БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ “ЭҢ ЖАКШЫ” ДЕГЕН БАА АЛДЫ

  • 20.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында “эң жакшы” деген баа алган он бир мамлекеттик органдын катарына кирди. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн  мыкты мамлекеттик органдардын рейтингин жарыя кылды.

 «2026-жылга чейин Улуттук өнүгүү программасын аткаруу планында 554 иш чара каралган. 2023-жылдын 1-июлуна карата 92 иш чараны аткаруу мөөнөтү келди, анын ичинен 71 же 77% аткарылды.

«Планды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын алган баасы атайын иштелип чыккан методика менен аныкталды. Мониторингдин натыйжасы төмөнкүдөй болду: 11 мамлекеттик орган “эң жакшы” деген баа алды, 8 – “жакшы”, 4 – “канааттандырарлык”, 2 — “канааттандырарлык эмес”, -деди А. Жапаров Минкабдын кезектеги жыйынында.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Өлкө күчтүү болсо, өкмөт күчтүү болот” дегендей эле, Министрлер күчтүү болсо, өлкөбүз өнүгөрү талашсыз. Ар бир жетекчи, ар бир министр өзүнүн тармагында жоопкерчилик менен сергек ой жүгүртүп иштесе, ийгиликтер күттүрбөйт.

Минкаб башчысы 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарып, бир нече министрлердин ишине баа берди. Бааны болгондо да түз маанисинде алганда “беш”, “төрт” жана “канааттандырарлык” жана “канааттандырарлык эмес” деп койду.

“Эң жакшы” баа алгандардын ичинде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев да бар экени бул тармакта иштегендерди бир чети кубандырып, бир чети апкаарытып койду көрүнөт. Ананчы, эң чоң жана жооптуу тармактын чылбырын жаңы гана колуна алып, “камчы салдырбай” иштеп жаткан министрдин алган баасында билим берүү майданынын “кылычын” чаап келаткан эң чоң армиянын эң чоң эмгеги, салымы бар экени айтпаса да түшүнүктүү.

Сандар жана фактылар 

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын соңку жыйынында кеңири сөз болгон эле.

Эң чоң окуя — Жогорку Кеңеште «Билим берүү жөнүндө” жана “Илим жөнүндө жаңы мыйзамдардын кабыл алынгандыгы болду. Мектептерге ваучер системасын киргизүү, аккредитациялык текшерүүлөрдү ыктыярдуу кылуу, лицензиялык бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана башка бир катар орчундуу өзгөртүүлөр каралган жаңы мыйзам бул тармактагы олуттуу жылыштарга жол ачмакчы.

Жаңы мыйзамдын долбоору билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды камсыз кылат. Билим берүүнүн сапаты, инклюзивдүүлүгү, мектепке чейинки билим берүүнү жогорулатуу, системаны башкарууну жакшыртуу, коррупцияны жоюу, ошондой эле билим берүү мамлекеттик каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

— Мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген. Мектептик билим берүүдө 2024-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 1-сентябрына чейин ваучердик каржылоо пилоттук режимде киргизилет. Кийин анын жыйынтыгы менен республика боюнча жайылтылат. Биз 2021-жылдан бери жарандык коомдор менен чогуу иштедик. Алардын бир нече талаптарын аткардык. Маселен, лицензияны алып салуу, аккредитациядан өз каалоосу менен өтүү ж.б., — деди Билим берүү жана илим министрлигинин укук бөлүмү укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ “ЭҢ ЖАКШЫ” ДЕГЕН БАА АЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги КР Президентинин тапшырмаларын — 95,6%, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмаларын — 86,4% аткарды.

Мектепке чейинки билим берүү тармагында бир катар олуттуу жылыштар болду. Бала бакчалардын саны 122 бирдикке көбөйдү, 21 миңге көп бала бала бакчага кабыл алынды.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 1000ден ашуун арыз келип түшүп, 728 адам окутуудан өттү. Андан 553 адам сертификат алып, 240 адам жеке ишкер катары каттоодон өттү. Үй тибиндеги 33 бала бакча ачылып, 900 бала мектепке чейинки билим берүү камтылды. Алдыдагы бир айда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында дагы 25 үй тибиндеги бала бакча ачылат. Анын ичинен 10 бала бакчаны ачууга Кытай элчилиги жардамдашса, 15 бала бакча жергиликтүү бизнес коомчулугунун жардамы менен ачылмакчы”.

Министрлик быйыл Кембридж университети менен окуу китептерин басып чыгаруу боюнча Меморандумга кол койгон. Учурда Оксфорддун окуу китептерин апробациялоо иштери жүрүүдө. Быйыл 600 миң нускада окуу китеби басылып, 1-сентябрга пайдаланууга берилет.

«Мындан ары окуучулар колдонуучу окуу дептерлери Кыргызстандын өзүндө чыгат. Буга чейин окуу дептерлери Өзбекстан жана Россиядан алынып келчү. Жылына 15 млн дептерди чет жактардан ташып келчүбүз. Эми өзүбүздөн улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер өзүбүздөн чыга баштайт. Бул улуттук патриоттук деңгээлди жана улуттук өндүрүштү да көтөрөт”, — деди Каныбек Иманалиев.

17 жаңы мектеп курулуп, ишке кирди. Жаңы окуу жылына карата дагы бир нече жаңы мектептер, аларга кошумча имараттар курулат.

Мугалимдер жана мектеп директорлору кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын жардамы менен уюштурулган атайын курстардан билим алып жатышат. Алсак, КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Борбор Азия боюнча Anglia examinations мекемесинин өкүлчүлүгү, “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемеси менен биргеликте англис тили мугалимдери үчүн квалификациясын жогорулатуу курсун уюштурду. 2225 мектеп директору Кыргызстанда жана 116 директор Татарстанда окуудан өттү. Жалпысынан алганда баш-аягы болуп 41 миң педагог квалификациясын жогорулатты. Министрлик жакынкы арада мугалимдердин жетишсиздигин төрт эсеге азайтууну пландап жатат.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ “ЭҢ ЖАКШЫ” ДЕГЕН БАА АЛДЫ

Жакында эле КР Президентинин Указы менен таланттуу балдар үчүн “Акылман” жаңы мектеби түзүлүп, өзгөчө зээндүү балдарга татыктуу шарт түзүп берүү жагы колго алынууда. Окуучулардын билимин баалоо, заман талабына жараша жаңы предметтерди киргизүү, мугалим, окуучу жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу багытында да тиешелүү документтер кабыл алынды. Алсак, “Баалоо” улуттук баалоо системасы, “Диндердин өнүгүү тарыхы” жаңы предмети ишке киргизилип, мугалим, окуучу жана ата-эне үчүн этикалык Кодекстер кабыл алынмакчы.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ “ЭҢ ЖАКШЫ” ДЕГЕН БАА АЛДЫ

Дагы бир колго аларлык демилге — бул тарыхый инсандардын сүрөттөрү түшүрүлгөн окуучулар колдонулуучу дептерлерди чыгаруу болууда. Жаңы дептерлер жаңы окуу жылына карата даярдалып жаткан 600 миң нуска окуу китеби сыяктуу эле «Учкун» концернинен басып чыгарылып, улуттук өндүрүштүн өнүгүшүнө салым кошот. Бул жерде балдарга кошумча окуу үчүн 100 китеп басып чыгарыла тургандыгын да белгилей кетсек болот. Техникалык колдоо жагы да көмүскөдө калган жок. 212 миң жакыр үй-бүлө окуу үчүн планшет же нетбук менен камсыздалып, мектептерге 25000 компьютер жеткирилип берилет. Ошондой эле 1831 мектеп интернетке туташтырылат.

Өзгөчө макамга — өзгөчө талап

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ “ЭҢ ЖАКШЫ” ДЕГЕН БАА АЛДЫ

Президенттин  2022-жылдын 18-июлундагы Жарлыгы менен беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилген. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агарадык университети, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети өзгөчө статуска ээ болгон окуу жайлар.

Аталган жождордун ректорлору президенттин жарлыгында коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча соңку коллегияда отчет беришти.

Улуттук университеттин ректору Т. Абдракманов окуу жайдын кирешеси өсүп, окутуучулардын эмгек акысы 13 пайыздан 23 пайызга чейин көбөйгөнүн, илимий багыттагы иштерге каражат көбүрөөк каралганын айтты.
“Биздин университет Кыргызстанда рейтингде бешинчи орунга чыкты. Ушул тенденцияны кармашыбыз керек. Бардык көрсөткүчтөр боюнча өсүш бар”-деди ректор.

Агрардык академия эл аралык аккредитациядан өткөнүн, илимий кызматташтык боюнча Германия менен иш  башталганын, окутуучулар эл аралык журналдарга илимий макала жазуу боюнча даярдыктан өткөнүн, азык-түлүк коопсуздугу боюнча улуттук борбор түзүлөрүн билдирди.

Ошондой эле жашылча үрөндөрүн өндүрүү үчүн инфраструктура түзүү боюнча дагы иштер болуп жатат. КУАУнун базасында бизнес инкубатор түзүү долбоору да ишке ашууда.

2022-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда Scopus эл аралык илимий-метрикалык маалыматтар базасына жазылуу укугун алуу үчүн консорциум түзүлгөн жана келишимге ылайык ОшМУнун провайдерлиги менен конкурска коюлуп, ишке ашырылууда. Буга чейин 2-этап менен конкурс өткөрүлүп, аткаруучу тандалды. Жаңы окуу жылына чейин бул долбоор ишке ашат.

“Өзгөчө макам алгандан тарта университеттин окуу процесси академиялык эркиндиктин принциптерине жана студенттин жеке траекториясына негизделген дисциплиналарды жана окутуучуну тандоо мүмкүнчүлүгүн киргизди. Студент өзү каалаган дициплиналык курсту жана окутуучуну эркин тандап, тиешелүү кредиттик сааттарды өздөштүрөт. Бул кадамдар күчтүү атаандаштыкты жаратып, билим берүү сапатына түз таасир этип, академиялык эркиндикти, чынчылдыкты камсыз кылат жана дүйнөлүк рейтингде академиялык аброю менен байланышкан талаптарды сактайт”,- деди ОшМУнун ректору К. Кожобеков.

Акылбек Жапаров коллегия жыйынында өзгөчө макам алган жождордун дүйнөлүк миң мыкты жогорку окуу жайларынын катарына кирүү боюнча кандай иш аткарылганын сурады.

”Мен сиздерден чечкиндүү аракеттерди күтөм”,-деди Минкаб төрагасы.

Бөлүшүү

Комментарийлер