билим берүү кызматкерлеринин айлыгы акырындык менен көтөрүлөт
- 20.01.2025
- 0
«Мамлекет билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын акырындык менен көтөрөт»,- деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда билим берүү системасынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда.
№18 лицейдин директору Таалайбек Орунтаев Ташиевге суроо берип, анын айлыгы 20 миң сом экенин белгиледи.
«Окутуучулардын айлыгы 7-10 миң сомду түзгөндүктөн, кээ бир жетекчилер жакшылык кылам деп автоматтык түрдө коррупционерге айланышат. Кадрларды кармап калуу үчүн жетекчилер эсептен акча алып, айлыкка кошуп коюшат. Маселе айлык акыда. 20 жылдык стаж менен мен 20 миң сом алам. Жетекчи болуу азыр кыйын», — деди ал.
«Жакында соттордун айлыгын көтөрдүк. Алар мага келип айтышты: «Силер биздин таза иштешибизди каалап жатасыңар, бирок айлыгыбыз 70 миң сом». Алар миллиарддаган иштерди карайт, бирок силер [мугалимдер] муну кылбайсыңар. Мына, соттордо 30 миңи квартирага, дагы бир бөлүгү тамак-ашка кетет, балдарга 10 миңи гана калат. Мен президентке соттордун айлыгын көтөрүү боюнча сунуш киргиздим, ал макул болду. Азыр соттордун эң аз айлык акысы 140-150 миң сомду түзөт. Көрдүңөрбү, силерге да кезек жетет. Силер дагы жогорулатылган айлык аласыңар», — деди УКМКнын төрагасы.
Комментарийлер