БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АТКАРА ТУРГАН ОТЧЕТТОРДУН ЖАНА МААЛЫМАТТАРДЫН ТИПТҮҮ ТИЗМЕСИ

  • 10.12.2020
  • 0

Түшүнүк кат

Кагаз иштеринин көптүгү, кереги жок отчетторду, кошумча документтерди толтуруу, алар көп убакытты алып, балдар менен иштөөгө, өзүн өнүктүрүүгө мугалимде убакыт калбай калып жаткандыгы тууралуу республиканын педагогикалык жамааттарынын көптөгөн кайрылууларынына жана каттарына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жумушчу топ түзүлгөн.

Анын милдеттерине республиканын бардык аймактары менен байланышып, керектүү маалыматтарды топтоо, түшкөн кайрылууларды жана сунуштарды иликтеп-үйрөнүү, аракеттеги ченемдик актыларды, мугалимдер иштеп жаткан окуу-усулдук ж.б. документтерди талдоо жана алар боюнча сунуштарды берүү кирген.

Жумушчу топтун ишинин негизинде Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын кызматкерлери аткара турган отчеттордун жана маалыматтардын типтүү тизмесин өзүнө камтыган болжолдуу нускама иштелип чыкты. Анда буга чейин билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жүргүзүп келген иштердин бир тобу кыскартылып жоюлду, бир тобу жөнөкөйлөтүлүп, типтүү формадагы электрондук форматка өткөрүлдү. Бул нускама кеңири талкуудан кийин ишке киргизилет.

Нускамага ылайык, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги айрым отчетторду, иш-чараларды кыскартуу, айрым формаларды толтурууну автоматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын айрым кызматкерлеринин милдеттүү иш-аракетин тактоо аркылуу мүмкүн болушунча жеңилдетилет.

Төмөнкүлөр жоюлат:

  1. көчүрүү экзамендери, 9, 11-класстан башкалары
  2. көчүрүү экзамендеринин негизинде мүнөздөмөлөрдү жазуу, 9, 11-класстан башкалары
  3. мугалимдин портфолиосу (каалоочулар портфолиону толтура алышат)
  4. өзүн-өзү өнүктүрүү папкасы (каалоочулар бул папканы толтура алышат)
  5. аткарылган иштер боюнча фотоотчеттор милдеттүү эмес
  6. КР Өкмөтүнүн №388 (19.06.2014) токтомуна ылайык, түздөн-түз кызматтык милдеттерине тиешелүү эмес болгон иш-чараларга мугалимдерди тартууга тыюу салынат, ошондуктан төмөнкүлөр мугалимдин милдеттерине кирбейт:
  • микроучасток боюнча иш жүргүзүү
  • аскер комиссариаты үчүн маалыматтарды, материалдарды даярдоо жана бланктарды толтуруу
  • пландалбаган иш-чараларды, мааракелерди өткөрүү жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги менен байланышпаган иш-чараларга катышуу

Шайлоолорду билим берүү уюмдарынын имараттарында өткөрбөө сунушталат.

Иш-аракеттин жөнөкөйлөтүлгөн формалары жана билим берүү кызматкерлеринин такталган ишмердиктери №1 таблицада берилди.

№1 таблица

АталышыМезгил-дүүлүгүТүшүндүрмөлөр
1234
Предметти окуткан мугалим
Предмет боюнча класстык журналды жүргүзүүКүн сайынЖурналдын электрондук варианты (ЭВ) толтурулат, чейректин аягында аны басып чыгарып, сактап коюу керек (эскертүү: эгерде журналдын электрондук вариантына өтө элек болсо, анда кагаз варианты толтурулат).
2Календардык-тематикалык пландоо (КТП)Жылына 1 жолуКТПнын үлгүлөрү (бирдиктүү формасы) билим берүү маалымат системасына (МС) жайгаштырылат. Бул үчүн «Санарип мектеп», «Электрондук китепкана» билим берүү платформалары, Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) сайты колдонулат.
3Сабактын план-конспектиДайыма3 жылдан ашык үзгүлтүксүз иштегендерге сабактын план-конспектин кыскарган структуралык формада жазууга уруксат берилет, ал эми жаш мугалимдер кеңири формада жазышат. План-конспекти кол менен жазылсын деген талап эч бир ченемдик документте жок.
4Окуткан предмети боюнча окуучулардын билиминин сапаты жана жетишүүсү тууралуу отчетчейректе /жарым жылда 1 жолуБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №1)

Эскертүү: бул формалар келечекте автоматташтырылат жана «Санарип мектеп» билим берүү платформасына жайгаштырылат.

5Сабакта коопсуздук техникаларын уюштуруу боюнча документтер

(коопсуздук техникалары боюнча нускама берүү журналдары)

Дайыма, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникалары талаптарына ылайыкБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №2)
6Кабинеттин паспортуЖылына 1 жолуБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №3)
7Коэффициентти баалоо барагы (КББ)Чейрек сайын жана эксперттик кеңеш тарабынан аныкталат (кызыктыруучу фонд)Бирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №4)
Класс жетекчи
Класстык журналды жүргүзүүКүн сайынЖурналдын электрондук варианты (ЭВ) толтурулат, чейректин аягында аны басып чыгарып, сактап коюу керек (эскертүү: эгерде журналдын электрондук вариантына өтө элек болсо, анда кагаз варианты толтурулат).
2Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын, олимпиадалардын, конкурстардын катышуучулары тууралуу маалыматЖылына 1 жолуБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №5)
3Жөндүү себепсиз сабакка катышпаган же системалуу түрдө калтырган жашы жете электердин саны тууралуу маалыматЖума сайынБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №6)
4Класстын жетишкендиги, катышуусу жана сандык өзгөрүүсү тууралуу класс жетекчинин отчетуЧейректе 1 жолу («Электрондук журнал» толтурулганда, мунун кереги жок болот)Бирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №7)
54-классты бүткөн окуучуга жана талап болгондо гана мүнөздөмө жазуу4-класстын аягындаБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №8)
6Класска мүнөздөмөЖылына 1 жолуБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №9).
7Аттестатка жана күбөлүккө тапшырык жасооЖылына 1 жолуМаалыматтык системада (ББМС (ИСУО) же «Санарип мектеп» платформасы аркылуу) автоматташкан толтуруу сунушталат.
8Окуучулардын жеке иштерин (дело) жүргүзүүЖылына 1 жолуЖылдык баа коюунун жаңы бирдиктүү формасын иштеп чыгуу, ал эми чейректик баа коюуну окуучу башка жакка кеткен учурда гана КР БжИМ бекиткен табель формасында толтуруу сунушталат (тиркеме №10).
9Класс жетекчинин тарбия иштери боюнча иш планыЖылына 1 жолуКласс жетекчинин тарбия иштери боюнча иш планынын үлгүлөрү «Санарип мектеп», «Электрондук китепкана» платформаларына, ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына жайгаштырылат.
10Тарбия иштери боюнча отчетЖылына 1 жолуБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №11)
11Класстын социалдык паспортуЖылына 1 жолуБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №12)
12Тамактануу боюнча мониторинг үчүн маалыматЗарылдыкка жарашаТамактана турган окуучулардын саны боюнча гана отчет берилет.
13Ишмердиктин айрым түрлөрү боюнча маалымат топтоо (балдар катышкан айрым иштерге ата-эненин макулдугу, анкета алуу ж.б.)Зарылдыкка жарашаКагаз түрүндө толтурулганы жакшы.
Социалдык педагог
Социалдык педагогдун иш планыЖылына 1 жолуБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №13)
2Иш планды аткаруу боюнча отчетЖыл ичинде зарылдыкка жарашаБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №14)
3Окуучулардын каралбай калуусунун алдын алуу боюнча отчётЗарылдыкка жарашаБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №15)
4Социалдык маалыматтар банкын — «Жалпы мектептик социалдык маалыматтар банкын

» түзүү

Жылына 1 жолуБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №16)
Класстан жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу
Класстан жана мектептен тышкаркы иштер боюнча иш планЖылына 1 жолуБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №17)
2Жасалган иштер боюнча отчетЖыл ичинде зарылдыкка жарашаБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №18)
3Отурумдардын протоколдоруЗарылдыкка жарашаБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №19)
4Уюштуруучунун журналы, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:

  • усулдук жардам
  • тажрыйба алмашуу
  • алдыңкы тажрыйба
  • ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү) жана коомчулукту тартуу боюнча чаралар
  • окуучуларды түрдүү ийримдерге жана секцияларга тартуу
Зарылдыкка жарашаБирдиктүү форма сунушталат (тиркеме №20)

Министрлик бул тизмени бир жуманын ичинде талкуулоону сунуштайт.

Сунуш жана эскертүүлөрдү төмөнкү электрондук почталарга жөнөтүңүздөр:
[email protected]
[email protected]

 

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер