БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕФОРМАЛАР ЖАНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР

  • 31.05.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги бардыгын сапаттуу жана жеткиликтүү билим менен камсыздоо үчүн Ibilim.kg сайтын сунуштайт. Мына ушул жана башка жаңылыктар тууралуу 29-майда КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева окуу жылын жыйынтыктаган жыйында кабарлады.

Министр өз сөзүндө КР Президенти С.Жээнбеков жарыялаган “2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири айтып берип, келерки окуу жылы жаңы жагымдуу башталыштар менен коштолорун белгиледи.

Бала бакчага электрондук кезекке күнүнө 100гө чейин арыз түшүүдө

Мектепке чейинки билим берүүчү бала бакчалардын саны жыл ичинде  1296дан 1390го чейин көбөйүп, 22 пайыздан 24 пайызга чейин өстү. Алыскы аймактарда учурда Бүткүл дүйнөлүк Банктын колдоосу менен кыска мөөнөттүү 120 бала бакча иштеп, ага 10 миңден ашык бала барууда. Азыркы күндө республика боюнча бала бакчалардын саны 1524кө жетти, тагыраак айтканда, мектепке чейинки мекемелерге барбаган 5-6 жаштагы 118 миң бала мектепке даярдоо программасына тартылды десек болот. Натыйжада мектепке чейинки курактагы балдардын 39 пайызы мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү программалары боюнча даярдыктан өтүштү.

Ал эми бала бакча орундары эң тартыш болгон борбор калаада бала бакчага балдарды орноштурууда коррупциялык элементтерди алдын-алуу максатында электрондук кезекке туруу системасы киргизилген. Азыркы учурда билим берүү бөлүмдөрүнө мурда кат жүзүндө кабыл алынган 4 325 арыз электрондук кезекке түшүрүлгөн. Электрондук кезек киргизилгенден баштап www.balabakcha.edu.gov.kg онлайн сайтына 2000дей бала кезекке турду. Адистердин айтымында күнүнө 70тен 100гө чейин арыз түшүүдө.

Аймактарды өнүктүрүүгө агартуучулардын салымы

Аймактарды өнүктүрүү максатында республика боюнча 60 “өсүү борборлору” (жаңы билим берүү стандарттары, жаңы усулдарды иштеп чыгуу жана мугалимдердин билимин жогорулатуу боюнча материалдарды апробациялоо негизги милдетине кирген билим берүү кластерлери) түзүлдү. Аталган инновациялык мектептер жаңы заманбап техникалык жабдыктар жана электрондук китепканалар менен жабдылды, билим берүү процессине окутуунун жаңы элементтери (шахмат, менталдык арифметика, балдардын ден соолугун чыңдоо) киргизилип, Базистик окуу планынын бир канча вариантын байкап көрүү сунуштары берилди.

Билим берүү жана илим министрлиги бардык окуучуларды КТИ менен камсыздоо жана  республиканын аймактарында санариптик билим берүү мейкиндигин түзүү максатында узак мөөнөттүү “Акылдуу мектеп”/”Умная школа”программасын иштеп чыкты. Анын жардамы менен предметтерди окутууда санариптик технологияларды жана материалдарды, маалымат булактарын, жабдууларды ж.б. чыгармачылык менен жана конструктивдүү пайдаланууга жана ошондой эле инновациялык чечимдерди түзүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө болот. Андан тышкары, ар бир мектепте КТИ киргизүү аркылуу электрондук башкаруу, билим берүүнүн жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү системасынын эффективдүүлүгү жогорулайт. Башталгыч мектептердин 1-4-класстарынын жети предмети боюнча мультимедиалык методикалык комплекстик программа иштелип чыккандыгын белгилеп кетүү керек.

Аралыктан окутуунун артыкчылыктары

2018-жылдын сентябрь айынан тарта бардык мугалимдерди чыгармачылык жактан өнүктүрүү программаларына кеңири тартуу максатында мугалимдерди аралыктан окутуу ыкмасы старт алмакчы. Бул программа бир жагынан мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жумшалчу убакытты жана чыгымдарды үнөмдөөгө шарт түзсө, экинчи жагынан педагогдорду кеңири камтууга өбөлгө болору анык.

Кыргыз тили сааты кыскарбайт

Жаңы окуу жылында бардык мектеп окуучуларын беш күндүк окутууга мүмкүндүк түзүүчү жаңы Базистик окуу планы иштей баштайт. Ал жаңы Базистик окуу планына ылайык, 5-6-класстардын окуучулары жаңы предметтик стандарттар боюнча билим алышат жана бир катар интеграцияланган предметтер киргизилет.

Ошол эле учурда 1-класстан тартып, 11-класска чейин кыргыз тилин окутууга бөлүнгөн сааттардын жалпы саны өзгөрүүсүз калтырыла тургандыгын белгилеп коюу кажет. Айтмакчы, министрлик мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кеңири колдоо алкагында 2018-жылдын башынан бери мектепке чейинки мекемелер, мектеп жана кесиптик билим берүү мекеме-уюмдары үчүн кыргыз тилинде 27 аталыштагы окуу китептерин жана окуу колдонмолорун басып чыгарган.

Окуу жүктөмү аз мугалимдер кайра даярдоодон өтүшөт

Жаңы окуу жылынан баштап мугалимдердин бир жумалык окуу жүктөмүнүн Төмөнкү босого көлөмү белгиленет. Анткени өлкөбүздөгү билим берүү мектептеринде окуу сааттарын бөлүштүрүү тартиби 2011-жылы эмгек акыны төлөөнүн жаңы шарттары киргизилген кезде өзгөрүүгө учураган, тагыраак айтканда, мугалимдин окуу жүктөмүндөгү өйдөкү жана төмөнкү чектерди алып салышкандыктан, окуу жүктөмдөрү майдаланып бөлүнүп келген. Кээ бир мектептерде бир же төрт-беш саат алып, келип-кетип иштеп жүргөн мугалимдер кездешет. Күнүнө бир саат иштеген мугалим чыгармачылык менен изденип иштегени күмөн. Бул өз кезегинде окуу сапатына терс таасирин тийгизип келет. Андыктан, министрлик окуу жүктөмдөрүн кылдат карап чыккан соң, кыскарууга туш болгон мугалимдерди кайра даярдоодон өткөрүүгө жибермекчи. Бир жумадагы эң төмөнкү окуу жүктөмүнө коюлган талаптар окуу жүктөмүн тартипке салуу менен объективдүү бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүшү шарт, бул өз кезегинде билим берүү сапатын жогорулатууга түрткү бермекчи.  Эң негизгиси, тең салмактуулук сакталышы кажет. Эске сала кетсек, мындан беш-алты жыл эле мурда 72-73 миң мугалим болсо, учурда өлкө аймагындагы мектептерде 79 миңге жакын мугалим бар.

Билимге салым кошкон Ibilim.kg сайты

Жыйында жалпыга жеткиликтүү сапаттуу билим менен камсыздоого чоң өбөлгө түзө турган Ibilim.kg сайтынын артыкчылыктары жөнүндө атайын адистер айтып беришти. КР Билим берүү жана илим министрлиги “Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо” долбоору жана “Таалим-Форум” коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырып жаткан бул сайтта жети сабак боюнча бардык темалар мамлекеттик стандарттардын негизинде жөнөкөй жана жеткиликтүү берилген. Андан балдар эки тилдеги көптөгөн видеоматериалдарды, кеңири аудитеканы, интерактивдүү тесттерди жана көнүгүүлөрдү, дүйнө таанымды кеңейтүүчү кызыктуу фактыларды таба алышат. Ал жеке эле окуучуларга эмес, мугалимдерге жана ата-энелерге да пайдалуу. Алсак, окуучуга жаңы материалды өз алдынча үйрөнүүгө кеңири шарт түзсө, ата-энелерге баласынын сабакты өздөштүрүүсүнө жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү ачылат.

Окуу жылы 10-сентябрда башталышы мүмкүн

Ал эми депутаттардын жаңы окуу жылын 10-сентябрда баштоо сунушу кандай чечилет деген суроого: “Бул эң актуалдуу маселелердин бири болуп жатканы талашсыз. Мында биз эң оболу климаттык шарттарды эске алганыбыз туура. Сентябрь айындагы аптапта балдардын үп класстарда отургандыгы алардын ден соолугуна кандай таасир этерине карашыбыз керек. Анткени алардын ден соолугунан окуу сапаты түздөн-түз көз каранды. Мына ушул себептерди эске алуу менен, окуу жылынын башталышын он күнгө артка жылдыруу маселеси каралып жатат. Эгерде ошондой болсо, ал окуу сааттарынын кыскарышына же окуу процессинин кандайдыр бир өзгөрүшүнө алып келбейт”-деп жооп берди министр Г.Кудайбердиева.

Министр өз сөзүндө ошондой эле республикадагы 17 жогорку окуу жайда, 13 атайын билим берүүчү мекемеде жана 5 кесиптик лицейде 149 окуу программа боюнча аккредитация жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Гранттык негизде бардык окуу жайларда окууну бирдей шарттар менен камсыздоо максатында талапкерлерди категориялар боюнча бөлүштүрүү ыкмасы колдонулат. Быйыл да жылдагыдай эле артыкчылыктар айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө берилет, тагыраак айтканда 57%-70% чейинки орундар элеттиктерге таандык. Ал эми аймактардагы жогорку окуу жайларга кабыл алууда аймактар муктаж болгон кесиптер эске алынмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер