БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ПАЙДУБАЛЫ БАЛА БАКЧАДАН ТҮПТӨЛӨТ

  • 04.05.2021
  • 0

Мектепте окуучунун активдүү болуусуна, сабакка болгон кызыгуусунун артышына бала бакчадан берилген билимдин таасири өтө чоң экендиги талашсыз.

Учурда китепкөй окуучулардын азайып бараткандыгы коомчулукта көп эле айтылып келет, ал тургай, негизги көйгөй болуп калууда. Бул илдеттен арылууну бала бакчадан баштоо керек деп ойлойм.​ Ал үчүн балдардын адабий чыгармаларга, албетте, балдарга арналган жана дидактикалык чыгармаларга, жомокторго кызыгуусун арттыруу зарыл. Аларды курулай жаттатуудан, жомокторду жөн гана айтып берүүдөн качуубуз керек. Туура, бала бакчаларда сүрөттөр, көргөзмө куралдар абдан арбын колдонулат.​ Ошол сүрөттөр боюнча балдарды көбүрөөк сүйлөтүүнү колго алуу зарыл. Ошол эле учурда алардын ойлоосун, кебин өстүрүүгө багытталган суроолор менен кайрылуу керек. Сүрөттөр аркылуу​ ​ аларга ар бир сабакта жок дегенде бирден, экиден жаңы сөз үйрөтүү оң натыйжасын берет. Сүрөттөр боюнча сүйлөө көндүмдөрү калыптандыруу алардын мектепте да өз билимин андан ары кыйналбай улап кетүүсүнө шарт түзөт. Сүрөттөр менен иштөөдө, аларга суроо берүүдө, жаңы сөздөр менен тааныштырууда балдардын жаш өзгөчөлүктөрү эске алынары айтпаса да белгилүү. Жомокторду айтып берүүдөн мурда алгач балдардын өздөрүн ошол сүрөт боюнча сүйлөтүп, жакшы өздөштүргөн балдарды жомок түздүрүп көрүү керек. Андан соң жомокту сүрөттөр аркылуу айтып берүү, же болбосо санариптик технологиялар аркылуу көрсөтүү, уктуруу натыйжалуу болот. Педагогдор балдардын жомокту кайра айтып берүү жөндөмүн калыптандырганда
гана алардын сезимдери өөрчүйт, ал эми ыкма менен мимикалар жеке керт
башына тиешелүү болуп калат, анткени бала аларды ролдорду аткаруу менен
гана өз алдынча табат. Оюн аркылуу бала жаңы менен
эскини топтоштурат, дегеле ролду аткаруу чыгармачылыкты билдирет.
Ошондой эле дидактикалык оюндарды колдонуу да балдардын сабакка​ кызыгуусун арттырат. Дидактикалык оюндар демекчи, бул мектеп жашына чейинки жана мектептин кенже окуучуларына таалим-тарбия берүүгө багытталган ийкемдүү оюндар. Бул оюндар балдардын сенсордук сезимдүүлүгүн (көлөмгө, өң-түскө, буюмдардын жайланышына болгон), байкагычтыгын, көңүл буруусун, аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, айлана-чөйрөгө болгон элестетүүсүн өстүрөт.
Бул оюндардын адеп-ахлактык тарбиялоодогу мааниси дагы зор, анткени алар наристелерде чыдамкайлыкты, өз алдынча иш алып баруу ишмердүүлүгүн калыптандырат.​ Дидактикалык оюндар өзгөчө бала бакчада окутуунун эң бир маанилүү каражаты болуп эсептелет. Аларды балдардын ар кандай курактагы топторуна карата туура пайдалануу зарыл. Оюндарды колдонууда балдардын жаш курагы эң маанилүү.
Негизинен эле мен бул макаламда​ бала бакчада балдарды окутууга кайдыгер болбостон, тескерисинче, ага жогорку деңгээлде көңүл буруу керектигине токтолгум келди. Мамлекетибиздеги кырдаалдан улам онлайн окутуунун болушу кайсы бир деңгээлде тарбиячыларды, жалпы эле педагогдорду санариптик технологияларды колдоно билүүгө үйрөттү. Эми ошол үйрөнгөн азыноолак нерсебизди андан ары өөрчүтүп, күнүмдүк сабактарыбызда максаттуу жана натыйжалуу колдоно билсек,​ биз максатыбызга жетүүнүн дагы бир жакын жолуна түшкөн болобуз. Ар бир кесиптешимди баланы сүйүүгө, өз кесибин сүйүүгө, өз жамаатын сүйүүгө, анан да, жаш муундардын келечеги үчүн кайдыгер болбоого чакырам.

Зыябекова Гүлшайыр,
Аксы районундагы К.Узенова
атындагы «Арча бешик» балдар
бакчасынын тарбиячысы

Бөлүшүү

Комментарийлер