Байас ТУРАЛ:“ТУУДА УЛУТТУН ЭТНОЖҮЗҮ ЖАҢЫРЫП ТУРУШУ КЕРЕК”

  • 01.12.2023
  • 0

Байас ТУРАЛ:“ТУУДА УЛУТТУН ЭТНОЖҮЗҮ ЖАҢЫРЫП ТУРУШУ КЕРЕК”

Ушул жумада Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди. Жыйында бул маселе референдум менен чечилиши керек деген да пикирлер айтылды. Мамлекеттик желек боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен Улан Примов жазып, коомдук талкууга коюшкан. Анда өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу экени белгиленген. Президент Садыр Жапаров да өз маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген эле. Туунун тегерегинде коомчулукта да талаш-тартыш кызып жаткандыгына байланыштуу биз белгилүү окумуштуу, акын, тарыхчы Баяс Туралды кепке тарттык.

– Тууну “өзгөртүү” тууралуу Жогорку Кеңеш демилге көтөргөн эле, бирок аны колдогондор да, ага каршы чыккандар көп болууда, Сиз кайсыл тарабына кошуласыз? Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Мен Жогорку Кеңештин көтөргөн демилгеси туура деп эсептейм. Тууну “өзгөртүү” жөнүндө, андагы тартылган күндүн сүрөтү “күн карамага” окшоп калганы тууралуу туу кабыл алынган күндөн баштап эле айтылып келатат. Мисалы, туунун авторлорунун бири болгон С.Иптаров 2011-жылдын 3-мартында “Азаттыкка” берген өзүнүн маегинде минтип айткан: “Адегенде, кызуусу менен бир топ пикирлер айтылган желегибизге“Күн карамага, чемичкеге окшошуп калыптыр”, “өрттөнүп бараткан түндүккө окшошуп калыптыр” дегендер абдан көп болгон. Азыр деле ошондой сөздөр айтыла калып жүрөт”. Демек, маектен көрүнүп тургандай, бул үн бүгүн эле жаңырган жок. Ошондуктан аны бүгүнкү бийликке эле таңуулап койгондун өзү да туура эмес. Эгер азыркы бийлик ошол өзүнө чейин айтылып келаткан кемчиликтерди “оңдоп, жакшыртып койолу” десе, анын эмнеси жаман? Эки адамдын ичинен: “катаны оңдойлу” дегенин туурабы же “катаны оңдобой эле коё туралы” дегени туурабы? Албетте, “катаны оңдоп коёлу” деп айткан адамдын сөзү туура. Анткени “ката” дайым адамды “кепке – кемтик, сөзгө – сөлтүк” кылат.

Анан дагы, чын эле туура эмес кабыл алынган туудан уламбы, же айтылган сөздөрдөн уламбы, кайра-кайра эле башчыларыбыз “бузуку” чыгып, эл эрегишип, эки жолу Ак үйүбүз күйбөдүбү. Ошондон улам, ырым кылып, азыркы ажобуз ак мармардан салынган жаңы Ак үйгө отурбай, кызыл кыш менен салынган эски Ак үйдө отуруп, өлкөнү башкарып атканын баарыбыз эле туура көрүп отурганыбыз жалганбы?

А чынын айтканда, туунун бетиндеги күндөн нурлар эмес, жалын чачылып турат. “Нур” менен “жалын” сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрүндө да, графикаларында да эки башка тартылат. Биздин туунун бетине тартылган “күн” табы азайып, жарыгы жалынга айланып, өчүп бараткан “очокту” элестетет. Анткени күндөн нурлар түз чачырайт, оттон жалын ийри чачылат.

– Туудагы түндүктүн түшүрүлүшү тууралуу да кайчы пикирлер абдан арбын: “туура эмес түшүрүлгөн”, “сыртынан карап тартылган” ж.б. Бул тууралуу сиздин пикириңиз кандай?

Мен эч жерден биздикиндей көрүнүштө тартылган «түндүктү» көрө элекмин: же түндүк эмес, же кереге эмес. Эмне үчүн түндүк үйдүн үстүнөн же астынан асманды түз тиктегендеги көрүнүшүндө тартылбай, үйдүн сыртынан, капталынан көрүнгөн көрүнүшүндө тартылган? Анткени бир билермандын айтканы боюнча, анда түндүк «кресть» болуп калат. Кресть болуп калса эмне болот экен? Казактар түндүктү ошондой түз көрүнүшүндө тартып, андан «христиан» болуп кетишкен жери жок. Байыркы замандарда алтындан куюлган «кут белги» (свастика) менен «кош тамгалар» (кресттер) алгач Тибет менен Сайан тоолорунун түндүк тарабында жайгашкан афанасьев жана андронов маданияттарына тиешелүү дөңдөрдү казган учурда табылган. Ал мезгил ары жагы б.з.ч. алты миң, бери жагы үч миң жылдык доорлорду чапчыйт. Аны бир гана биз билбейбиз, бизден башка элдердин баары билет. Бул тамгаларды “кут белги” (свастика) менен “кош тамганы” (кресть) алгач көчмөн арат (арий) уруулары алып жүрүшкөн. Бул тамгаларды дүйнөгө ошолор таратышкан. Ажы Мураттын жазганы боюнча, аны Европага v кылымда гундар алып барышкан. Ага чейинки христиан дининин тамгасы “т” формасына окшош кресть болгон.

Байас ТУРАЛ:“ТУУДА УЛУТТУН ЭТНОЖҮЗҮ ЖАҢЫРЫП ТУРУШУ КЕРЕК”

Бирок казактар да түндүктүн «купол» түрүндөгү көрүнүшүн графикага туура түшүрө алышкан жок. Эгер биз туура түшүрсөк, анда «Георгий крестинин» көрүнүшүндөгү сүрөттү алабыз. Дал ошол графиканы орнаментке айлантсак, кыргыздын атактуу «кут белги» оюму келип чыгат. Бул оюм кыргыздын төрбөлжүн, шырдактарынын баарында бар. Бул орнамент кадимки «кут белгинин» («свастика» санскрит тилинде «бакыттын белгиси» деп чечмеленет) ар кандай формадагы көрүнүштөрү. Орнаментке айланган кут белгиде анын оң-солго айланган эки көрүнүшү тең бар.

Атактуу Гегелдин: “Улут бузулганда, өзүнө таандык жакшы нерселерди башка элдерге таандык кылып айтып, башка элдерге таандык жаман салттарды өздөштүрүп алып, өзүнүкү кылып сүйлөйт” деген улуу сөзү бар. Ушул сөз бир убакта немистерди оңдогон, ушул сөз эми бизди да оңдош керек. Анткени биз да азыр “жакшы” нерселерибиздин көбүн башка элдерге таандык кылып, башка элдердин “жаман” салттарын өзүбүздүкүнө айлантып жашап жатабыз.

Символдор тууралуу сөз жүргөндө, ар кимибиз оюбузга келген ар кандай вариантты айта бербей, алгач: символдор эмнени чагылдырып турушу керек деген суроого так жооп беришибиз керек. Символ сөзсүз кандайдыр бир түптүү, түбөлүктүү дүйнө таанымдын жана улуттук баалуулуктардын элементтерин канына сиңирип турушу зарыл. Улутка ар кимдин вариантынын кереги жок, улутка улуттун өзүнүн баалуулуктарына негизделген улуттук вариант керек. Аны табыш үчүн түпкү ата-бабалар мурастап калтырып кеткен символдорду талдоого алып, такташыбыз зарыл болот.

– Улуттук символ деген эмне? Ал эмне үчүн керек?

– Улуттук символ – ал улуттук дүйнө таанымга жана улуттук баалуулуктарга негизделген мамлекеттик белгилер. Мисалы: Туу, Герб, Гимн – улуттук символ. Туунун маани-маңызы же философиясы анын кооздугунда эмес, канчалык деңгээлде улуттук дүйнө таанымды жана кандай улуттук баалуулуктарды мазмунуна сиңирип турганында.

Мисалы, кызыл туу эпосто Манас атабыздын аталарынан калган туу экени айтылат. Демек, Жакыпка калган “айчыгы – алтын кызыл туу” түпкү бабаларынын бири болгон хан Ногойдон бери мурасталып келаткан династиялык туу, мамлекетти негиздеген хан уруктун туусу. Бул тууралуу белгилүү кыргызтаануучу Мелис Мураталиев иним эң сонун макала жазды. Манаска бабасы “Ногойдон калган кызыл туу” — ал азыркы тил менен айтканда “президенттик штандарт”.

Кызыл түстүн кабыл алынышы жөнүндө Сабыр Иптаров жогоруда “Азаттыкка” берген маегинде дагы минтип айткан: “… Бизге академиядагы “Манас” секторунун башчысы Самар Мусаев агай “Манас атабыздын хандык туусу кызыл болгон” деп негиздеп берди. Ошондо ага чейин талашып аткан бардык депутаттар макул болду дагы, легендарлуу парламент ушул пикирге баш кошту. Ага чейин көк туу, жашыл туу, ак туу, кызыл туу болуп, чынында бир пикирге келе албай атышкан эле”.

Мына ушундай. Самар Мусаев келгенге чейин депутаттар эле эмес, туунун авторлорунун өздөрү да эмнеге негиздеп “кызыл” түстөгү тууну сунуш кылып жатышканын билишкен эмес. Аны туунун авторлорунун бири өзү да моюнга алып айтып жатат. Ошол легендарлуу парламенттин депутаттарынан жана кабыл алынган туунун авторлорунан айырмаланып, биз эмне үчүн туубуз үч түстү камтып турса туура болорун илимий жактан далилдеп айтып жатабыз.

“Манас” эпосунда да Кыргыз бир атанын “үч уулунан” тараган эл экени айтылып турбайбы: Кыргыз, кыпчак, катаган, Баарыбыз бир атадан! — дейт. Бул “Оң, Сол, Ичкилик” деген сөздөрдүн этникалык аттары менен айтылышы. Аларды санжырадагы түстүк аттары менен айтканда: “Ак уул, Көк уул (Куу уул), Кызыл уул”. Эпосто Манастын аталарынан калган “хандык туу” (штандарт) менен үч канаттын туулары да бирдей айтылат:

Ак асаба, кызыл туу

Асман жарган улуу чуу.

Көк асаба, кызыл туу,

Көк жаңырган улуу чуу.

Бул текстте туу “асаба” жана “сап” маанилеринде айтылып жатат.

– 1992-жылы туу кабыл алынып жаткан учурда, сиздин макалаңыз “Бишкек шамына” кыска маалымат катары гана жарыяланып, кийин аны “Эрк” гезити эки бет кылып баскан экен. Жогоруда сүйлөгөн сөздөрүңүзгө караганда, сиз дагы деле ошол көз карашыңызды өзгөртпөптүрсүз?

Менин тууга болгон көз карашым – ал улуттун этножүзүн чагылдырган түпкү дүйнөтаанымга жана улуттук баалуулуктарга негизделген илимий көз караш. Ал, кээ бирөөлөргө окшоп, менин ойдон чыгарылган вариантым эмес, же үч түс мага жагып калганы үчүн эле ушул пикирге жабышып аткан жерим жок. Ошондуктан менин көз карашым 31 жыл мурун кандай болсо, ошол бойдон эле калды.

– Чынында, кыргыз үч канаттан турганы үчүн тууда ошол үч канаттын түстөрү толук чагылдырышы керек деген аргументиңиздин жөнү бар экен. Аны улап, дагы бир суроо: а сиз айткан сак-скифтердин уламыштарындагы үч бир туугандын ысымдары менен биздин санжырада айтылган үч бир туугандын ысымдарына кандай окшошот?

Кыргыз атадан тараган үч уулдун улуусу – Тагай бий (огуз: Таг хан), анын санжырадагы түстүк ысмы – «Ак уул«; андан кийинки ортончу уулу — Көлөй бий (огуз: Денгиз хан), анын санжырадагы түстүк ысмы – «Көк уул» (Куу уул, Кара уул); үчүнчү, эң кичүү уулунун ысмы — Көгөй бий (огуз: Көк хан), анын санжырадагы түстүк ысмы – «Кызыл уул«. Тагыраак айтканда, байыркы “хан скифтер” тууралуу б.з.ч. v кылымда Геродот эмнени жазса, ошол бир атанын үч уулунан тараган хан скифтердин түстүк аталыштары анын урпактарынын ичинен бир гана Кыргыз элинде, бүгүнкү күнү да дал ошондой бузулбай сакталып турат.

Чынында, үч канаттан турган Кыргыз этнотүзүлүшүндөгү бул үч түстүк аталыштын сакталышы өтө уникалдуу жана табышмактуу көрүнүш. Бирок байыркы бабаларыбыз тууралуу биздин маалыматыбыз аз болгондуктан биздин азыркы тууда “жоокердик бийликтин” (кызыл) гана түсү камтылып, калган эки “руханий бийлик” (ак) менен “материалдык бийликтин” (көк) түстөрү кошулбай калган. Бул өтө чоң ката. Бул билимсиз элдин катасы. Бул үч түстүн жаш куракка байланышкан маанисин кыргыздар ХХ кылымдын башына чейин сактап келишкен. Мисалы, Ч.Валихановдун күндөлүгүндөгү мына бул жазуулар биз айтып жаткан үч түстүн азага байланышкан иш-чараларда адамдын жаш курагын кандай түстөр менен белгиленгени айтылып турат. Чокан Валиханов минтип жазат: “Биз бир айылга туш келгенде, боз үйдө кара желек илинип турганын көрдүк. Сурап билгенде, кара желек илинген үйдүн ээси бугу-сарбагыш чабышында каза болуп, анын жесири кошок кошуп жатыптыр. Ал жерден, ак желек – кары адам, кара желек – орто жаштагы адам, кызыл желек – жаш адам өлгөндө илинерин билдик”1.

– Эгер тууда улуттун этножүзүн билдирген үч түс чагылдырылса, анда сиздин оюңузча Герб менен Гимнде эмне чагылдырылышы
керек?

Эми алар өз алдынча сөз кыла турган нерселер. Бирок бул жөнүндө мен көп эле айтып, жазып келатам, сурап калганыңдан кийин кыска айтайын: тууда – улуттун этножүзү бойоктор менен, гербде – улуттун этнодуху тотемдик образдар менен, гимнде улуттун этноүнү “Манас” эпосунун ыргактарына салынган музыка менен жаңырып турушу керек. Ошондо эл тынч алат. Ал үчүн албетте, аны дагы Кыргыз таануунун мыкты адистери чогулуп, талкуулоо зарыл.

– Тууну кабыл алууда үч негизги булак (Санжыра, “Манас” эпосу жана реалдуу чындык) чечүүчү ролду ойногон экен. Сиз да ушул булактарга таянып айтып жатасызбы же булардан башка дагы шилтеме берген булактарыныз да барбы?

Менин таянган булактарым да ушулар. Бирок мурункулар ушул эле булактарга туура эмес шилтеме беришкен. Дал эле ушул булактар бир беткей кызыл тууну далилсиз жактырып, кыйкырган депутаттарга караганда, менин айтып жатканымды көбүрөк ырастайт. Мисалы, биринчи булак санжыра. Кыргыз санжырасынын баарында Кыргыз бир атанын үч уулунан үч канат эл болуп калыптанган калк экени айтылып турат. Алардын түпкү аталары түстүк аталыштары менен: Ак уул, Көк уул (Куу уул) жана Кызыл уул деп жазылган. Кыргыз бир эле “Кызыл уулдан” турат деген маалымат эч бир санжырада жок. Экинчи, “Манас” эпосу. Бул улуу эпосто да Кыргыз үч канаттан турары айтылууда: Кыргыз, Кыпчак, Катаган, Баарыбыз бир атадан! — деп жатпайбы.

Бул үч уруунун ысмы эпостун башынан аягына чейин берилет. Демек, бул үч уруу кыргыздын үч канатынын башында турган хан уруулар болгону шексиз. Мындан башка, “Манас” эпосунда үч туу (үч түстүү асаба) эпостун башынан аягына чейин кайталанып ырдалат:

Ак асаба, кызыл туу,

Асман жарган улуу чуу.

Көк асаба, кызыл туу,

Көк жаңырган улуу чуу!

Ушул ыр саптары кимге түшүнүксүз? Сөз, бул жерде Оң-Сол канаттардын туулары тууралуу жүрүп жатат. Ак асаба көтөргөн Ак уулдун балдарынын колу Оң канаттан, Көк асаба көтөргөн Көк уулдун балдарынын колу Сол канаттан кирип согушуп жатканы айтылууда. Албетте, салт боюнча, Ички улустун уруулары дайым ортоңку территорияны ээлешет.

– Үчүнчү, азыркы реалдуулукка токтоло кетсеңиз?

– Азыркы учурда да Кыргыз эли бир эле Кызыл уулдун урпактарынан турбайт, ал Кыргыздын Оң канатын түзгөн – Ак уулдун, Сол канатын түзгөн Көк уулдун урпактарынан да турат. Тууну кабыл алып жатышкан учурда талашып-тартышып жатышкан адамдар азыркы кандай реалдуу фактыларга таянышканы мага чын эле түшүнүксүз? Совет мезгилинде үч түстөн турган тууну кайра эмнеге кемитип, бир түскө алып келишкенин да билбейм? Эми, азыркы бийлик: “ошол кетирген катаны оңдойлу” десе, ага бир тобу каршы болуп: “көнүп калдык, тууга тийбейли, ал ыйык” деген сөз да, чынын айтсам, менин күлкүмдү келтирет. Туу улуттук улуу баалуулуктардан, же элден, же мамлекеттен артык ыйык эмес! Туура, улуттук символду карап улут оңолуп кетпейт, бирок улут өзүнүн ата-бабаларынын салтына, басып өткөн тарыхына, түпкү дүйнө таанымына жана улуттук баалуулуктарына негиздеп, символдорду оңдош керек! Ошондо ал ыйык тамгага же белгиге айланат!

В.И.Ленин: “Оңдолгон ката – ката эмес” деп айткан. Эгер тууда каталар бар экенин көпчүлүгүбүз моюндасак, анда аны көпкө созбой, ошол замат оңдоо зарыл. Оңдолбогон ката кылымдап кетет: атадан балага, адамдан адамга өтүп, жайылып жашайт. Кылымдап кеткен ката туура эмес ой жүгүртүүнү калыптандырат. Туура эмес ой жүгүрткөн эл туура эмес сөздү сүйлөйт. Туура эмес сөздү сүйлөгөн эл туура эмес иштерди жасайт. Туура эмес иштерди жасаган эл туура эмес жашайт. Туура эмес жашаган эл туура эмес өнүгөт. Туура эмес өнүккөн эл өнүкпөйт, акыры жок болот. Демек, кетирген катаны көргөндөн кийин ошол замат оңдош керек. Катаны оңдобой жашаган коом – ал оорулуу коом…

– Кечээ Жогорку Кеңештин отурумунда туунун оңдолгон варианты биринчи окуудан өттү. Күндөн нурлар түз чачырап турат — туура оңдолгон. Бирок эмне үчүн үч жебе (чамгарак) төрт жебе болуп калган?

– Гезиттин талабына жараша кыска айтайын: санжырада, Ысык-Көлдүн жээгинде жашап турганда, боз үйдү биринчи болуп Угуз хан ойлоп тапкан деп айтылат. Угуз хандын ысмы кийин кээ бир түрктөшкөн варианттарда Түрк ата деп оңдолгон. Бири-бирин көзөп өткөн үчтөн алты жебе ошол Угуз хандын эки аялынан төрөлгөн “алты” уулду билдирет. Биринчи аялы – Нурпериден төрөлгөн балдарынын ысымдары: Күн хан, Ай хан жана Жылдыз хан; экинчи аялы – Суу периден төрөлгөн балдарынын ысымдары: Көк хан, Таг хан жана Денгиз хан. Менимче, кыргыздар, Угуз хандын экинчи аялы Суупериден төрөлгөн балдардан тарайбыз. Кыргыз санжырасында алардын ысымдары: Көгөй бий, Тагай бий, Көлөй бий деп айтылат. Жебелердин төрттөн – “сегиз”, же бештен – “он” жебеге көбөйүшү боз үйдүн 8 канат, 10 канат же 12 канат болуп чоңоюшуна жараша болот. Боз үйгө жараша ууктар көбөйүп, түндүк да чоңойгон. Кар жаап, суу болгон туурдукту алты жебе көтөрө албайт. Ошондуктан анын санын көбөйтүшкөн. Бирок үч саны – негиз. Ошондуктан аны бузбаш керек. Эгер бузсак, анда символдун түпкү мааниси бузулат.

– Маанилүү маегиңиз үчүн рахмат!

Аңгемелешкен
Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер