“БЕШКЕ ЧЕЙИН ҮЛГҮР”: АГАРТУУЧУ ЛЕКЦИЯЛАР АЙМАКТАРДА УЛАНУУДА

  • 14.03.2023
  • 0

Каракол шаарындагы №1 инновациялык мектептин жыйындар залында “Бешке чейин үлгүр” тиркемесинин бет ачары өттү.

“БЕШКЕ ЧЕЙИН ҮЛГҮР”: АГАРТУУЧУ ЛЕКЦИЯЛАР АЙМАКТАРДА УЛАНУУДА

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында “Роза Отунбаеванын демилеси” эл аралык коомдук фонунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева «Баланын кенже курактагы өнүгүүсүндө ата-эненин ролу» аталышында лекция окуду. Ошондой эле «Бешке чейин үлгүр» долбоорунун координатору ата-энелерге тиркеме тууралуу кеңири маалымат берип, аны менен колдонуунун эрежелери менен тааныштырды.

— Австралиялык Миндеру Фондунун колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тартуулаган “Бешке чейин үлгүр” тиркемесинин мазмуну Сидней университетинин (Австралия) алдындагы Мээ жана Акылды изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан. Кыргыз жана орус тилине адаптациялоо ишинде кенже куракта өнүктүрүү тармагындагы көп жылдык тажрыйбасы бар кыргызстандык алдыңкы адистер иш алып барышты. Колдонмодогу кеңештер жана иш-чаралар акыркы илимий изилдөөлөргө жана жергиликтүү каада-салт, маданиятка негизделген, — дейт Д.Кендирбаева.

Эскерте кетсек, «Бешке чейин үлгүр» тиркемесинин жарык көрүшү «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун кенже куракта өнүктүрүү багытындагы кезектеги долбоору.

2022-жылдын ноябрь айында тиркеме колдонуучуларга тартууланган. Долбоор тууралуу аймактардагы ата-энелерди тааныштыруу максатында агартуучулук лекциялар буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Нарын, Таш-Көмүр шаарларында өткөн. Бүгүнкү күндө тиркемени 14 миң ата-эне жүктөп алды.

Г.А., “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер