БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ТӨРТҮНЧҮ ЧЕЙРЕКТИ ДИСТАНТТЫК ТҮРДӨ ОКУТУУГА ДАЯРДАНЫП ЖАТАТ

  • 23.03.2020
  • 0

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул берилгендигине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги ЭлТРдин Билим жана Илим каналы менен биргеликте видео сабактарды 19-марттан даярдап көрсөтүп  баштады.

Мөөнөтсүз каникул улантыла турган болсо, 8-апрелден тарта орто мектептин окуучулары төртүнчү чейректи дистанттык (үйдө отуруп) негизде окууга киришет.

Окуучулар окуу программасына ылайык, жаңы темаларды видеосабактар аркылуу онлайн өздөштүрөт. Сабактар атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде «Баластан», «Билим жана Илим» телеканалдарынан берилет. Андан сырткары ушул эле сабактар ютубга, атайын порталга жайгаштырылат. Учурда Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган мугалимдер видеосабактарга тартылып жатат.

Жакынкы күндөрү 1-11-класстар үчүн министрликтин “Санариптик окутуу” боюнча билим берүү порталы ишке кирет. Бул порталдан алынган билимди бекемдөө үчүн окуу материалдар, атайын тесттерди көрсө болот.

Муктаждыкка жараша жыйынтыктоочу экзамендерди мектепке келбестен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Мындан сырткары министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган https://lib.kg/lib/school/ сайтын сунуштайт.

Ошондой эле министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн бардык предиеттер боюнча 400гө жакын окуу китептери жайгаштырылган https://lib.kg/lib/school /  сайтын жана жакынкы күндөрү ишке берилүүчү kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасын сунуштайт.

Окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган “iBilim” (башталгыч класстар үчүн) жана “Билим булагы” мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды — http://ibilim.kg/kyr/index.html  http://bb.edu.gov.kg/index.php.

Окуучулар менен кайтарым байланыш учурдагы технологиялардын (Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp) жардамы менен ишке ашырылат. Мында үйдөн олтуруп эле тапшырмаларды берип, аларды текшерип алууга мүмкүнчүлүк болот.

Жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта дистанттык технологиялардын жардамы менен аралыктан билим берүү режимине өтүштү.

Кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери жана окутуучулары үчүн “Соцсервис” мамлекетик ишканасынын жардамы менен электрондук окутуу системасы иштелип чыгып ишке берилет.

Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту технологияларды колдонуу боюнча атайын окууларды уюштуруп берет. Билим берүү жана илим министрлиги түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча атайын планды иштеп чыгып, ошонун негизинде системдүү жумуштарды алып барат.

Жогоруда аталган иш-чаралар Мегаком, “Соцсервис”, ишканаларынын, ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун, А. Молдокулов атындагы №5 улуттук гимназиянын, Креатив Таалим, кыргыз-швед мектептеринин, ЭлТРдин “Илим жана билим”, КТРдин “Баластан” каналдары, Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту менен биргеликте ишке ашырылат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер