БИЛИМ АРКЫЛУУ ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢСЕ БОЛОТ
- 13.11.2023
- 0
Ооба, буга Финляндия, Сингапур, Малайзия өңдүү өлкөлөрдүн билим берүүдөгү ийгиликтери далил. Пандемияга чейинки талдоолор көрсөткөндөй, экономикасы начар өлкөлөрдө балдардын 90 пайызы, орто кирешелүү өлкөлөрдө балдардын 50 пайызы жана кирешеси жогору өлкөлөрдө балдардын 30 пайызы жумушта жана жашоодо ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон негизги орто деңгээлдеги көндүмдөрдү мектептен үйрөнүшпөйт экен. Ал эми өзүбүздүн Кыргызстанда абал кандай? Улуттук форумдан улам ушуга кайрылып көрөлү.
Белгилүү болгондой, үй-бүлөнүн жакырчылыгы баланын өсүп-өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бул — начар тамактануу, тез-тез ооруп калуу, негизги нерселердин жетишсиздиги, стресс, тынчсыздануу, начар окуу көрсөткүчтөрү жана өзүн төмөн баалоо.
Дүйнөлүк окумуштуулар жакырчылык менен нейробиологиянын ортосунда да маанилүү байланыш бар экенин айтып келишет. Мисалы, Американын Висконсин университетинин изилдөөлөрүнөн «Эгер бала менен сүйлөшпөсө, ойнобосо, китеп окуп, жомок айтып бербесе, анда анын мээсинин өнүгүүсү төмөндөйт. Анткени жашоонун алгачкы миң күнүндө интеллект, эс тутум, сүйлөө, эмоция, окуу жана адаптация үчүн жооптуу байланыштар түзүлөт. Бул — секундасына миң нейрондордун байланышы. Башка куракта түк кайталанбайт» деген кызыктуу жыйынтыкты окуй алабыз.
Кыргызстанда «бул мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоо үчүн» кандай чаралар көрүлүп жатканы коомчулуктун кызыгуусун жаратпай койбойт деп ойлойбуз.
— Улуттук стратегиялык документтерде коюлган негизги милдет — билим берүү аркылуу жакырчылыкты жоюу. Тармактагы бардык көйгөйлөрдү эске алуу менен, биз, мамлекеттик деңгээлдеги билим берүү системасынын алдында белгиленген максаттарга жетүүгө багыт алдык, — деп белгиледи билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюу боюнча Улуттук форумда сүйлөгөн сөзүндө.
Министрдин пикиринде бул багыттагы биринчи артыкчылык, биринчи интервенция – мектепке чейинки билим берүү жана эрте өнүктүрүү кызматтарын алуудагы теңсиздикти жоюу. Баарына маалым болгондой, өлкөдө акыркы мезгилде бала бакчаларды бардык болгон мүмкүнчүлүктөр жана жолдор менен ачуу аракеттери көрүлүүдө. Мисалы, 2025-жылга чейин Дүйнөлүк банктын каражатына мамлекеттин заказы боюнча аймактарда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча түзүлөт, алар 40 миңден ашык баланы камтыйт жана 5 миңден ашык тарбиячыга жумуш берилет.
«Өкмөттүк акселератор» Программасы аркылуу үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу аракеттери да аймактарда кызуу жүрүп жатат. Учурда Бишкектин эки районунда 50 үй тибиндеги бала бакча ачылып, 1200 бала мектепке чейинки билим берүүгө камтылды.
Билим берүү министри өз докладында
жакырчылыкты жоюуга багытталган экинчи багыт – ден-соолук жана коопсуздук аракеттери боюнча да сөз козгоду.
— Башталгыч мектепте айрыкча жакыр, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн аш болумдуу, пайдалуу, жогорку калориялуу мектеп тамагы маанилүү. Бул багытта бизде 2013-жылдан бери атайын долбоор ишке ашырылып келет жана кийинки жылы дагы 195 мектеп ысык тамак берүү программасына кирет. Бул программа балдарды туура тамактануу маданиятына үйрөтүп, аларда санитардык-гигиеналык көндүмдөрдү калыптандырат, – деди министр.
Жакырчылыкка, теңсиздикке каршы жасалып жаткан иштердин арасында функционалдык сабаттуулук маселеси өзгөчө орунду ээлейт.
— Билимсиздик, окуганды, жазганды билбегендик, санай албоо, окуганды түшүнө албоо — жакырчылыкка, теңсиздикке түз жол экенин баарыбыз түшүнөбүз. Бул, бир жагынан. Экинчи жагынан, эгер сиз окуй алганыңыз менен окуп жатканыңызды түшүнбөсөңүз, анда мындай билим көп натыйжа бербейт. Ошондуктан кичинеби же чоңбу, биз жашап жаткан өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу үчүн ар бир адам функционалдык сабаттуулукка муктаж, – деп белгиледи Догдуркүл Шаршеевна.
Мектептерде сапаттуу билимди камсыз кылуу үчүн, албетте, окуучуларды заманбап окуу китептери менен жабдуу зарыл. Цифраларга кайрылсак, учурда мектептердин окуу китептери менен камсыз болуусу 73,4%ды түзөт. “Учкун” үч тилде 3 аталыштагы 136 миң даана окуу китебин (Физика, 7-класс, Химия, 8-класс, Информатика, 7-9-класстар) басып чыгарууга жетишти. 2023-жылдын аягына чейин дагы 4 аталыштагы (Алиппе, Физика, 8-класс, Адам жана коом, 7-8-класс, Диндердин өнүгүү тарыхы, 7-8-класстар) жалпы тиражы 603 миң нускадан ашуун окуу китебин чыгарат.
Министр алдыда эң алдыңкы санариптик педагогикалык технологияларды тездетип киргизүү, мугалимдер үчүн жаңы экосистема түзүү, анын ичинде аларды хромбуктар менен жабдуу маселеси каралып жатканын айтып өттү.
— Билим берүүнүн сапатын жогорулатууга — мугалимдердин сапатын жогорулатуу аркылуу жетишүүгө болот. Ваучердин негизинде квалификацияны жогорулатуу процессине конкуренция киргизебиз. Билим берүү тармагындагы “Билим берүүдөгү лидерлер” Улуттук кадрдык резервин, ошондой эле мыкты алдыңкы мугалимдердин Улуттук маалымат базасын да түзөбүз. Ата Мекендик педагогикалык тажрыйбаны жайылткан Инновациялык педагогикалык технологиялар лабораториясы түзүлөт, – деп көрсөттү өлкөнүн билим берүү тармагынын жетекчиси.
Өнүккөн өлкөлөрдө билим берүүнүн жетишкендиктерин анализдеп турган милдеттүү мониторинг иштейт. Мониторинг аркылуу балдарга окуу китептери түшүнүктүүбү, мугалимдерге кандай квалификацияны жогорулатуу курстары керек экенин, педагогдорду даярдоонун сапаты кандай экенин билүүгө болот. Ушундан улам Кыргызстанда “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти түзүлүүдө. Эми 3-класстан баштап окуу, түшүнүү, математика жана тилдер боюнча окуучулардын жетишүүсүнө баа берилет. Министрдин айтымында, бизде адам факторунун катышуусуз санариптик диктант көнүмүшкө айланат.
— Бул мугалимдердин компетенттүүлүгүн көзөмөлдөөгө, квалификацияны жогорулатуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системалары менен өз ара аракеттенүүгө, мугалимдерди көз карандысыз аттестациядан өткөрүүгө мүмкүндүк берет, – деди министр.
Арийне билимдин сапаты мугалимдердин даярдыгына жана колдоосуна көз каранды.
Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы биринчи жолу республикалык орточо айлыкка барабар болду. Министрдин айтуусунда, мына ушулардын бардыгы бир жылдын ичинде мугалимдердин жетишсиздигин 4 эсе кыскартууга мүмкүндүк берди. Педагогикалык адистиктер үчүн Бүткүл республикалык тестирлөөнүн орточо баллы көтөрүлдү.
Кыргызстанда билим берүүгө мамлекеттик бюджеттин көлөмү 2019-жылдан (пандемияга чейин) 35,8 миллиарддан 2023-жылы 60,9 миллиард сомго өсүп жетти. Бул педагогдордун эмгек акысынын жогорулашына, квалификациялык категория үчүн үстөктүн көлөмүнүн өсүшүнө, педагогикалык багыттагы студенттерге стипендиянын жогорулашына, окуучулардын контингентинин демографиялык көбөйүшүнө байланыштуу болду.
Министр өз докладында салттуу билим берүү менен катар жана мектептен тышкаркы билим берүү сыяктуу моделдер өмүр бою билим алуунун эң жакшы мүмкүнчүлүктөрү болуп саналарын белгилеп өттү.
— Чыныгы сабаттуулук маселелерин чечүүдө мектеп жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштөөгө тийиш. Окуусун таштоого аргасыз болгондорду кечки мектептердин тармагына тартуу зарыл. Кесиптик лицейлер жумушчу кесиптер аркылуу балдарга жаңы көндүмдөрдү берүүдө, алардын ишке орношуусунда өзгөчө маанилүү. STEM предметтеринин мааниси да күндөн-күнгө жогорулап жатат, анткени табигый илимдер жана математика ар бир өлкөнүн өнүгүүсүн калыптандырат, – деди министр айым.
Улуттук форумда “Ата-энелер мектебинин” алкагында “Алтын казык” программасын ишке киргизүү бүгүнкү күндүн талабы экени белгиленди. Бул платформа ата-энелерге ата-энелик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн онлайн-курстарды, тренингдерди жана ресурстарды сунуштайт. Платформа ата-энелердин кеңири чөйрөсүнө, анын ичинде ресурстары же мүмкүнчүлүктөрү чектелген үй-бүлөлөргө жеткиликтүү болушу керек.
Ооба билим берүү кызматынын сапатын жогорулатуу — инновациялык өнүгүүнүн жана социалдык бакубаттуулуктун негизи.
— Биздин максатыбыз — бардык балдар өмүр бою билим алып, сабаттуулуктан көйгөйлөрдү чечүүгө жана кызматташууга чейин — өзгөрүлүп жаткан дүйнөгө жетүү үчүн бардык жөндөмдөрдү жана компетенттүүлүктү өрчүтүү. Балдарыбыздын, жаштарыбыздын, чоңдорубуздун сапаттуу билим алуусуна бардык шарттар түзүлүп, эл “жакырчылык” деген сөздү унутушу үчүн баардыгыбыз биргелешип диалогду улантышыбыз керек.
Ар бирибиз — өзгөрүүнүн агентибиз! – деп өз сөзүн жыйынтыктады Догдуркүл Шаршеевна.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер