ББжИМ: 2019-ЖЫЛЫ АТКАРЫЛГАН ИШТЕР

  • 23.12.2019
  • 0

 2018-2040-жылдарынын мезгилине Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишенич. Жаратмандык» программасын аткаруу үчүн жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн 2019-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүү жана илим жаатында конкреттүү кадамдарды ишке ашырууга мүмкүн болду. Билим берүү жана илим министринин орун басарлары Нурлан Омуров менен Надира Джусупбекова 2019-жылы аткарылган иштер боюнча журналисттерге маалымат берди.

 I. Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү:

  1. “Билим берүүнү башкаруудагы маалыматтык системасы” (БББМС)” — бул республика боюнча билим алуучулардын, тарбиялануучулардын, мугалимдердин, билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин жана билим берүү мекемелеринин бирдиктүү базасы. 2019-жылдын акырына чейин система ишке берилет. 2020-жылы система республика боюнча билим берүүгө тийиштүү абдан кеңири маалыматты камтыган, борборлоштурулган, расмий статистикалык базаны камтыйт. Билим берүүгө байланыштуу кандайдыр бир статистикалык маалыматты ар бир каалоочу тарап каалаган учурда ала алат. БББМСнын базалары “Түндүк” ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасына интеграцияланат жана анын жыйынтыгы менен башка мамлекеттик органдар керектүү маалыматтарды “Түндүк” аркылуу автоматтык түрдө алуу мүмкүнчүлүгү жаралат (маалымат суроо жана ага маалымат берүү кат түрүндө токтотулат).
  1. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине электрондук кезек программасы.  Программа мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды киргизүүнү автоматташтырат. Учурда система Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда иштөөдө. Учурда программанын өлкөнүн башка региондоруна жайылтуу иштери аткарылууда.
  1. “Мектепке электрондук каттоо” mektep.edu.gov.kg. маалыматтык системасы 2019-жылдын 15-февралынан баштап Бишкек шаарында иштөөдө. 2020-жылдын февраль айынан бул система Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта жана Токмок шаарларындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелерине балдарды биринчи класска кабыл алууга иштетиле баштайт. Учурда мамлекетиик каттоо кызматынын базалары менен интеграциялоо иштери жүрүүдө. Бул балдарды каттоо процессин жеңилдетет.
  2. Жалпы билим берүү мекемелерине “Күндөлүк” автоматташтырылган системасын киргизүү. Учурда пилоттук режимде 7 компания 70 мектеп менен иштеп жатышат. Пилот 2019-жылдын 31-декабрына чейин болот.
  3. «Жаңы китеп»окуу китептерин башкаруунун маалыматтык системасы. Бул система мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуунун эсебин жүргүзүүгө, жетпеген окуу китептеринин санын,  окуу китептери менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн жана окуучуларга берилген окуу китептер жөнүндө маалымат берет. Келечекте бул система республика боюнча бардык китеп базасын камтыйт. Азыркы учурда бардык мектептердин китепканаларын компьютердик камсыз кылуу үчүн даярдоо процесси жүрүүдө.
  4. «Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо үчүн арызды электрондук түрдө берүү» программасы үчтүк режим менен ишке киргизилген. Электрондук платформа түзүлдү license.edu.gov.kg ушул тапта өлкөнүн 10 жожунан билдирме келип түштү.
  5. «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына министрлик тарабынан жети базага адаптер жазылып, башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууга макулдашуулар жүрүп жатат.
  6. Министрлик тарабынан көрсөтүлгөн 54 мамлекеттик кызмат көрсөтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине кирген. Бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук формада көрсөтүү максатында:

— жеке жана юридикалык жактар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү деңгээлин жогорулатуу;

— жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат алуу деңгээлин жогорулатуу;

— мамлекеттик кызматтарды сапаттуу көрсөтүүнү камсыз кылуу.

  1. Билим берүү боюнча документтердин деңгээл жана аныктыгын тууралуу күбөлүк алуу жараянын автоматташтыруу. Билим берүү кызматтарынын 4 түрүн санариптештирүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү:
  • Кыргыз Республикасында берилген негизги жана жалпы билим тууралуу документтердин нак өзү экендигин тастыктоо;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк окуу жайларда окуп жаткандыгын тастыктоо тууралуу маалымкат берүү;

* Кыргыз Республикасында берилген орто жана/же жогорку кесиптик билим тууралуу документтин нукура экендиги тууралуу маалымкат берүү;

* Ведомстволук сыйлыктарды мурда алган жеке адамдарга жоготкон ведомстволук сыйлыктардын дубликаттарын берүү.

10. Интернет. 2018-жылга (63% ) салыштырмалуу, 2019-жылы (2137 мектеп) жалпы санынын 99% кошулган.

      II. Каржылоо жагында:

  1. 2019-жылы билим берүүчү уюмдарда иштеген кызматкерлердин эмгек акылары 30% көбөйтүлдү, ошол эле учурда жалпы билим берүүчү уюмдарда иштеген жогорку билимду адис квалификациясы менен иштеген мугалимдердин эмгек акылары 44% көбөйтүлдү.

Эмгек акыны көбөйтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген мөөнөттө ишке ашырылды (2019-жыл 1-октябрь). Бул иш-чарага керектелүүчү каражаттар ушул жылга жана 2020-жылдын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралды. 2019-жылдын ноябрь, октябрь айлары үчүн билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине айлык акылар жогоруда белгиленген эмгек акыларды жогорулатуусу менен төлөнүп берилди.

Эмгек акыны жогорулатуу билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү элементи катары жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылыктарды билдирүү менен  кабыл алынды.

  1. 2020-жылдан тартып райондук жана шаардык билим берүүчү жана министрликтин карамагындагы билим берүүчү уюмдарда эмгек акыны автоматтык түрдө төлөө системасы киргизилет. Автоматтык түрдө эмгек акыны төлөө системасы биринчи кезекте райондук жана шаардык билим берүүчү уюмдарга киргизүү андан кийин баардык министрликтин карамагындагы билим берүүчү уюмдардын бухгалтерияларына киргизүү каралан жана эмгек акыларды төлөөдө финансылык мыйзам бузуулардын көлөмүн кескин түрдө төмөндөөсүнө алып келет.

III. Билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жагында:

  1. 2019-2023-жылдарга Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынган. Концепция менен бирге 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасы жана 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген.
  2. 2. Билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн Кыргыз тилин окутуунун деңгээлдик системасы киргизилген, стандарттар, программалар иштелип чыккан. Мугалимдер тилди окутуунун жаңы натыйжалуу ыкмаларын өздөштүрүшүүдө.
  3. КРнын Президентинин 2019-жылдын 14-июнунда №71 Кыргыз Республикасынын “КР “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы №505 “Кыргыз Республикасынын квалификацияларынын улуттук системасынын концепциясы” бекитилген.

Бүгүнкү күндө эксперттик топ тарабынан квалификациялардын улуттук алкагын, ошондой эле квалификациялардын улуттук системасын ишке киргизүү боюнча деталдуу иш-чаралар планын, тармактык квалификация алкагынын моделин, улуттук квалификация кенешинин концепциясын   жеткире иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

  1. 2040-жылга чейинки билим берүүнүн өнүктүрүү Стратегиясы (долбоор) иштелип чыккан жана КР БИМдин коллегиясы тарабынан бекитилген, азыркы учурда ведомстволор аралык макулдашууларды, коомдук талкуулоо жол-жоболорунан өтүүдө, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна белгиленген тартипте киргизилиши керек.  IV. Инфраструктура (строительство):

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мектеп куруу тапшырмасын аткаруу максатында 2018-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Эл аралык финансылык корпорациясы мамлекеттик – жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында Ош жана Бишкек шаарларына 20 мектеп куруу жана аны камсыздоого финансылык кеңеш берүү боюнча Макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, Бишкек шаарында 6 участкасы, Ош шаарында 5 участкасы куруу үчүн бөлүнгөн.

2019-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда “Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ратификацияланган. Дүйнөлүк Банк тарабынан эл аралык илимий методдор колдонулуп 300 мектептин имараттары изилденип, анализ жасалган. Жасалган анализдин негизинде министрликтин алдында түзүлгөн тандап алуу комиссиясы тарабынан 10 мектеп тандалып алынды, анын ичинен 6 мектеп жаңы курулушка, 4 мектеп реконструкцияга.

  1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу жагында.

«Жалпы билим берүүчү уюмдарда билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды.

Бул токтомго ылайык бир катар ченемдик укуктук документтерге киргизилген өзгөртүүлөр коопсуз мектеп чөйрөсүнүн мүнөздөмөлөрүн кыйла терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Мурда кабыл алынган жаңыланган документтердин комплекси, бир катар нормативдик жана методикалык материалдар Кыргыз Республикасынын мектептери үчүн коопсуздуктун комплекстүү стандарттарын түзөт. Коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн негизги ченемдери жана механизмдери бүткүл Кыргызстан боюнча 11 пилоттук мектепте сыноодон өткөрүлгөн. Заманбап коопсуз билим берүү чөйрөсү мектептердин администрацияларынын, ата-энелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жигердүү катышуусунда түзүлгөн. Атап айтканда, коопсуз сатып алуу, энергиянын натыйжалуулугу экенин көрсөтүү, мектептердин аймактарын жашылдандыруу механизмдери көрүлдү. Кабыл алынган талаптарга ылайык мектептердин абалын объективдүү баалоого (алар билим берүү уюмдарын аккредитациялоодо жатат), ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык мектептеринде кыйла коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча ишти жүргүзүүгө болот.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер