БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮП ЖАТАТ

  • 16.04.2020
  • 0

Коронавирус да өтөт. Эртең эле билим берүүгө келебиз…

Мезгил өз ылдамдыгы менен алдыга жылат. Билим берүүнү өнүктүрүүчу жагдайлар түзүлүп, коомдогу адамдардын көз караштары өзгөрүп, өлкөбүздө өнүгүү өз мыйзамы менен ылдамдап баратат. Албетте, бул коомдогу, социалдык процесстердеги өнүгүүнүн эволюциялык алга умтулуусу же өнүгүүнүн термелүү кыймылы. Ал баарыбызга көрүнүп турат. А өлкөбүздүн өнүгүү боюнча ылдамдануу деңгээли канчалык, ал башка кеп.БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНҮГҮП ЖАТАТ

Сырткы өзгөрүүлөр

Эми, билим берүү тармагындагы сырткы өзгөрүүлөргө, өнүгүүгө сереп салып көрөлүчү. Албетте, мезгил талабына ылайык бардык тармакта, чөйрөдө, биринчи сырткы көрүнүштөр өзгөрөт. Табиятта да ошондой. Маселен, жаныбарлар да мезгилге карата сырткы түсүн биринчи өзгөртүшөт. Анан ага карата өзүнүн мамилесин өзгөртөөрү белгилүү. А билим берүүдө да кезеги менен алгач сырткы көрүнүштөр өзгөрөөрү, андан соң ички мазмун-маңызга өтөөрү түшүнүктүү. Бул табигый мыйзам чегиндеги көрүнүш. Мисалы, өткөн кылымдын токсонунчу жылдарына чейин азыркы билим берүү министрлигинин аты, элге билим берүү жана илим министрлиги деп аталган. А бирок, элдин баардык катмарына натыйжалуу билим берүү реалдуу эмес экендиги чындык. Россия федерациясы ошол процессти туюп министрликтин атын билим берүү жана илим министрлиги деп өзгөртүшкөн. Андан соң, биздин өлкөдө да ушундай атка өзгөрүлгөнү белгилүү. Бул билим беүүдөгү сырткы өзгөрүүлөрдүн башталышы эле. Калп айткан менен болобу көп учурда биз Россия мамлекетиндеги өзгөрүүлөрдү эсепке алабыз, анткени, түз маанисинде киндигибиз бир. Дагы бир мисал, акыркы кезде окуу-тарбия процесси деген түшүнүк көп айтылбай, билим берүү процесси деп  айтыла баштады. Анткени, окутуу-тарбиялоо дегенибиз анык-так эмес, эки бөлөктөй алакачма түшүнүк. Ооба, билим тарбиялоо үчүн кызмат кылаары белгилүү. Табиятында бул экөөнүн ички дүйнөсү, максаты бир. Алар бүтүн бир процесс. Ал адамды тарбиялоо. Эл ичинде төмөнкүдөй калыс кеп бар: “Билим орто болушу мүмкүн, а тарбия жогорку деңгээлде болушу тийиш”. Бул бекер пикир  эмес. Билим тарбиянын фундаменталдуу таянычы экенин мүнөздөйт. Бу кеп экөөнүн бүтүндүгүн далилдейт. Идеянын турмушта далилдениши маанилүү, а андан да анын практикада ишке ашышы, натыйжасы олуттуу, — деген ой жатат. Мектеп социалдык институт. Андыктан, мектеп окуучулардын адамдык сапаттарын өнүктүрүү менен турмушка даярдашыбыз керектигин жашоо ынандырды. Азыркы рынок заманында демократиялык процесске, гуманизм идеясына жана мамлекеттин стратегиялык өнүгүү багыттарына ыйлайык билим берүү тармагынын максаттарына, милдеттерине жаңы көз караштагы мамиле зарыл болуп турат. Азыр мугалимдердин билимин жогорулатууда идеяны ушул багытка буруу маанилүү.

Франк-Герц тажырыйбасы

Дагы бир мисал, орто мектептин физика курсунун кванттык физика бөлүмүндө элементардык бөлүкчөлөрдун дисскреттүүлүгүн далилилдеген Франк-Герцтин тажырыйбасы бар. Албетте, тажрыйба дисскреттүүлүк кубулушту далилдегени  чын. Бирок, андан да зарыл жана коом, социалдык процесстер үчүн маанилүү  болгон, ой-жүгүртүүнү, түшүнүктөрдү өзгөртүүчү, реформаларга негиз берүүчү  таасири бар. Ал тажрыйбанын негизинде социалдык процесстердин өнүгүшүн,  жашоонун философиясын, коомдогу саясий күрөштөрдү да салыштырып түшүнүүгө, пайдаланууга болот. Бул физикалык татаал процесс революциялардын жүрүшүн да мүнөздөөрүн В.А. Садовничий И.Р. Пригожиндин 100 жылдык юбилейине арналаган конференцияда баса көрсөткөн. Андыктан буга окшогон тажырыйба, эксперименттин жыйынтыктарын билим деп айтсак ылайыктуу. Физика илиминин фундаменталдуулугу ушунда. Бул далил окуучуларга, студенттерге илимий-теориялык маалыматтан сырткары саясий, социалдык кубулуштардын маңызын далилдеп берет, коомдогу процесстерди таанытат, практикалык-турмуштук билим берет, коомдогу социалдык абалдардын өзгөрүүлөрүн түшүндүрөт, дүйнө тааныйт, тарбияланат. Мындан, жаштардын табият илимдерине болгон кызыгуусу жогорулайт. Акыл-эси өнүгөт. Бул бүтүндүктү илимде,  педагогикалык чөйрөдө, биримдикте өнөктөшүүнүн түбөлүктүүлүгү катары мугалимдердин, мектеп жетекчилеринин билимин жогорулатууда пайдалануубуз керек.

Билим берүүдөгү ички өзгөүүлөр

Ошентип азыр педагогикалык коомчулук улам барган сайын сырткы өзгөрүүлөрдөн билим берүүнүн ички өзгөрүшүнө, философиясына кирип баратат. Билим берүү өнүгүп жатат, — дегенибизде ушундай процесстерди аргументтер, фактылар менен айтсак болот. Келечекте билим берүүнүн мамлекеттик стандарты да башкача түшүнүктө өзгөрүшү мүмкүн. Албетте, бул жеке пикир: билим берүүнүн стратегиялык багыттары же программасы, концепциясы же башкачабы… Анткени, билим берүү жандуу процесс болгондуктан илимий түшүнүктөр өзгөрөт. Аларды стандартка салуу, көп кырдуу көз караштарды чектөөгө, эркин ой-жүгүртүүдөн алыстатабы дегеним… Албетте, билим берүүнү негизи жок абсолюттуу демократияга же башаламандыкка айландыруу да чекилик. Билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик стандартынын стратегиялык өзөктүү өнүгүү багытын бек кармоо менен жоопкерчиликке, эреже-нормаларга милдеттүү түрдө таянуубуз жөндүү. Мисалы, предметтик стандартты карасак, мугалим үчүн окуучунун билиминин натыйжасын көзөмөлдөөдө, өнүгүү даражасын байкоодо окуучу милдеттүү түрдө төмөнкүдөй  илимий түшүнүккө ээ болушу керек, — деген чен-өлчөмдүн болушу мыйзамдуу. Себеби, мугалим  окуучунун билим деңгээлин аныктап, ынанышы  зарыл (суроо-жооп, эсеп, көнүгүүлөр, кес-тапшырма, практикалык эксперимент ж.б.). А окуучу өзүнүн илимий көз караштарын ошол критерийдин негизинде өзүн-өзү көзөмөлдөшкө, өз алдынча талдоо жүргүзүүгө жетишүүсү да маанилүү.

Орто мектепте табигый предметтер татаал

Мектепте табият илимдери илимий жактан терең окутулат башкача айтканда илимийлүүлүгү боюнча университеттин материалдарына жакын. Башкача айтканда ал предметтердин илимий бийиктиги өзгөчө жөндөмдүү окуучуларга ылайыкташтырылган же келечектин илимпоздорун даярдоого багытталган. Окуучуларга кыйынчылыкты жаратат. Биз кызыктыра  албаган, көпчүлүк окуучулар үчүн, ал оордук кылгандай. Ал эми В.Ф. Шаталовдун “Эффект соленого огурца” деген ыкмасына ишенсек, анда ал бардык ден соолугу таза окуучуларга татыктуу билим берүүгө мүмкүн, — деп жыйынтык чыгарат. Ал үчүн окуучуну эсеп иштөөгө тынымсыз машыктыруу менен окуу прогрммасынан озуп жүрүү керек, — дейт.  А биз, өзүбүздү актоо үчүн табиятта андай жөндөм ар бир окуучуга бериле бербейт, — деп айтып келебиз. Шаталов педагогика жана психология илимдеринде ушундай парадоксту жараткан. Албетте, Шаталов өзүнчө бир талантка ээ, чыгармачыл инсан. Бирок, ал предметтердин маңызын жеңил жана түшүнүктүү билим берүүнү (ынандырып жеткирүүнү) турмуш талап кылып жатат. Туура, азыр жөндөмдүү-таланттуу окуучулардын баарын бир класска камай бербей, болочок илимпоздорго профилдештирип билим берүү керек, — деген пикирлер басымдуулук кылат.  Мындай караганда эки пикир тең жөндүүдөй. Мүмкүн башка пикир да болоор ойлонуп көрүңүздөрчү… Эмне үчүн экөө тең туура болушу мүмкүн.

Мугалимге  болгон мамилени өзгөртүү керек

Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте мугалимдерге болгон мамилени өзгөртүүбүз керек. Билим берүү процессинде айлана-чөйрөдөгү адамдар бир тең, жалгыз мугалим бир тең. Билим берүү жалгыз мугалимге жүктөлгөн. Калган чөйрөдөгү адамдар сүрөөнчүлөрдүн милдетин гана аткарышат. А мугалим биринчи билим кенин казат, экинчи, билимди аң-сезимге жеткирүүгө аракеттенет. Эки функцияны аткарат. Мисалы,  айыл чарбасында түшүмдү жогорулатуу үчүн биринчи жер кыртышын (мугалим) органикалык же химиялык жер семирткичтер менен азыктандырышат. Экинчи, жер кыртышын иштетүүнүн эффективдүү технологиясын пайдаланышат. Дыйканчылыкта эффективдүү технология биринчи орунда эмес. Ошол сыяктуу эле билим берүүдө да түшүмдү мугалимдин билими, устаттыгы, ишмердүүлүгү жаратат. Технология анын куралы. Билим берүүнүн технологиясы экинчи орунда. Айрым учурда көз караштар тескерисинче экени байкалат. Мындан билим берүүнүн технологиясы, инновациялар, интерактивдүү методдор билим берүү үчун кызмат кылышат. Керек болгондо ар бир мугалим өзүнө ылайыктап билим берүүнүн технологиясын өзү табат. Андыктан мугалимди моралдык жана материалдык жактан азыктандыруу, колдоо жана эркин чыгармачылык менен эмгектенүүгө шарт түзүүнү алдыңкы орунга чыгаруубуз керек.

Өнөктөшүү

Бүгүнкү шартта билимдин натыйжасын рынок көзөмөлдөп, конкуренция үстөмдүк кылышы мыйзам ченемдүү. Анткени, рынок ар бир мугалимдин ишмердүүлүгүнө, эмгегинин натыйжасына карата айлык-маяна чегерет, көзөмөлдөйт. Колдоону жекелештирет. Ал камкордук, конкуренция  ийгиликтерди жаратат. Албетте, бул процессте да толгон-токой көйгөйлөр бар. Билим берүүнү өнүктүрүү үчүн мектеп, ата-эне, өкмөт бири бирин көзөмөлдөп же сын айтышпастан ар бири билимдин натыйжасы үчүн милдеткер болушу же өнөктөшүүсү зарыл. Биримдик жана максаттардын бир болушу маанилүү. Алгач алардын ортосунда жагымдуу психологиялык климат, жоопкерчилик жана кызыкчылыктарды эске алган келишимдин негизинде өнөктөшүү турмушка ашса гана ийгилик  жаралат. Биз көбүнчө теориядан практикага карай барабыз. Практикада, тажрыйбада далилденген ийгиликтердин илимий негизин изилдебейбиз. Мугалимдин натыйжа берген алдыңкы тажырыйбасын жалпылап, талдап, даңктап колдобой келебиз. Мугалимди керек болсо негиздүү мактап-жактап жан-дүйнөсүндө натыйжалуу эмгектенейин деген керектөөнү (ниетти) жаратуубуз керек. Анан билим берүүнүн сапаты өнүгөт.

Окуя, идея, реформа жана мамиле жаңы багытты өзү көрсөтөт

А биздин өлкөбүздүн шартында, билим ийкемдүү сатылышы тийиш. Албетте, анын да ийкемдүү механизмдери бар. Ураа, ураа жолу менен эмес, кайсы жерде ыңгайлуу шарт жана идеянын маңызы бышкан  чөйрө болсо. Кыргызстанда андай мектеп, чөйрө ондоп саналат. Ата-энелер бул процесске даяр. Болгону биз ийкемдүү, сабырдуу ыңгайлуу жагдайларды пайдаланып, натыйжалуу жолду таап берүүбүз керек. Билим берүүдө айкын идея, туура долбоорлор табылат, бирок аны ишке ашырчу агартуучулар дайыма эле табыла бербейт. Мындай шартта, эртеңки жыйынтыкты алдын тыкыр эсептеп андан соң баштоо маанилүү. Бирок, көп тараптын каалоосу, колдоосу тобокелчилик, энергия, фундаменталдуу негиздеги программа, аныкталган долбоор болушу лаазым. Албетте, идея, долбоорлор жана мамиле багытты көрсөтөт, керек болгон жерде үйрөтөт, реформалайт.

Дагы бир жагдай билим берүүнү реформалоого ынтызар окумуштуу-педагогдор, мезгил агымын көрө билген табигый интуицияга ээ, көкүрөгү ачык, демилгелүү жаштар пайда болуп жатат. Бул өлкөнүн бактысы. Алар: А. Токтомаметов, У. Мамбетакунов, Д.Шаматов, Т. Коңурбаев, А. Жоданбеков, Б. Абдуллаев ж.б. Алар жакшылыктын, өнүгүүнүн заманы келатканын кабарлашат. Аларды пайдалануу керек. Андыктан билим берүүнү өнүктүрүү боюнча долбоорлорго конкурс жарыялоо, талкуу өткөрүү мезгили келди. Ошондо билим берүү өнүгөт.

Коронавирус эпидемиясы

Коронавирус эпидемиясы жугуштуу оору экенин түшүндүк, ынандык, себептери да аныкталды. Социалдык тармактарда адамдар өздөрүнүн түшүнүктөрүнүн өзгөргөндүгүн өздөрү жазып жатышат. Бул пандемия, турмуштук факт аркылуу коомдо илимий көз караштардын өзгөрүшүнө чоң далил апкелди. Ал эпидемиянын жүрүшүнө Аллахтын да жардам бере албасын турмуш ынандырды. Мына, коронавирус окуясы бизге чоң билим берди. Бул процессти практикада көрбөсөк түшүнмөк эмеспиз. Теорияга караганда практика жеткиликтүү ынандыраарын билдик. Натыйжада адамдарда реалдуу түшүнүк пайда болду, аң-сезим өзгөрдү, тарбияландык. Адамзат тарыхында чоң бурулуш болду. Көрсө, турмуш окуясы бат эле билим берип, көз караштарды өзгөртөт экен. Адамдар социалдык тармактарда ойго келбеген көптөгөн, жаңы кайчы пикирлерди жарыялашты. Аны окуган, айрым момун мусулмандар жана жума намазга адамдар келбегенин көргөн Ажылар ыйлашты. Умурага Аллах үчүң сыйынып барышса, эмне үчүн коронавирус жугат, деп таң калышты. Биз билим берүүдө ынандыра албай келген илимий көз караштарды бир заматта турмуш ынандырды. Бул окуя билим берүү тармагына, адамдардын жан-дүйнөсүндөгү эски түшүнүктөрдү өзгөртүү үчүн чоң реформа жасады, аң-сезимде козголууну жаратты.  Бул коронавирус пандемиясы аң-сезим революциясын турмушка ашырды. Коомдо же башка социалдык процесстерде философиянын таанууну тануу закону өкүм сүрө баштады. Андыктан билим берүүдө да так ушундай радикалдуу мамиле       керектигин практика далилдеди. Билим берүү өнүгүп жатат.

Д. Султанкулов,  КРПКБЖКДИнун мугалими 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер