласы жарыяланган.

Р.Осмонов чогулткан, жалпы пайдалануу үчүн ачылган уникалдуу жеке китепканада дүйнөнүн ар кайсы тилдериндеги 15 миң томдон ашык китеп бар. Анда тарыхый, илимий, педагогикалык, көркөм, медициналык, диний мүнөздөгү китептер турат. Чыгыштын жана чет өлкөлөрдүн, байыркы ойчулдардын эмгектери, энциклопедиялар, эски сейрек кездешүүчү китептер, фотоматериалдар, гезит-журналдардын баракчалары, кол жазмалар, каттар, күндөлүктөр, анын ичинде Р.Осмоновдун өзүнүн күндөлүгү жана аялы Султанкулова Бур уул кандын (Бурултай) күндөлүгү да бар. Китепкана 1940-жылы түзүлө баштаган. Китепкананын жалпы аянты 50 чарчы метр, эки бөлмөдөн турат. 1966-жылы курулган. Китепкана Кыргызстандын китеп сүйүүчүлөрүнүн ыктыярдуу коомунун 1984-жылы өткөн III съездинде жалпы элдик пайдалануу үчүн жеке китепканалардын республикалык биринчи кароосунан мыктылардын бири деп табылган.

Р.Осмонов балдарды башталгыч класска даярдоо боюнча акысыз даярдоо топторунун долбоорунун үстүндө да ийгиликтүү иштеди. Ал балдар үчүн бардык шарттары бар имаратты жабдып да берди.

Пенсия жашынан алда канча ашып, 70 жашка чыкканда дагы анын кол алдында жаңы мектептин курулушу бүткөрүлүп, үч кабаттуу жаңы имаратка көчүп келгенде, жөн гана өзүнө мүнөздүү оптимизми менен мындай деди: “Биз мындан ары дагы көп нерсенин үстүндө иштейбиз, алдыда көп иш бар”. Бул – анын ушунчалык күч-кубатын жана эпкиндүүлүгүн, өзүн Ата Мекенине кызмат кылууга, анын таламдарын коргоого арнаган бүткүл табиятынын көрүнүшү болчу.

Агай ак эмгегинен кубанычты тапты. Мекен алдындагы милдетин таза абийири менен аткарып жүрүп көз жумду.

Р.Осмоновдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында 1993-жылы Кара-Буура райондук эл депутаттарынын Кеңешинин чечими менен китепкананын имаратынын фасадына мемориалдык тактаны орнотуу чечими кабыл алынган жана ушул эле чечимдин негизинде ушундай эле мемориалдык такта Жоон-Дөбө орто мектептин фасадына да орнотулган. 2000-жылдан тартып, Жоон-Дөбө орто мектеби Рахманалы Молтонович Осмоновдун атын алып жүрөт. Жоон-Дөбө жана Суулу-Маймак айылдарында
Р.Осмонов атындагы көчөлөр бар.

Р.Осмонов 1992-жылы Маймак-Атада жайгашкан «Ак-Бейит» көрүстөнүнө коюлган. Ал жерде ага өмүрлүк жары, балдары, кыздары, неберелери, чөбөрөлөрүнүн атынан 1993-жылы эстелик тургузулду. Р.Осмонов жубайы менен бир класста окуган. Кыргыз
ССРинин эл агартуу отличниги Султанкулова Бур уул кан (Бурултай) математика мугалими эле. 7 баланы төрөп, тарбиялап, эрезеге жеткирген энеме таазим кылам! Атам экөө бактылуу өмүр сүрүштү. Небере, чөбүрөлөрдүн жытын жытташты. Элдин бийик сыйында жүрүштү. Быйыл атамдын төрөлгөнүнө бир кылымдан ашуун убакыт өтүптүр. Кылымдар өтсө да эл үчүн талбай ак эмгек өтөп, ошондон рахат алган чыныгы элдик мугалим Рахманалы Осмонов атабызды эл унутпай эскерип, атын атап турса, куту сүйүнөт экен. Атабыздын баскан жолу, аткарган кызматы баарыбызга үлгү болуп келет. Билим тармагында Рахманалы агайдай мекенчил, ак жүрөк мугалимдер көбөйө беришин тилейм.

 

Ниязалы Осмонов,  тарыхчы, социолог, юрист, санжыра иликтөөчү

Бөлүшүү

Комментарийлер