БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ЖАҢЫ МИНИСТР КЕЛДИ же КАНЫБЕК ИСАКОВГО КАЙРЫЛУУ…

  • 26.09.2019
  • 0

Кызмат ордуңуз кут болсун, Каныбек Абдуваситович! Жан – дүйнөңүздөгү ой-идеялар, долбоорлор жаштардын, жалпы адамзаттын бакубат жашоосуна, өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүнө себепкер болушун каалайбыз. Сиздин билимиңиз, максат-тилектериңиз, элибиздин келечек-тагдыры үчүн бурулуш жасоочу күч болуп, билим берүү тармагында өнүгүүнү жаратат, — деп ишенебиз.

Азыр билимдин коомго зарылдыгын айтпасак да түшүнүктүү. Анын кандай көйгөйлөрү бар экени сыр эмес. Билим берүүнүн абалы эки адамдын башы кошулган жерде талкууга айланып келет.  Албетте, Москва бир күндө курулган эмес. Бирок, антип өзүбүздү тынчтандырганга да акыбыз жок. Тескерисинче, эволюциялык поцессти биз камчылашыбыз керек. Баарыбыз билгендей коомду өнүктүрүүнүн мотору, — бул билим. Өлкөнүн өнүгүүсүн ылдамдатуу билимдүү, өз алдынча ой-жүгүртө алган тобокелчи, негиздүү реформатор жетекчинин жана мугалимдин колунда.

Биздин тармакта билимдүү, тажрыйбалуу адистер эмгектенишет, бирок чечкиндүү реформатордук кадам таштай албай келеатабыз. Өзүм баш болуп, бирөөгө акыл үйрөткөнгө гана машбыз. Көрсө, реформатордук кадамды колунда бийлиги бар, көсөмдөр, иш билги адамдар жасайт турбайбы. А мурунку министрлерде үч сапат тең төп келбей калды окшойт. Сиз андай сапат, каражаттардын бар экенин далилдепсиз, андыктан, билим берүү тармагына сизди реформа жасайт деп күтүп жатабыз. Азыр иштиктүү кадамдарды жасап, реформаны ылдамдатып, өлкөнү өнүктүрүүбүз баарыбыздын парзыбыз. Бу күнгө чейин билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары боюнча ойлор, идеяларды макалалар аркылуу айттып келдик, жогорку уюмдарга да жазуу жүзүндө бир канча жолу кайрылдык, долбоорлорду сунуштаганбыз, эми сизге жолдойбуз. Албетте, алардын бардыгы эле идеялдуу деп айта албайм. Ал долбоор, идея-сунуштар мугалимдердин “КУТ БИЛИМ” газетасында илимий-методикалык журналдарда байма-бай жарык көрүп турган. Бирок, көңүл бурган эч ким болбоду. Бул долбоордун маңызы натуура же туура, — деп далилдүү аргументтерди айткандан баары качышты. Арыраак барып, азыр рынок заманы келе элек, ал али эрте, эл кыйналып турат, дегендер болуп жатты. Конституцияда билим берүү бекер болсо, эмнеге мынча жулунушат, деги реформа деген сөздөр, бизди жадатты дегендер андан да көп болду. Ал көз караштарга, кырдаалдарга карабай сунуштар, долбоорлорду Президент, Премьер  министр, Жогорку Кеңешке талкуулоо үчүн да жөнөткөнбүз. А көрсө, аларда да убакыт жок көрүнөт, же ойлонгулары келбедиби, кайра эле түртө салышып билим берүү минстрлигине жөнөтүштү. А министрликтегилер мына-ана, эртең бүрсүгүнү деп жүрүп урматтуу айымыбыз өзү да кетип калды. Ал долбоорлор жеке биздин кызыкчылык үчүн эмес, ал келечек үчүн керек болчу. А биз “Ай караган текедей” күткөн бойдон калып калдык. Бул жумуштан кеткен адамды артынан жамандоо эмес, болгон фактылар. Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча идея-долбоорлорго көз салып, кулак төшөп, дитин койбогон, талкууну уюштуралы, — деп ойлобогондорун айтып жатам. Албетте, министр-айымды иштеген жок  десек, көзүбүз кашайаар. Менимче, а да болгон билимин, тажрыйбасын аяган жок. Эл аралык байланыштарды чыңдоо, тажырыйбалар алмашуу, жаңы окуу куралдарын жарыкка чыгаруу, билим берүүнүн актуалдуу маселери боюнча байма-бай “ютубдан” интервью, маалыматтарды берип турду. Кыргыз эли үчүн, билим берүүнү өнүктүрүүгө колунан келген салымын кошту, окшойт.

Албетте, сиз Ош университетинде чоң ийгиликтерди жаратып өнүгүүнүн рыноктук жолун таап, туура жолго салган тажырыйбалуу адис жана өзүңүздү практикада далилдеп көрсөткөн окумуштуу-педагог, — деп ойлойбуз. Ошол тажрыйба менен же рыноктун механиздерин пайдаланып, жалпы билим берүүдө өзгөрүүнү, өнүгүүнү жаратат дегенге негиз бар. Азыр сиз жөнүндө: Ош мамлекеттик университетин жогорку  деңгээлге көтөргөн деген кеп – сөздөр бүткүл Республиканы кыдырып жүрөт. Биз билим берүү өнүксүн десек, сизди колдон келишинче сөз менен эмес, иш менен жөлөп – таяп, колдоп, жардамга келгенге даярбыз. Ал эми улуу муундагылар теория, практикалык жардамдарды аябайбыз, эч болбосо кеп-кеңеш, идеяларды айтууну парз, — деп эсептейбиз. Ооба, алгач бизге окшоп, “идея-долбоорлорду” сунуштаган кеңешчилер, акылмандар, кошоматчылар, коррупционерлер да табылат. Албетте, ар тараптан түркүн кеңеш-сунуштардын түшкөнү да жакшы. Иштиктүү, жаратман, прогрессивдүү кеңеш, сунуш, идеялар түшсө  пайдалануу маанилүү. “Көп түкүрсө көл болот”, — деген бекер кеп эмес. Угуп коюу, талдоо, маңызын турмушка ашыруу сиздин иш. Көп идеялардын ичинде бирин, экин алтындан да баалуу ой-долбоорлор көрүнүп калышы да, ажеп эмес.

Эми жаңы министрге билим берүүнү өнүктүрүү боюнча төмөнкү идея-көз караштарды сунуштагым келет. Булардын баары эле сиз билбеген жаңы жаңылыктар, идеялдуу, даяр жаратман программа эмес, болгону сиздин ой-максатка кошумча болуп калабы дегенибиз.

  • Коомдун өнүгүү процесси боюнча заманбап көз карашы бар, негиздүү билимге ээ, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген, интеллектуалдык потенциалы жогору, тажрыйбалуу, демилгелүү, реформатор педагог-адистерден өзүңүзгө пикирлеш команда топтоо;
  • Министрликтин астында дайыма билим берүүнүн көйгөйлөрүн, стратегиялык кадамдарын кеңешип, талкуулап, кол кабыш кылчу, акыл кошчу эркин, көз карандысыз (“Акыл” ) борборун түзүү;
  • Жакынкы мезгилде билим берүүнү өнүктүрүү максатында конкреттүү долбоорлорго конкурс жарыялоо жана аларды талкуулоо;
  • Орто мектепте, ЖОЖдордо билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бүгүнкү жана узак мөөнөттүү стратегиялык багыттагы кадамдарды аныктоо;
  • Окуу китептерин милдеттүү түрдө басуучу көз карандысыз басмакананы уюштуруу;
  • Билим берүү процессинде билимдин мазмунун демократиялаштыруу, рыноктук көз караш аркылуу мыйзам актыларына, нормативдик эржелерге ылайык экономиканын негиздерин, финансылык жана укуктук сабаттуулукту өнүктүрүү;
  • Билим берүүдө предметтер, дисциплиналардагы окутулуучу материалдын мазмунундагы философиялык маңызын социалдык, тарбиялык маанисин ачуу;
  • Билим берүү процессинде өзгөчө өздүк системасы бар новатор-педагогдорго өлкө тарабынан мамилени түп тамырынан өзгөртүү жана жаңы чыгармачылык, психологиялык атмосфераны түзүү;
  • Мугалимдин ар тараптуу өнүгүшү үчүн мамлекет, коомчулук моралдык, социалдык – финансылык жактан колдоого жетишүү;
  • Коом жана мамлекет билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мугалимдин аброюн, өлкөгө болгон ишенимин ар кандай колдоолор аркылуу кайтаруу;
  • Мугалимдин педагогикалык системасындагы философиясын, жаңылыгын далилдөө, жана жайылтуу максатында телеберүүлөрдүн сериясын чыгармачылык жолугушууларды уюштуруу (сексенинчи жылдардын ортосунда Учительская, “1-сентября” газеталарынын редактору С.Соловейчиктин тажрыйбасы), сабактын ички сырындагы жетишкендиктердин ички сырын талкуулап аныктоо менен алардын китепчелерин министрлик аркылуу жарыкка чыгаруу жана даңазалоо;
  • Республикадагы билим көйгөйлөрүн чечүүнүн стратегиялык программасы боюнча “Билим кербенинин” (КББАсы уюштуруп баштаган) алкагында көчмө тегерек стол, жолугушуулар, талкуулар, ачык сабактар уюштуруу менен мугалимди, коомчулукту  ойготуу, билим берүүнү өнүктүрүүгө болгон мотивацияны күчөтүү жана өнүктүрүү;
  • Жогорку окуу жайлардын педагогика кафедрасында: теория менен практиканы айкалыштыра билген, тажрыйбалуу, мектеп табиятын ичинен түшүнгөн, өздүк педсистемага ээ, жан-дүйнөсүндө адамдык, педагогдук сапаттары бар, коом үчүн ичкен ашын жерге койгон демилгелүү окумуштуу, новатор-педагогдордун билим бериши маанилүү;
  • ЖОЖдордо лектор илимий-теориялык маалымат берүү менен гана чектелбестен учурдагы билим берүүдө болуп жаткан тенденцияларды, окумуштуу педагогдордун фундаменталдуу ачылыштарын пайдаланып, мисалы: (Д.Б. Эльконин-В.В. Давыдов — развивающий метод обучения, И.С. Якиманская — личностно-ориентированной подход в образовании, Н.В. Громыко — Ю.В. Громыко — метапредметный подход в образовании ж.б.) педагогиканын, психологиянын теорияларына таянып, педагог-новаторлордун тажрыйбаларындагы ийгиликтердин философиясын жетекчиликке алып, алардын жетишкендиктеринин себептерин анализдеп, талкууларды уюштуруу;
  • ЖОЖдордо педагогикалык адистерди даярдоодо педагогикалык практиканы өткөрүүнүн мөөнөтү жетишсиз, уюштуруунун формалары жана методикасы боюнча да кемчиликтердин бар экени белгилүү, андыктан педпрактикага болгон мамилени эч болбосо СССР убагындагы деңгээлге көтөрүү;
  • Педагогдук кесипке абитуриенттерди кабыл алуу мезгилинде абитуриенттин педагогдук кесипке болгон көз караштары, кесипти сүйүүсү боюнча психологиялык тесттен өткөрүү менен педагогдук адистикке болгон табиятындагы жөндөмдү аныктоо;
  • 2020-21 окуу жылында педагогдук кесипке жөндөмдүү абитуриенттерди кабыл алуу үчүн жана жаштарга педагогдук адистиктин аброюн көтөрүү максатында өкмөт тарабынан жаңыча мамиле болоорун алдын ала белгилеп, быйыл мугалимдик адистикке өзгөчө приоритеттер (стипендия, келечектеги айлык акы, социалдык колдоолор ж.б.) берилээрин ачык жарыялоо;
  • Билим берүү министрлиги: мектеп куруу, ремонт — чарбалык иштерден бошотуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө гана иштеши маанилүү;
  • Мектеп курулушун, ремонт иштерин айыл өкмөтүнө, шаардын мерлерине, мамлекеттик курулуш агенттигине милдеттендирүүнү Жогорку Кеңештен, өкмөттөн сурануу, кечиктирилгис маселе экенин бийлик башчыларына, коомчулукка маселе коюп, чечүү;
  • Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн кызматташуудан өнөктөшүүгө (өкмөт, ата-эне жана мектеп) же билим берүү процессинде да өнөктөшүүгө (партнерство) өтүү идеясын турмушка ашыруу;
  • Билим берүү академиясы, конкреттүү долбоору бар мектептер, башка жогорку окуу жайлардын педагогика кафедраларынын окумуштуу педагогдору, эксперттер менен өнөктөшүүнүн методикасын иштеп чыгып, чыгармачылыкка салыштырмалуу эркиндик берүү;
  • Акырындык менен мамлекеттик мектептерде билим берүүнү профилдештирүү менен жөндөмдүү (таланттуу) окуучуларга өзгөчө мамилени сөз менен эмес, практикада турмушка ашыруу;
  • Азыркы учурда бул үчтүктөр союзу кызматташуунун кайдигер кырдаалында (жоопкерчилик жок) гана жашап келе жатышат, ортодо кызыкчылыктар жок, билим товарга айлана элек, билим берүү бекер деген эски көз караш али өкүм сүрүүдө (КРнын конституциясы №45 берене);
  • Биз рыноктук коомду куруп жатабыз. Бирок, билим берүүдө рыноктук механизмдерди пайдалануу жөнүндө идеология жүргүзгөн эч ким жок. Коомчулукту ынандырсак бир балээ болуп кетеби, — деп коркобуз. Азыркы учурда мамлекеттик билим берүү мекемелеринде рыноктун мыйзамдары же конкуренция иштеген жок. Рыноктун агымына орто муундагы коомчулук эбак эле түшүнүшкөн. Бу бүгүнтөн баштап бардык мектептерге рыноктун механизмдерин киргизүү дегендик эмес. Биринчи мектептеги пед коллектив, ата-энелердин каалосу, жогорку бийлик уюмдар менен макулдашуу, мектептин инфраструктурасы ж.б. шарттар даяр болгондо;
  • Эгерде билим берүү тармагына рыноктун механизмдерди сунуштап, конкуренцияга басым жасасак: коррупция, арыз-даттануулар өзүнөн өзү төмөндөйт. Анткени баары келишим менен иштеп калышат, ызы-чуунун баары ортодогу келищимдин жоктугунан болууда, ушул жагдайларга маани берүү;
  • Билим берүүнүн азыркы абалы, жүрүшү эски нук менен баратабыз же “Алма быш оозума түш” принцибинде жашап жатабыз. Билим берүүгө мамилени жаңылоону, реформатордук кадамдарды күтөбүз;
  • Окуу куралдары боюнча: эң сонун, катасы жок, жогорку теориялык-методикалык деңгээлдеги окуу куралдарын жарыкка чыгарсак, айлык-маянаны көтөрсөк деле конкуренцияны ишке ашырбасак билим сапатында натыйжа болбойт. Мугалимдер да билмексен болуп мурункудай эле иштей беришет. Финансылык колдоо, конкуренция менен бирге айкалышканда гана сапат үчүн күрөш турмушка ашат. Сапатты рынок өзү көзөмөлдөйт. Бул социалдык процессти өнүктүрүүдөгү синергетикалык (И.Пригожин, Н.Кондратьев. А.Акаев) кубулуш.
  • Бул келечекте болуучу максат. Мамлекеттик жалпы билим берүүчү мектептерди бүгүнтөн баштап рынокко өткөрүү дегендик эмес. Адегенде аң-сезимдүү мамиле менен, рыноктун идеологиясын жүргүзүү, ынандыруу, ийкемдүү турмушка ашыруу үчүн багыт алуу, кадамдарды аныктоо;
  • Кыргыз билим берүү академиясы бекитилген долбоор боюнча илимий-педагогикалык изилдөөлөрдү мектеп жана мектепке чейинки мекемелер менен бирге жүргүзүү. Ал билим берүү мекемесин илимий-өндүрүштүк, эксперименталдык лабораторияга айландыруу;
  • Кыргыз билим берүү академиясын илимий-методикалык долбоорлор менен иштөөгө, долбоорлордун негизинде илимий педагогикалык изилдөөлөрдү уюштуруу жана алдыңкы педтажрыйбаларды изилдеп, жалпылоо жана жайылтууга басым жасоо;
  • Кыргыз билим берүү академиясынын алдында өздүк усулдук китепчелерди, окуу планы-программаларды окуу-методикалык басылмасын түзүү жана кеңейтүү;
  • Кыргыз билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун бир бүтүн мекемеге айландыруу жана себеби алардын стратегиялык максаттары, багыттары да бирөө эмеспи. Ар бири биригип, бир бүтүндүктү түзгөн соң өнүгүү багытты аныктап, өнөктөшүүнү жетекчиликке алуу;
  • Педагогдордун билимин жогорулатуунун натыйжалуулугун өнүктүрүү үчүн алгач мектепте жана мектепке чейинки мекемелерде рыноктук механизмдерди сунуштоо менен педагогикалык кадрлардын конкуренциясын турмушка ашыруу;
  • Билим берүү чөйрөсүндө рыноктун законуна болгон ылайык керектөө жана сунуштар менен иштөөгө жетишүү;
  • Рыноктун шартында курстардын түрлөрүн, формаларын көбөйтүү, заказдар менен иштөөнү турмушка ашыруу;
  • Окутуучуларды тандоонун табиятын өзгөртүү. Контрактын негизиндеги көчмө, дистанттык курстарды же анын жаңы эффективдүү формаларын тандоонун негизинде уюштуруу;
  • Курстук окууларда окутуунун теориясы, технологияларынан сырткары биринчиден: окуучулар мезгилдин же замандын күрөө тамырын кармай билгенге, билимдин мазмуну, жашоонун маңызын түшүнүүгө багытоонун технология, методдору менен тааныштыруу;
  • Экинчиден: мектеп жетекчилерин, мугалимди курстук окууларда билим берүү мекемелери социалдык институт экендигин далилдөөчү теориялык билим жана окуучуну турмушка даярдоонун формалары, методикасы боюнча тренинг, талкууларды уюштуруу;
  • Мугалим предметтерди, дисциплиналарды окутууда илимий-фундаменталдуу билим берүү, илимий көз караштарды өнүктүрүү анын социалдык милдеттерин ачууга  максат коюуга багыттоо ж.б;
  • Кесиптик адистигине тийешелүү болгон курстук билим берүүдө негизги теориялык жана практикалык билим берүү жана новатор мугалимдердин тажрыйбаларын анализдеп, прогрессивдүү механизмдерин талкуулап, билимди жогорулатууга басым жасоо;
  • Курстук билим берүүдө окуучуга, жалпы эле билим берүүгө мамилени өзгөртүүнүн технологияларын талкуулоо, тренинг, дисскусияларды уюштуруу;

Сизге КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Бекешев cos 600 да канчага барабар деп суроо берип, ушундай теориялык жактан татаал жана окуучунун турмушунда кереги жок болгон окуу материалдарын кыскартуу жөнүндө суранды. Туура ЖОЖдордо окулуучу татаал теория, социалдык мааниси күмөн, түшүнүксүз материалдарды кыскартуу туура. Ооба, косинус маселеси боюнча, сиз  жана урматтуу Д.Бекешев да адис эмессиздер. Менин оюм боюнча тригонометриялык функциялар илимде, өнөр жайларда, турмушта маанилүү жактары бар. Айрым мектепте мугалимдер анын философиясын жеткире түшүндүрүүгө маани бербей жатышы мүмкүн, — деп ойлойм. Коомчулукка маалымат бере кетейин:  техникадагы, өндүрүштөгү, социалдык процесстердеги термелүүлөрдүн бардык түрлөрү, толкундар, экономикалык жана социалдык кризистерди, өнүгүүлөрдү тригонометриялык функциялар синус, косинустун өзгөрүү динамикасы менен салыштырып мүнөздөөгө болот. А биз мугалимдер: сабактын социалдык маанисине көп маани бербейби же өзүбүз түшүнбөйбү кубулуш, процесстерди математикалык көз караш менен гана бир жактуу мүнөздөп, эсептөөлөр менен алек болуп жатабыз. Көбүнчө турмуштук, өндүрүштүк, илимий-техникалык процесстеги маанисине көңүл бурбай койобуз. Анан материалдын социалдык мааниси аң-сезимге жетпей калат. Бу анан материалдар ашыкчадай, кереги жоктой туюлат да, окуучулар кош көңүл калышат, сыягы. Айтайын дегеним, окуу материалдарын кыскартуудан мурун талдоо керек. Андыктан билим берүүдөгү окуу материалдарды кыя чабыштан мурун, мугалимдер билим берүү процессинде окуу материалдарды окуучуга жеткиликтүү түшүндүрүүнү колго алуусу маанилүү. Мындан окуу куралдарда жана мугалимде да мүчүлүштүктөр бардыр. Физикалык процесстерди (бардык термелүүлөрдү) математикалык методдор менен изилдегенде, алардын окшош жактарын салыштырып анализдеп, далилдеп пайдалануу, ынандыруу керек. Косинус физика эле эмес астрономия, геодезия, геология илимдеринде да бийиктик, бурч, аралыктарды аныктоодо да пайдаланылат. Косинус функциясы физикалык кубулушту, ж.б. процессти изилдөөдө математикалык метод катары пайдаланууга ыңгайлуу. Окуу китептердеги менин байкаганым боюнча катачылык математикалык теорияга көп басым жасалып калгандан. Ал методдун физикалык кубулуш, ж.б. процесстерди мүнөздөөдө маанисин мугалим айкалыштырып ачуу керек. Окутуу процессинде материалдын мазмунун ийкемдүү байланыштырып колдонуу деген ошол эмеспи. Андан соң өнөр жайдын конкреттүү тармактарында, экономикада, социалдык процесстерде кыскасы, турмуштук маанисине көңүл бурсак жетиштүү болот. Ошондо гана окуучулар косинус турмушка керектүү турбайбы деп ынанышат. Андан соң гана билим берүүнүн натыйжасы ийине жетет го.

Көзгө көрүнбөгөнү менен билим берүү өнүгүү жолунда. Көйгөлөр жөнүндө талаш- тартыштар, көп кырдуу пикир, көз караштар айтылып келет, сунуштар да бар. Бул өнүгүүгө болгон аракеттердин, кыймылдын белгиси. Реформа деген сөздөн такыр кутулбайбыз. Анткени өнүгүү дайыма кыймылда. Философиядан билгендей таанууну тануу закону өкүм сүрө берет да.

Эми билим берүүгө жетекчи болуп практик, тажырыйбалуу окумуштуу келди. Бирок,  билим берүү трактордун мотору эмес, заматта тетигин алмаштыра коюп талаага айдап кетчүдөй. Ал татаал социалдык процесс… Ошондуктан мамлекет, билим берүү кызматындагылар, коомчулук министрге   үн кошуп, сунуштар айталы, кеңештер берели. Анткени билим берүү өтө чоң жана терең кризисте калган тармак.

БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ЖАҢЫ МИНИСТР КЕЛДИ же КАНЫБЕК ИСАКОВГО КАЙРЫЛУУ...

Республикалык педагогикалык кадрлардын
квалификациясын жогорулатуу жана кайра
даярдоо институтунун ага окутуучусу,
Антуан де Сент-Экзюпери сыйлыгынын
лауреаты Д.И. Султанкулов

Бөлүшүү

Комментарийлер