БИЛИМ БЕРҮҮ КАНТКЕНДЕ ОӉОЛОТ?

  • 18.04.2023
  • 0

(Ишкер, экс-депутат Өмүрбек Абдрахмановдун сунуштары)

 

Азыр деректирдин иши, мугалимдин иши алар чыгарган «продукциянын» сапатына байланышкан эмес… Каалагандай бүтүрүүчү аттестат алат. Эгер “2ге” окугандарга аттестат бербей койсо, деректир менен мугалимдер күнөөлүү болуп калат. Ошондуктан алар бааны жогорулатып коюшат.

Азыр чөп чапкандай кылып көптөгөн деректирлерди бошотушту. Алардын ордуна ошол эле коррупцияланган, реформа дегенди түшүнбөгөндөр конкурс өткөрүп, башкаларды койду. Ротация деген советтик керексиз системаны колдонушту. Билим берүүнүн кээ бир формасын өзгөртүштү, а маӊызы өзгөрдүбү? Өзгөргөн жок. Тескерисинче башаламандык башталды…

 

Деректирлерге мамиле кандай болууга тийиш?

 

Деректирлерди кызматтан алганга шашпайт элем.

Адегенде жасай турган рефомаларды жарым жыл командам жана жактоочуларым менен ЖМК аркылуу талкууга салып, кеӊири түшүндүрмөкмүн.

Деректирлердин ишин алар чыгарган «продукциянын» сапатына байламакмын.

Кантип?

Бүтүрүүчүлөр азыр да ЖРТ тапшырышат. ЖРТнын сапатын карап чыгып биздин билим бере турган деӊгээлге байламакмын.

ЖРТ интернет аркалуу онлайн болмок, каалаган ата-энелер, башкалар карап турганга шарт түзүлмөк.

Эгер ЖРТ тапшыргандардын 10 %дан ашыгы «кызыл сызыктан» ылдый болуп калса, ал бүтүрүүчүлөргө аттестат берилбейт, а деректир жумушунан кетет деп компьютер чечет. Бул чечимди эч ким өзгөртө албайт. Тест тапшыра албай калган окуучу кийинки жылы кайра тапшыра берсе болот…

Райондук билим берүү бөлүмдөрүн жоюш керек.

Мамлекеттик билим саясатын министрлик аныктайт жана Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте китеп чыгаруунун сапатын, санын аныктап, программаларды бекитип турат. А мектептер эркиндикке чыгып, өз алдынча иштей баштайт…

 

Мугалимдердин ишин баалоо

 

Мугалимдердин иши балдардын предметтер боюнча билим деӊгээли менен бааланат. Эгер окуучу райондук конкурста жеӊип алса, ал мугалимге жана окуучуга мугалимге 2 айлык (республикалык олимпиадада жеӊсе, 4 айлык өлчөмүндө сыйлык катары компьютер аркылуу эсептеп берилет. А эгер эл аралык конкурста жеӊсе – 6 айлык өлчөмүндө. Ошентип, мугалимге да, окуучуларга да стимул пайда болот…

 

ЖОЖдордун деӊгээли жогору болсун десек…

 

Азыр 50дөн ашуун университет бар, анын көпчүлүгү мамлекеттики. Мамлекеттик менчикке ушунча университеттер керекпи? Кааласа 4-5 университетти тандап, калганын жаап салыш керек. Бардык ЖОЖдор ректорун өздөрү шайлап алышсын, а мамлекет БШК аркылуу таза шайлоо өтүшүнө гана көз салсын. Билим берүү министрлиги тармактар боюнча базалык билим деӊгээлин аныктап, ошого жараша ЖРТ түзсүн. Бүтүрүүчүлөрдүн билим деӊгээли мектептегидей эле компьютер менен ченелет… «Кызыл сызыктан» ылдый балл алган бүтүрүүчүлөр диплом албай калат. Алар жыл сайын акча төлөп ЖРТга катыша берсе болот, пенсияга чыккыча….

ЖРТны университетке окубай туруп да тапшырууга жол ачуу керек. Бизге билими керек, азыркыдай келип-кетип жүргөнү эмес. Диплом албай калгандар 10 %дан ашып кетсе, ректор арызын жазып, кызматынан кетет. Ордуна башкасын шайлап алышат…

Бюджеттик орундарга деген кабыл алууну жоюш керек, бул таптакыр керексиз жана зыяндуу нерсе. Эгер мамлекетке алысыраак райондорго мугалим же врач керек болсо, жетиштүү балл топтогон балдардын арасынан ошол жакка барып иштегенге макул болгон балдар-кыздарга өкмөт грант бериш керек. Грант ал окуучунун контрактына, күнүмдүк чыгымдарына жеткендей болуш керек. Эгер бүтүрүүчү келишимди бузуп, мисалы, Чоӊ-Алайга барбай койсо, гранттын акчасын 10 эсе кылып кайтарат же түрмөгө камалат.

Гранттар эл аралык конкурстардын жеӊүүчүлөрүнө да берилет. Баарын чиновниктер эмес, компьютер чечет.

Контракттын суммасын университет өзү чечет… Мугалимдердин айлыгын да мектеп өзү чечет… Ошентип, университеттердин арасында жарыш башталат, жалган диплом берүү жана коррупция жок болот. Бүтүрүүчүлөр мамлекет койгон деӊгээлдеги сапаттуу билим алып чыгышат…

 

Өмүрбек Абдрахманов, ишкер, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты.

Бөлүшүү

Комментарийлер