БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ЖӨНҮНДӨ БИРИНЧИ ТАРМАКТЫК МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ДАЯР

  • 20.05.2021
  • 0

Билим берүү жана илим тармагы мыйзамдарды инвентаризация кылуу ишинде лидерлик позицияга чыкты. Билим берүү жаатындагы мыйзамдарды талдоо жана ченемдик-укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү максатында түзүлгөн жумушчу топтор  аткарылган ишти 20-майда Бишкекте өзүнчө тегерек стол жыйында коомчулуктун назарына коюп талкуулаган жатат.

Кыргызстанда 11-апрелде жаңы Конституция күчүнө кирип, бүт өлкө боюнча мыйзамдарды инвентаризация кылуу боюнча иш жаңыдан башталып жатканда, Билим берүү жана илим министрлигинде бул иш өткөн күздө эле башталган болчу. Министрдин орун басары Нурлан Омуровдун демилгеси менен 17-ноябрда эле билим берүүнүн бардык деңгээли боюнча жумушчу топтор түзүлүп, иш баштаган эле. Ал эми мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү жөнүндө президенттин Жарлыгы февралда, өкмөттүн токтому мартта чыкканы белгилүү. Андан бери министрлик түзгөн жумушчу топтордун бир нече жолу жыйындары болуп, 31-мартта министрликтин коллегиясында инвентаризация боюнча аткарылган иштер каралган эле.

Кыргызстанда билим берүү тармагына тийиштүү негизги алты мыйзам бар, алардын ичинде “Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө” (1999), “Мугалимдин статусу жөнүндө” (2001), “Билим берүү жөнүндө” (2003), “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” (2009), “Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө” (2017), “Билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” (2019) мыйзамдарды атап кетсек болот. Талдоо процессинин биринчи этабында жогорудагы алты мыйзамга жана аларга толуктоолор, өзгөртүүлөр болгон 43 мыйзамга анализ жүргүзүлдү, экинчи этапта билим берүү жана илим жаатындагы мыйзам алдындагы укуктук ченемдик актылар электен өткөрүлдү.

Талдоонун жыйынтыгында «Билим берүү жана илим жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ал жалпысынан 18 глава жана 146 беренеден турат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоор учурдагы билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды консолидация кылган Кыргыз Республикасындагы алгачкы тармактык мыйзам болуп калмакчы жана билим берүү, илим тармактарында системалык түзүлүштү камсыз кылат. Эң негизгиси бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын 11-апрелде кабыл алынган жаңы Конституциясына шайкеш келтирилди.

Мыйзам долбоорунун аталышы эле айтып тургандай, анда мектепке чейинки билим берүүдөн тарта жогорку кесиптик билим берүүгө, академиялык илимге чейин бардыгы камтылган.

Жаңы мыйзам долбоорунда түшүнүктөр жана аныктамалар кеңейтилип берилди, иштебеген нормалар алынып салынды, чаташтырган жоболор такталды, ошондой эле азыркы учур талап кылган толуктоолор жана өзгөртүүлөр каралды. Мисалы, окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүү, электрондук окутуу формасынын ченемдери, билим берүү уюмдарында электрондук документ жүргүзүүнүн ченемдери, кредиттик окутуу системасынын сааттарынын нормалары, кесиптик билим берүүнүн бакалавр, магистр, адистик деген квалификациялары такталып жазылды.

Ошондой эле долбоордо жогорку билим берүүнүн алты түрү сунуш кылынууда: илим-изилдөө университети, университет, академия, институт, атайын жогорку окуу жайы, жогорку колледж. Билим берүү уюмдардын түзүмү такталды жана аларды түзүү тартиптери билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик орган тарабынан белгиленет деп көрсөтүлдү. Мисалы, класстар, тайпалар, жогорку окуу жайдын жалпы билим берүү мекемеси, жогорку окуу жайдын коллежи, жогорку окуу жайдын жогорку коллежи, жогорку окуу жайдын институту, жогорку окуу жайдын факультети, жогорку окуу жайдын кафедрасы, билим берүү уюмдардагы билим берүү программа департаменти, орто кесиптик окуу жайдын бөлүмү, билим берүү уюмдун окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси.

Билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик органдын негизги функциялары аныкталды жана көрсөтүлдү. Билим берүү уюмдардын аккредитациясына сарпталчу каржы булактары аныкталды. Билим берүү уюмдарындагы финансылык отчеттулугун жүргүзүүдө эл аралык стандарттарды колдонуу сунушталды.

Мындан башка өндүрүштө иштеген адис-практиктерге, окутуучулук ишти негизги иш менен айкалыштырууну каалагандарга дагы мүмкүнчүлүк түзүү каралууда.

Ошондой эле бул тармакта элүүдөн ашык ченемдик-укуктук актылар талдоого алынып, анын баары үч актыга бириктирилди. Алар “Кыргызстандагы билим берүү ишмердиги жөнүндө”, “илимий ишмердик жөнүндө”, “билим берүү жана илимий ишмердикти каржылоо жөнүндө” деп аталып, Министрлер кабинетинин токтомунун тийиштүү долбоорлору даярдалды.

Үч укуктук ченемдик актылар билим берүү жана илим тармагынын мыйзамдык жолун жеңилдетип, ырааттуу системага салып,  өнүгүүгө чоӊ салым кошо алат. Ошол эле учурда сунушталган долбоорлор билим берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык негиздерин, билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатынын негизги принциптерин, билим берүү системасынын иштешинин жалпы эрежелерин, билим берүү тармагындагы субъектилердин укуктук статусун аныктайт.

Андан сырткары, Бюджеттик кодекске, “Саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” мыйзамга дагы зарыл өзгөртүүлөр сунуш кылынууда.

Эми алдыда жыйынтыктоочу этап турат. Мындан аркы иштер жаңы тармактык мыйзам менен ченемдик-укуктук актылардын долбоорун коомдук талкууга коюу, андагы сунуш пикирлерди эске алуу менен негиздемелерди даярдоо жана Министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү болуп саналат.

К. Чекиров

Бөлүшүү

Комментарийлер