НАЗИРА ДҮЙШЕЕВА: «БИЗДИН МАКСАТ – КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН САПАТЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ».

  • 22.01.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Назира Дүйшеева мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча соңку аткарылган иштер жөнүндө «Кутбилимге» билдирди.

— НАЗИРА ДҮЙШЕЕВА: «БИЗДИН МАКСАТ – КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН САПАТЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ».

Биздин окуу жайга 1-январь 2018-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун (мындан ары – Институт) түзүлгѳнүнѳ бир жыл толуп олтурат. Биздин Институттун алдына тѳмѳндѳгүдѳй төрт негизги милдет коюлган: педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо, билим берүү мекемелерин аттестациялоо жана аккредитациялоо процесстерине катышуу, КР тил саясатын ѳнүктүрүүгѳ салым кошуу жана ѳркүндѳтүү. КР азыркы мезгилдеги билим берүү системасындагы тѳмѳндѳгү билим берүү деңгээлдеринин: мектепке чейинки, мектептик, кошумча, мектептен сырткары, башталгыч, орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинкилеринин ичинен биздин Институт кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат, ошондой эле «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамын жана Институттун окуу-усулдук ишин жѳнгѳ салып туруучу «КР кошумча кесиптик билим берүү тууралуу Жобосунун», «КР педагогикалык жана жетекчи кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тартиби тууралуу Жобосунун” жана башка документтерин жетекчиликке алат. Институттун региондордо аймактык структуралары бар жана алар педагогикалык жана жетекчи кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуучу мамлекеттик системасынын бѳлүктѳрү болуп эки билим берүү институту – Ысык-Кѳл облустук билим берүү институту жана Ош билим берүү институту, ошондой эле тѳрт усулдук билим берүү борбору – Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын эсептелинет. Жылына биздин Институт регионалдык аймактык структуралар менен бирдикте 8000ден ашык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатып турушат. 2018-жылга карата жалпы системадагы бѳлүмдѳр тарабынан 9000 педагогикалык жана жетекчи кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу пландаштырылган. Квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктаган биздин угуучулар жыйынтык атттестациясын беришет жана оң жыйынтык алган угуучулар мамлекеттик үлгүдѳгү сертификаттарга ээ болушат. Жалпыга белгилүү болгондой, КРнын “Билим берүү жѳнүндѳгү» Мыйзамынын (29-берене), «Мугалимдин статусу» Мыйзамынын (5-берене) КРнын Эмгек жѳнүңдѳгү Кодексинин (195-196-беренелер) негизинде “педагогикалык кызматкер беш жылда бир жолу ѳзүнүн квалификациясын жогорулатууга милдеттүү”.

Биздин институтка абдан маанилүү роль берилген – КРнын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу. Ушундан улам, квалификацияны жогорулатуунун тѳмѳндѳгү эки маанилүү траекториясын бѳлүп кѳрсѳтсѳк болот: биринчиси – бир кыйла маанилүү жана белгилүү – КРнын «Билим берүү жѳнүңдѳгү» Мыйзамы, «Мугалимдин статусу» жѳнүндѳгү Мыйзамы, Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мамлекеттик Билим берүү стандарты, Базистик окуу планы, предметтик стандарттар, 2020-жылга чейин окуучуларды жана окуучу жаштарды тарбиялоонун Концепциясы, 2020-жылга чейин Билим берүүнү ѳнүктүрүүнүн Концепциясы, ѳнүгүүнүн 2040-жылга чейинки Улуттук туруктуу стратегиясы, мугалимдин квалификациялык категорияларына коюлуучу Талаптар жана башка документтерде кѳрсѳтүлгѳн мамлекеттик буйрутма квалификацияны жогорулатууну аткаруу болуп саналат. Экинчи траектория – квалификацияны жогорулатуудагы Билим деңгээлин жогорулатуу максаты, иш сапатын ѳркүндѳтүү, теориялык билимдерди жана практикалык кѳндүмдѳрдү жаңылоо жана ошондой эле азыркы кесиптик милдеттерди чечүү ыкмалары кирет.

— Бир жылдын ичинде кандай иштер аткарылды? Эмнеге жетиштиңиздер?

— Сиздин сурооңузга жооп берүүдѳн мурда, тѳмѳндѳгүнү белгилеп кетүүгѳ уруксат бериңиз. Бардык билим берүү деңгээлин кызыл сызык менен жалпы бир максат – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу эсептелинет. Ал эми биздин шартта кошумча кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, башкача айтканда кошумча кесиптик билим берүүнүн программасына коюлган талаптарга жана нормаларга туура келүү, ошондой эле педагогикалык кызматкерлердин, мамлекеттин жана коомдун билим берүү кызматынын талаптарына туура келүү да болуп саналат. Ошондуктан ѳткѳн жылдын бардык жыйынтыктары бир гана максат: квалификацияны жогорулатуунун сапатын камсыз кылууга багытталды.

Иштин жыйынтыктарынын биринчи группасы – окуу усулдук:

— Билим берүү программаларынын мазмуну жаңыланды, башкача айтканда квалификацияны жогорулатуу курстарынын тематикасы мамлекеттик документтердин сунуштарынын жана стратегиялык маанилүүлүгүнѳ жараша, билим берүү системасынын актуалдуу проблемаларына жараша ѳзгѳртүлдү. Мамлекеттик Билим берүү стандарттарынын талаптары компетенттүүлүккѳ негизделгендиктен билим берүү программасын бизге компетенттүүлүк багыттуулук, башкача айтканда педагогикалык кызматкерлердин кесиптик жана жеке компетенциясын калыптандыруу жана ѳркүндѳтүү аркылуу түзүүгѳ милдеттендирилди. Себеби бул компетенциялар мугалимдердин эң маанилүү тѳмѳндѳгү КРнын Ѳкмѳтүнүн 11-август 2016-жылы бекитилген токтому жана Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен буйругунда “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин квалификациялык категорияларына карата Талаптар” деген документтерде бул компетенциялар кѳрсѳтүлгѳн. Биздин институттун Билим берүү программасынын мазмуну тѳмѳндѳгү педагогдун кесиптик ишинин негизги тармактарына багытталган: күтүлүүчү жыйынтыктарды пландоо жанаа баалоо (I); Активдүү окутуунун / окуунун усулдарын тандоо жана мазмунун түзүү жана ээ болуу (II); Кесиптик деңгээлди жогорулатуу жана коомчулуктун ѳкүлдѳрү менен кызматташуу (III); Билим берүүдѳ баардык окуучулар үчүн кызыктууруучу чѳйрѳнү түзүү (IV).

— Кошумча Билим берүү программаларынын Реестри, ал эми институттун ичинде кошумча билим берүүнүн программаларынын Каталогу түзүлүп, ал педагогикалык кызматкерлерге группалык (бюджеттик окууда) жана жеке (акы тѳлѳп окууда) квалификацияны жогорулатуу программаларын тандоого мүмкүндүк берет;

— Жыйынтык аттестациясы процессинде колдонуучу критериялык баалоонун жаңы инструменттери иштелип чыкты. Бул инструментти ар бир угуучу квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктаган мезгилде баштарынан ѳткѳрүшѳт. Педагогикалык кызматкер алгачкы тестти тапшырат, анын жыйынтыгы боюнча угуучунун алгачкы билим деңгээли аныкталат, ал эми квалификациянын жогорулатуу курсун аяктагандан кийин угуучу жыйынтык тестти жана проектилик ишин жактайт. Топтолгон жыйынтык баллдын негизинде анын жетишкен деңгээли: тѳмѳнкү (2), орто (3), жакшы (4) жана жогорку (5) деп аныкталат. Мындай талап сапаттык кѳрсѳткүчтѳр аркылуу квалификацияны жогорулатуу курсунун деңгээлин жана педагогикалык кызматкердин билиминин ѳсүш динамикасын аныктоого жардам берет. “Угуучуну баалоо инструкциясы” иштелип чыкты;

— Билим берүү мекемесинин базасында стажировка ѳткѳрүү киргизилди (бала бакча, мектеп/гимназия/лицей, ЖОЖ, балдар Билим берүү борборлору). Стажировка мезгилинде 2-3 күн мектепте, бала бакчада болуу менен кесиптештеринин иш тажрыйбасын үйрѳнүү, билим берүү мекемесинде айрым билим берүү милдеттери кандайча чечилип жатканы менен таанышышат; педагогикалык процесстеги жаңылыктарга үйрѳнүшѳт, акырында педагогикалык коомчулук менен андан аркы педагогикалык маек жана биргелешкен ишке алып келет. Стажировканын дагы бир ѳзгѳчѳлүгү угуучунун кейстик максаттуу тапшырма алгандыгында жана стажировка аянтчасында аны чечип аткаргандыгында. Стажировканы бүткѳндѳн кийин угуучу проектилик ишти ѳзү жеке даярдап аны слайддык презентация формасында кѳрсѳтүп жактайт. Бул угуучунун маалыматтык-коммуникациялык компетенциясын ѳнүктүрүүгѳ жана жаңылоого жардам берет;

— Окуу процессиндеги документтерди модернизациялоо: катышуунун жана жетишүүнүн эсепби журналы, ведомосттун жаңы формасы иштелип чыкты. Ар бир кафедрада тесттердин жана кейс тапшырмаларынын фонду түзүлдү;

Биздин кызматкерлер жана программисттер менен бирдикте «Дисттанттык окутуу Платформасы жана мобилдик анын Тиркемеси» түзүлдү, аны жаңы окуу жылынан баштап ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Азыркы мезгилде Институттун окутуучулары тарабынан лекция, семинардык-практикалык иштин, контролдук баалоо материалдар, он-лайн режиминде электрондук окутуу форматына салынып жатат. Мындай Платформаны ишке ашыруу “Таза коом” программасы рамкасынын ичинде бүгүнкү күндѳ маанилүү болуп жатат. Биздин максат — Институт ичинде гана эмес, территориялык структуралар ичинде да маалыматтык информациялык инфраструктураны жүргүзүү. Бул максатта ПИБ (проектилерди ишке ашыруу бѳлүмү) Азиялык ѳнүктүрүү банкы тарабынан «Секторду ѳнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдѳѳ» олуттуу колдоо жүрүп жатат, биздин Институт жана территориялык структуралар: Билим берүү институттары жана усулдук борборлор керектүү компьютердик жабдуулар, мебель, кубаттуу серверлер менен жабдылып жатат, педагогикалык багыттар боюнча он-лайн курстары иштелип чыгууда, РПККЖж-а КДИнун табигый илимий багытындагы Лабораториясы (физика, биология, химия, математика) жабдылууда;

Институтта квалификацияны жогорулатуунун сапатын жогорулатуу максатында окуу-усулдук бирикме (ОУБ) түзүлгѳн. Бирикме квалификацияны жогорулатуу программаларына экспертиза жүргүзѳт, аларды тиешелүү кошумча кесиптик билим берүү программаларынын структурасы жана мазмунунун талаптарын ылайык баалайт, башка окуу-усулдук документтерди иштеп чыгат, окутуучулардын сабактарына анализ жүргүзѳт жана баалайт ж.б.

Жыйынтыктардын экинчи группасы — уюштуруучулук. Биздин Иститут тарабынан түрдүү документтерди кайра түзүү боюнча чоң иш жүргүзүлдү. Башкача айтканда ар кандай келишимдер түзүлдү; мамлекеттик кызматтарда каттоодон ѳттү; санитардык эпидемия кызматында, ѳрт коопсуздугу, мамлекеттик кѳзѳмѳл кызматынан жыйынтык экспертизалар алынды; билим берүү ишин жүргүзгѳнгѳ линцензия алынды; штаттык расписание калыптанды; китепкана фонду китеп ресурстары менен жаңыланды; Институттун жаңы номенклатурасы түзүлдү (ар бир структуларлык бѳлүмдүн). Аталган иштердин түрлѳрү документтерди сапаттуу жасалгалоо, түзүүнү талап кылат, аларды даярдоодо кѳп убакытты талап кылат. Уюштуруучулук иштин эң маанилүү моментинин бири катары биз квалификацияны жогорулатуу курстарында угуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоону эсептейбиз. Бул жагынан министрлик тарабынан чоң ѳлчѳмдѳ материалдык-техникалык жардам кѳрсѳтүлдү (Институттун имаратынын чатыры толук алмашылды, цоколь бѳлмѳлѳрүндѳ толук эмес ремонт жүргүзүлдү), ПИБ Азиялык ѳнүктүрүү банкы тарабынан (имарат ремонту, санузелдер алмашылды жана ремонттолду, электр жабдуулары монтаждалды жана ремонттолду, электрзымдары, розетка, жарык приборлору ж.б ремонттолду жана монтаждалды, ѳрт коопсуздугу люктары орнотулду, Институттун фасады жана дубалдары ремонттолду, компьютердик жабдуулар жана мебелдер сатылып алынды: табигый-илимий багыттагы Лаборатория жабдуулар менен жабдылды; он-лайн курстары түзүлүп жатат; Институттун жана аймактык бѳлүмдѳрдүн мугалимдери квалификацияларын жогорулатты), ПИБ Дүйнѳлүк банк тарабынан (компьютердик техника, проекциялык экран, проектор, видео-камера, мектепке чейинки жаштагы балдардын ѳнүгүүсүн аныктаган кошумча билим берүү программасынын комплектилери, электрондук библиотека түзүлүп жатат), Ага Хан Фонду тарабынан ( “Балдарга билим берүүнүн глобалдык кызматташуу лабораториясы” түзүлдү, компьютердик жабдуу, мебель, окуу усулдук адабияттар сатылып алынды; Институттун жана аймактык бѳлүмдѳрдүн окутуучуларынын квалификациясы жогорулатылды), Европалык Союз Ѳкүлчүлүгү тарабынан (ноутбуктар, видео-конференц байланыш жабдуусу, синхрондук которуу жабдуусу орнотулду).

Жыйынтыктардын үчүнчү группасы өлкөдө тил саясатын ѳнүктүрүү жана жакшыртууга байланышкан. Биздин Институттун структурасында Ѳкмѳттүн 6-апрель 2015-жылдагы чечиминин негизинде жана мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн Улуттук программасынын аткаруу иш-чараларынын планынын 75-пунктунун негизинде Тил окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуучу инновациялык технологиялар Борбору түзүлгѳн. (Мындан ары – Борбор). Аталган Борбордун директору болуп Джусупбекова Надира Сынташевна – жогорку кесиптик адистиги бар, биздин Институттагы тил саясатын ѳнүктүрүү жана жакшыртуу ишин жүргүзгѳн адам. Ал «Социалдык интеграция борборунун» Коомдук фондунун директору Глушкова Марина Юрьевна менен биргелешип иш жүргүзѳт. Аталган Борбор менен дайыма квалификацияны жогорулатуу курстары акыркы технологияларды, коммуникативдик усулдарды, CLIL усулун, вебинарларды колдонуу менен жүргүзүлүп турат: квалификацияны жогорулатуу курстарынын, В1 электрондук тил курсунун, кыргыз, орус тилинин ОРТга даярдоо интенсивдүү курстары ѳткѳрүлүп турат; 1-4, 5-9-класстары үчүн мамлекеттик жана официалдуу тилдерге окутуунун программалары жана окуу усулдук комплекси иштелип чыкты; 5, 6-класстар үчүн мамлекеттик тилдин окуу методикалык комплекси иштелип чыкты. Мындан сырткары аталган иштерден башка Борбор 17 мектепке чейинки Билим берүү мекемелеринин эки тараптык тилдүү чөмүлтүү, көнүктүрүү программаларын экспертизадан өткөрдү.

— Квалификациясын жогорулатуудан өткөн угуучулардын контингенги кандай? Квалификация жогорулатуу курстарына кантип жазылса болот?

Биздин контингент — билим берүү деңгээлинин бардык педагогикалык кызматкерлери эсептеленип, алар тѳмѳндѳгү 25 кызматтык аталышта кѳрсѳтүлгѳн: тарбиячылар, методисттер, башталгыч класстын мугалимдери, мугалим-предметниктер, интернат тарбиячылары, директорлор, завучтар, ЖОЖдордун окутуучулары ж.б.

Билим берүү жана илим министирлигинин буйругунун негизинде «КР педагогикалык жана жетекчи кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тартиби тууралуу Жободо” квалификацияны жогорулатуу үчүн педагогикалык кызматкер арыз берүүнүн Циклограммасы иштелип чыкты: 25-майга чейин педагогикалык кызматкер Билим берүү мекемесинин жетекчисине арыз берет – 1-июнга чейин билим берүү мекемесинин жетекчиси ѳзүнүн билим берүү мекемесинде квалификацияны жогорулатуунун план-прогнозун түзѳт жана аны 10-июнга чейин райондук/шаардык (башкармалык) бѳлүмдѳрүнѳ берет. Өтүнмөдө педагогикалык кызматкер тууралуу тѳмѳндѳгүдѳй маалыматтар болуш керек: толук аты-жөнү, билим берүү мекемеси, тематикалык же проблемалык талабы тууралуу маалымат – 15-июнга чейин шаардык/райондук бѳлүм (башкармалык) квалификацияны жогорулатуу курстарынан ѳтүүчү педагогикалык кызматкерлердин санын аныктайт да 20-июнда жыйынтык маалыматтарды республикалык (КРнын Билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы РПККЖж-аКДИна) территориялык координаторуна пландык квалификацияны жогорулатуу курстарын ѳткѳрүү үчүн берет. Акырында биздин Институт 30-июнга чейин министрликке план-графикти бекитүү үчүн сунуш кылат жана аны андан ары «Кут Билим» газетасына жарыялоо үчүн берет.

— Окуунун жыйынтыгында мугалимдерге сертификат берилеби?

— Курстун жыйынтыгында мамлекеттик үлгүдөгү тастыктама берилет. Эгерде угуучу кошумча билим берүү программасын аткарууда айрым талаптарды аткарбаса анда ал справка гана алат, анда квалификацияны жогорулатууга келген мезгили кѳрсѳтүлѳт. Кошумча кайталап квалификацияны жогорулатуу курсуна иш берүүчүнүн макулдугу менен ѳз эсеби менен кайрадан ѳтѳт.

— Мугалимдердин жол киреси, жатаканасы, тамак-ашы ким тарабынан каржыланат?

— Курска жиберилген мекеме тарабынан каржыланат.

— Окууга келген мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн, деңгээлин кантип, кандай ыкма менен аныктайсыздар? Кийин окуунун жыйынтыгы менен салыштырып, анализ жүргүзүлөбү?

— Биринчиден, кесиптик компетенттүүлүктүн деңгээлин квалификацияны жогорулатуу курстарында аныктоо орунсуз жана ишке ашырууга мүмкүн эмес процесс, анткени кесиптик компетенттүүлүккѳ педагогдун компетенттүүлүктѳрүнүн бүт комплекси кирет: уюштуруу-башкаруучулук, жалпы методикалык, жалпы кесиптик, атайын жана башка компетенттүүлүктѳр. Экинчиден, кесиптик компетенттүүлүктүн деңгээлин аныктоону, мисалы, педагогдорду аттестациялоо процессинде ишке ашырууга мүмкүн, анда баалоонун ар түрдүү куралдары колдонулат, педагогдун сабактарына байкоо жүргүзүү, окуучулардын жетишүүсүн кѳрсѳтѳ алган билим деңгээлин текшерүүнү жүргүзүү, мындай текшерүүнүн жыйынтыгы педагогдун ишмердигинин деңгээлин ачык айкын чагылдырып турат. Эгерде жалпы жетишүүнүн деңгээли тѳмѳн болсо, демек, окутуунун да деңгээли тѳмѳн. Жалпы алынган жыйынтыктардын комплекси педагогдун кесиптик ишмердигинин бардык багыттары боюнча анын кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Ал эми квалификацияны жогорулатуу курстарында биз кесиптик ишмердиктин белгилүү бир тармагы боюнча катышуучулардан алгачкы тест (претест) алабыз. Жыйынтыктар катышуучулар бизге кандай билим деңгээли менен келгенин кѳрсѳтүп турат. Андан кийин Институттун окутуучусу претесттен алынган жыйынтыктарга таянып, квалификацияны жогорулатуу курсунун программасын аныктайт: программалар тѳмѳнкү, ортоңку же жогорку таталдык деңгээлде тандалып алынышы мүмкүн.

Жалпысынан, квалификацияны жогорулатуу – бул үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүнүн тутумдук бѳлүгү, демек, 5 жылда 1 жолу квалификацияны жогорулатуу курсу менен гана чектелип калбастан, ар бир педагог ѳз алдынча билим алуу, ѳзүн-ѳзү ѳнүктүрүү, ѳзүнүн ишмердигине анализ жүргүзүү, ѳз ишмердигиндеги кѳйгѳйлѳрдү аныктай билүү жана аларды жоюу, ошондой эле Мамлекеттик жана Предметтик билим берүү стандарттарында аныкталган күтүлүүчү натыйжаларга жетишүүнүн жолдорун ѳз алдынча аныктай алышы зарыл. Педагогикалык процессти уюштурууда дал ушундай ыкманы колдонуу педагогдун кайсы кошумча же заманбап билимдерге, билгичтиктерге жана кѳндүмдѳргѳ муктаж экендигин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Келечекте Ага-Хан Фондунун долбоорунун алкагында Институтта Мониторинг борборун ачуу пландаштырылган, ал квалификацияны жогорулатуу курстарында алынган билимдерди, билгичтиктерди, кѳндүмдѳрдү жана жѳндѳмдүүлүктѳрдүн ѳнүгүүсүнѳ курстар канчалык таасир эткендигин аныктамакчы.

— Мугалимдерди борбор калаага чакыргандан кийин заманбап билим берүү талабы турат. Окууга келген мугалимдерди заманбап технологиялар менен тааныштырасыздарбы? Дегеле окуу жүктөмү кандайча түзүлѳт?

— Борбор калаага келген мугалимдер заманбап технологиялар, окутуунун методикалары менен таанышып билим алышат. Ошондой эле окутуунун интерактивдүү методдорун колдонуп эки жумалык стажировка учурунда шаардын-райондук алдыңкы мектептеринен тажырыйба алмашып келишет. Педагогика боюнча лекциялардын мазмунунда заманбап билим берүү технологияларына арналган тема бар. Биздин Институттун ар бир окутуучусунун алдында талап коюлган: лекцияларды презентация, семинар жана практикалык сабак түрүндө заманбап билим берүү технологияларын колдонуу менен өтүү, мисалы: интерактив окутуу технологиялары, усулкана технологиялары, көйгөйгө негизделген окутуу технологиясы, долбоордук окутуу технологиясы, “Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ойломду өнүктүрүү” программасынын технологиясы ж.б.

Профессордук-окутуучулук курам үчүн окуу жүктѳмү институттун убакыт ченеминин негизинде жана окуу курстарынын план-графиктеги курстардын санына жараша түзүлөт.

— Курстун мөөнөтү кандай?

— Курстун мѳѳнѳтү эки жума. Квалификациясын жогорулатуу боюнча 2 жумалык 72 сааттык өлчөм менен курс ѳтүлүп, анын ичинен эки күндүк мектеп, бала-бакча, гимназия, лицейлерде педагогикалык стажировкадан өтүшөт.

— Алыскы райондордо жашаган мугалимдерди аралыктан окутса болобу?

— Алыскы райондордо жашаган мугалимдердин квалификациясын үч жол менен жогорулатууга болот:

  1. Сөзсүз биздин Институтка келүүнүн кереги жок. Квалификацияны жогорулатуучу аймактык бөлүктөрүбүз бар (Ысык-Көл билим берүү институту, Ош билим берүү институту, Баткендеги методикалык борбор, Таластагы методикалык борбор, Нарындагы методборбор, Жалал-Абаддагы методборбор).

  2. Аралыктан окуу курстары бар, б.а. аралыктан окутуу Платформасы аркылуу же анын мобилдик Тиркемеси аркылуу. Бирок бул жол жаңы окуу жылында гана болот. Бул тууралуу биз интервью беребиз жана педагогикалык кызматкерлер үчүн Нускама даярдайбыз.

  3. ОРП АБРдын «Сектордун өнүгүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында билим берүү кластерин түзүү пландаштырылып жатат: министрликтин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту – билим берүү институттары – методикалык борборлор – 30 инновациялык мектеп (алыскы райондордогу мектептер). Демек, 30 инновациялык мектеп дагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн кошумча аянтча болуп кызмат кылат.

— Сиздин тынчыңызды алган кандай көйгөйлөр бар?

— Биздин Борбордун алдында бир катар маанилүү милдеттер турат, мисалы, сапат менеджмент системасын түзүү; бир жылдык жана бир жарым жылдык педагогикалык кадрларды, ошондой эле педагогикалык билими жок кадрларды кайра даярдоо курстарын ачуу; локалдуу маалымат-коммуникациялык структураны түзүү. Бул иштер чечилет деп ойлойм, болгону кошумча убакыт гана керек.

Бирок биздин билим берүү деңгээлибизге чейин – кошумча кесиптик билим берүү бар. Бул жерде мындай көйгөй турат: профессордук-окутуучулук курамдын окуу ишмердигинин көлөмүн эсептөө үчүн убакыттын бекитилген нормалары жок. Кошумча кесиптик билим берүү уюмдары бүгүнкү күнү жогорку кесиптик билим берүү деңгээлине мүнөздүү убакыт нормалары менен колдонушат. Кошумча кесиптик билим берүүнүн окуу-методикалык ишмердүүлүгүнүн түрү – квалификацияны жогорулатуунун кошумча билим берүү программаларын жана модулдарын иштеп чыгуу, окуу-методикалык коштоону, көзөмөл-баалоочу материалдарды иштеп чыгуу. Ушуга байланыштуу, Институт финансисттер жана юристтер менен биргеликте кошумча кесиптик билим берүү системасында окуу ишмердигинин көлөмүн эсептеген убакыт нормаларын регламенттеген документтин долбоорун даярдап жатат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер