БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ДИСТАНТТЫК ОКУТУУНУ КАНТИП УЮШТУРАТ? ТҮШҮНДҮРӨБҮЗ

  • 30.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярданып жатат.

Азыр базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга жана окуу программаларына ылайык, сабактардын жадыбалы түзүлдү. Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 1-11-класстар үчүн эки тилде видео сабактар жазылууда. Сабактарды Бишкек жана Ош шаарларындагы мугалимдер өтүшөт.

Бул видеосабактар 8-апрелден тарта “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» эфирге кетет. Андан сырткары ушул эле сабактар ютуб каналдарына, жана атайын порталга жайгаштырылат.

Билим берүү жана илими министрлиги тарабынан oku.edu.gov.kg билим берүү порталы түзүлүп, учурда анын контентин толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул порталга 1-11-класстарынын окуу материалдары, теледен берилчү сабактардын жадыбалы, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видеосабактар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. жайгаштырылат.

Окуучулар менен кайтарым байланыш, үй тапшырмасын берүү жана текшерүү үчүн мугалимдерге Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp сыяктуу заманбап коммуникациялык каражаттарды колдонуу сунушталат. Бул инструменттер, аралыктан эле сабакты өтүп, тапшырмаларды берип, аларды текшерип алууга мүмкүнчүлүгүн берет. Ал үчүн мугалимдердин маалыматтык-компьютердик компетенциялары жетиштүү болушу зарыл. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институту тарабынан мугалимдерге бул багытта атайын инструкциялар даярдалды.

Билим берүү жана илим министрлиги Мегакомдун колдоосу менен бардык окуучуларды жана мугалимдерди акысыз SIM-карталар менен камсыздайт. Артыкчылыгы — баланста каражат жок болгондо да, окууга тиешелүү тиркемелер жеткиликтүү болот жана WhatsApp кызматы акысыз.

Мындан сырткары «Мегаком» компаниясы МЕГА 24 тиркемесин иштеп чыкты. Азыркы учурда анын мазмунун толтуруу иштери жүрүп жатат. Тиркемеде oku.edu.gov.kg. порталындагы классына жана предметине бөлүштүрүлгөн видеосабактар, окуу материалдары, теледен берилчү сабактардын жадыбалы, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер болот. МЕГА 24 тиркемесин баланс нөл болуп турганда да колдоно алышат.

Ошондой эле министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн бардык предиеттер боюнча 400гө жакын окуу китептери жайгаштырылган https://lib.kg/lib/school /  сайтын жана жакынкы күндөрү ишке берилүүчү kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасын сунуштайт.

Окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган “iBilim” (башталгыч класстар үчүн) жана “Билим булагы” мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды — http://ibilim.kg/kyr/index.html  http://bb.edu.gov.kg/index.php.

Жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта дистанттык технологиялардын жардамы менен аралыктан билим берүү режимине өтүштү.

Кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери жана окутуучулары үчүн “Соцсервис” мамлекетик ишканасы электрондук окутуу платформасын даярдап берет.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча республикалык институту технологияларды колдонуу боюнча атайын окууларды уюштуруп берет. Билим берүү жана илим министрлиги түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча атайын планды иштеп чыгып, ошонун негизинде системдүү жумуштарды алып барат.

Жалпы билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул берилгендигине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги ЭлТРдин Билим жана Илим каналы менен биргеликте видео сабактарды 19-марттан даярдап көрсөтүп  баштаган.

Жогоруда аталган иш-чаралар Мегаком, “Соцсервис”мекемеси, ЮНИСЕФ, А. Молдокулов атындагы №5 улуттук гимназиясы, «Креатив Таалим» билим берүү комплекси, Кыргыз-швед мектеби, «Сорос Кыргызстан» фонду, ЭлТРдин “Илим жана билим”, КТРдин “Баластан”, «Санат» «Пирамида», «5-канал», Кыргыз билим берүү академиясы, Мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча республикалык институту менен биргеликте ишке ашырылып жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер