БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАҢЫРТУУ ЖОЛДОРУН КӨРСӨТКӨН КИТЕПТЕР

  • 30.05.2019
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАҢЫРТУУ ЖОЛДОРУН КӨРСӨТКӨН КИТЕПТЕР

 

Кереге фондунун демилгеси менен кыргызчага которулган атактуу Кен Робинсондун “Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер” китеби жана Америкалык психологдор ассоциациясы тарабынан даярдалган “Кенже курактан баштап мектеп курагындагы креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип” аттуу билим берүү психологиясы боюнча китептин кыргыз тилиндеги чыгарылышынын бет ачары болду. Иш-чара 21-май күнү А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Сауд Арабия залында өтүп, билим берүү тармагында иш алып барган коомдук ишмерлер, ишкерлер, мугалимдер, студенттер катышты.

Билим берүү боюнча атактуу эксперт Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер» (Creative Schools: The Grassroots Revolution That’s Transforming Education) аттуу китеби буга чейин англис тилинен 15 тилге которулса, 16-болуп кыргызчага которулган. Китепти которуу «Кереге» жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунун демилгеси менен ишке ашкан.

Китеп ата-энелерге, мугалимдерге, мектеп директорлоруна, коомдук ишмерлерге жана саясатчыларга арналат. Кыргыз тилине Бакытбек Абдуллаев жана Кутманбек Мазарипов тарабынан которулуп, «Глобал принт» ЖЧК басмаканасынан басылып чыкты.

 

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАҢЫРТУУ ЖОЛДОРУН КӨРСӨТКӨН КИТЕПТЕР

 

Аталган китепте адамдын потенциалы менен чыгармачылыгын өнүктүрүүдө дүйнөгө таанымал эң таасирдүү адис Кен Робинсондун билим берүү тармагын трансформациялоо боюнча пикирлери камтылган. Автор индустриалдык доордун өндүрүмү эскилиги жеткенин, бүгүнкү билим берүү системасын замандын талабына жараша өзгөртүүгө убакыт келгенин жана аны ишке ашырууга болорун белгилейт. Кен Робинсон өзүнүн тажрыйбалары, байкоолору, мектептердин мыкты үлгүлөрү жана билим берүүнүн жаңычыл ыкмалары жөнүндө кеңири сөз кылат. Окуучуга мектепти кызыктуу, жагымдуу кылуу менен баланын жөндөмдөрүн өнүктүрүп, мектептен кийинки жашоосуна даяр болуп жетилүүсүнө жол көрсөтөт. Китепте келтирилген үлгүлүү мисалдар жана пикирлер баласынын келечегин ойлогон ар бир адамды билим берүүнүн маңыз-максаты тууралуу кайрадан ойлонууга түртөт.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАҢЫРТУУ ЖОЛДОРУН КӨРСӨТКӨН КИТЕПТЕР

Автор Кен Робинсон Англия, Сингапур өлкөлөрүндө билим берүү реформаларын натыйжалуу ишке ашырып, бул тармактын глобалдык лидери катары таанылган. Кишинин потенциалын жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча «New York Times» гезитинин бестселлер китептеринин автору. «Fast Company» тарабынан креативдүүлүк жана инновациялар боюнча «Дүйнөнүн эң алдыңкы 50 ойчулу» тизмесине кирген. Европа менен Азиядагы өкмөттөргө, «Fortune» журналы аныктаган 500 эң ири компанияга жана эл аралык уюмдарга чыгармачыл ойлонуу, инновациялар боюнча консультант болгон. Улуу Британиянын Уорик университетинде сабак берип, азыр ардактуу профессор болгон кези. Престиждүү «TED» конференциясындагы «Do schools kill creativity?» («Мектептер талантты муунтабы?») аттуу лекциясын 150дөн ашуун өлкөдө 300 миллиондон ашуун киши көргөн, бул «TED» тарыхында эң көп көрүлгөн тасма болуп келет.

Американын психологдор ассоциациясынын “Креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип” аттуу эмгеги кыргыз балдарынын чыныгы потенциалын ачып, туура багыттоо менен өлкөнүн өнүгүүсүнө жана элдин бакубат жашоосуна салым кошуу максатында бул эмгек англис тилинен кыргыз тилине которулду. Бул эмгек чыгаан психологдордун изилдөөлөрүнө таянып, көптөгөн талкуу, талдоо жана тандоолордун натыйжасында келип чыккан.

Бул китептен төмөндөгү суроолорго жооп таба аласыз: — Окуучулар кандай ойлонушат жана кантип үйрөнүшөт? — Окуучуларды эмнелер шыктандырат? — Эмне себептен социалдык чөйрө, жеке инсандык мамилелер жана эмоционалдык тең салмактуулук окуучулардын билим алуусу үчүн маанилүү? — Класс кантип натыйжалуу башкарылат? — Окуучунун жетишкендиктери кантип бааланат? — Баладан «сабактан канча баа алдың?» деп сураган туурабы же «эмне үйрөндүң?» деп сураш керекпи?

Аталган эмгек буга чейин англис тилинен чех, эстон, француз, корей, кытай, португал, испан, серб, түрк, араб жана словен тилдерине которулган. Бул эмгекти англисчеден кыргызчага Элмира Абжапарова жана Бакытбек Абдуллаев которуп, редакторлугун Асылбек Жоодонбеков, корректорлугун Жетиген Асанбек аркалады. Ал эми И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштер боюнча проректору, психология илимдеринин кандидаты Тууганбай Коңурбаев, КБАнын улук илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты Гүлайым Жумабаева рецензиялады. Китептин кыргызча котормосу Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылган. Бул методикалык колдонмо мугалимдер, психологдор, тарбиячылар, педагогика тармагында окуган студенттер, ата-энелер, билим берүү тармагында иш алып барган адистер жана жалпы окурмандарга сунушталат. Китеп «Китепстан» басма үйүнөн даярдалып, «Глобал Принт» басмаканасында басылды. Китептин которулуп, басылып чыгышын жеке ишкер Таалайбек Кумбаев каржылаган. Бул эмгек орусчага которула элек.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАҢЫРТУУ ЖОЛДОРУН КӨРСӨТКӨН КИТЕПТЕР

 

Бет ачарда айтылган ойлордон

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору, психология илимдеринин кандидаты, профессор Тууганбай Коңурбаев:

— Кыргыздын креативдүү, зирек жана жөндөмдүү балдарын тарбиялоо — элдин, мамлекеттин келечеги. Андай балдарга өзгөчө мамиле жасап, асырап алуу керек. Билим берүүдө жана жаш муундарды тарбиялоодо элдин баштан кечирген тажрыйбасына таянуу туура, бирок адамзаттын алдыңкы жетишкендиктерин колдонуу да өз натыйжасын берүүдө. Америкалык психологдордун иштеп чыккан 20 принцибин кыргыз окурмандарына жакындатып берүүнүн өзү чоң эрдик. Мындай эмгектер биз сөз кылган келечекке жетүү үчүн жолду кеңейтет.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАҢЫРТУУ ЖОЛДОРУН КӨРСӨТКӨН КИТЕПТЕР

Монтессори-педагог, психолог Чынара Термечикова:

— Негизги 20 принциптин ар бирин сын көз караш менен окуп чыгып, баарына макул болдум. Бул принциптердин жок дегенде бешөөсү колдонулса, билим берүүбүз бир топ алдыга жылмак.

№5 Улуттук компьютердик гимназиянын мугалими Талгат Деркембаев:

— Мугалимдин психология боюнча даярдыгы мыкты болсо, окуучунун билим сапатын арттырууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө, түрдүү жөндөм-шыктарын ачууга, окууга шыктандырууга жол көрсөтөт. Мугалимдер үчүн мыкты колдонмо китеп катары сунуштайм. Чындыгында, окутуучулар педагогикалык авторитаризмден арылышы зарыл болгон убакыт келип жеткени жашыруун эмес.

(Бет ачарга катышкандардын айрым ойлору гезитибизге кийинчерээк даярдалып чыгарылат)

Өз кабарчы

Бөлүшүү

Комментарийлер