“БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ” МЫЙЗАМГА СУНУШТАР

  • 13.09.2022
  • 0

Кыргызстан мектеп окуучуларынын жетишкендиги боюнча эл аралык сынакта акыркы орундарда турат. Мамлекет билим берүүгө көп каражат жумшайт. 2001-жылдан бери бул тармакты каржылоо 18 эсеге көбөйүп, 2022-жылы мамлекеттик бюджеттен 54 миллиард сом бөлүнгөн. Бирок системадагы орчундуу кемчиликтерден улам мектептеги билим берүүнүн сапаты төмөн бойдон калууда. Бул боюнча пикирин экс-депутат Абдувахап Нурбаев билдирди.

Бул көйгөйлөр боюнча “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбооруна камтылган сунуштарга ал мындайча токтолгон:

— Жаңы сунушталып жаткан «Билим берүү» боюнча мыйзам долбоорунда мектептеги билим сапатын окуучулардын билим деңгээли аркылуу баалаган бирдиктүү системаны түзүү керектиги жазылган. Бул ыкма бир нече өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет. Билимди баалоо көз карандысыз агенттиктер аркылуу жүргүзүлүшү керек; аккредитацияны ыктыярдуу жана көз карандысыз макамга айландыруу аркылуу билим берүү тутумундагы бюрократияны, ал аркылуу коррупцияны кыскартуу; мектептерди лицензиялоо «Лицензиялоо жана уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамга ылайык гана жүргүзүү. Мында жеке мектептерди ачуу жана иштетүүгө болгон талаптар жеңилдейт. Кыргызстанда билим берүүгө көп акча сарпталганы менен мектептердеги материалдык көйгөйлөр арбын. Өлкө боюнча 2162 мектептин 250гө жакыны же ар бир тогузунчу мектеп авариялык абалда. Бириккен Улуттар Уюмунун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттердин «179 мектепти такыр эле түрттүрүп салуу керек» деген пикири да жөн жерден айтылбаган. Ошол себептүү жеке секторго жеңилдик берүү менен билим берүүдөгү мамлекеттин жүгүн жеңилдетүүгө болот.

Мыйзам долбоору Кыргызстандагы 100дөн ашык билим берүү уюм-мекемелери кошулган жумушчу топтун талдоолорунун негизинде даярдалды, — дейт оз баракчасында А.Нурбаев.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер