БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ: БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНАН 44 МЛНДОН АШУУН КАРАЖАТ ТОПТОЛДУ

  • 22.09.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Баткенге жардам катары билим берүү тармагынан 44,4 млн сом чогулганын маалымдайт.

Бул каражат Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу баскынчылыгынан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында чогулду.

Мындан сырткары жогорку окуу жайлардын 28 психологу Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Ошондой эле билим берүү тармагынын кызматкерлери эвакуацияланган элди билим берүү уюмдарынын базасында турак-жай, тамак-аш менен камсыз кылууга көмөктөшүүдө.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер