БИЛИМ БЕРҮҮ САПАТЫН ТАЛКУУЛАГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

  • 04.12.2018
  • 0

Бүгүн Бишкекте «Кыргызстандагы жогорку билим берүү сапатынын маданиятын алдыга жылдыруу: эффективдүү практикаларды издөө» аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Анда жогорку билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча нормативдик-укуктук документтер, аккредитациялык агенттиктердин ролу, мамлекеттик жана көз карандысыз аккредитацияга эксперттерди даярдоо маселелери, университеттердин программалык жана институттук аккредитациясынын механизмдери талкууланууда.

Көз карандысыз аккредитациядан өткөн окуу жайлар практикалары менен бөлүшүп жатышат. Андан сырткары билим берүү программаларынын эки деңгээли боюнча аккредиациядан өткөрүүнүн проблемалары жана келечеги, орто кесиптик окуу жайларда жүргүзүлгөн аккредитациянын жыйынтыктары жана анын нормативдик-укуктук базасы талкууланмакчы.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер