БГУ ДА “ЖАЗГЫ ЖОЛУГУШУУ” ФЕСТИВАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ

  • 30.03.2023
  • 0

Бишкек мамлекеттик университетинде “Бир алкак, бир жол” демилгесинин 10 жылдыгына жана “Контимост” журналынын 15 жылдыгына арналган, “Жазгы жолугушуу” аталышындагы кытай маданиятынын жана таланттарынын фестивалы болуп өттү.

БГУ ДА “ЖАЗГЫ ЖОЛУГУШУУ” ФЕСТИВАЛЫ БОЛУП ӨТТҮ

Фестивалдын алкагында, “Контимост-15 жыл” журналынын көргөзмөсү,   студенттердин: каллиграфия, кагаз кесүү ыкмалары, кытай живописи, чай аземи, ошондой эле кытай тилин, маданиятын жана философиясын чагылдырган “Бир алкак – бир жол”  сүрөт көргөзмөсү орун алды.

Фестивалынын максаты  эки өлкөнүн ортосундагы мамилени чыңдоо, достугун бекемдөөдө “Бир алкак, бир жол” демилгесинин  ролун жана маанисин көрсөтүү.

Фестивалга Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь,  Кеңешинин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Раимбачаева В.К,  билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев,

Тышкы иштер министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси, Улуттук илимдер академиясы, Кыргызстандын улуттар ассамблеясы, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

 

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер