БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КӨЗ ДОГДУРДАН АКЫСЫЗ ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТҮП ЖАТАТ

  • 30.09.2022
  • 0

“Сентис фарма” компаниясынын офтальмологдору үч күндөн бери Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин көзүн акысыз текшерүүдөн өткөрүп жатат.

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КӨЗ ДОГДУРДАН АКЫСЫЗ ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТҮП ЖАТАТ

“Сентис фарма” компаниясы “Глаукоманы алдын ала аныктоо” акциясынын алкагында демилге көтөрүп, министрликтин кызматкерлеринин көзүн текшерип, тийиштүү диагноз коюп берүүдө.

  • Глаукома деген көздүн басымын көтөрүп жиберген оору. Мамлекеттик мекемелерде иштегендер көбүнчө жумуштан колу бошобой, догдурга көрүнө албай, көзүнүн басымы көтөрүлүп жатканын билбей жүрө беришет. Ошондуктан биз өзүбүз келип акысыз текшерип жатабыз. 150дөй кишини текшерип, диагноз коюп бердик, — дейт Синева Светлана.
Бөлүшүү

Комментарийлер