БАТКЕНДЕГИ МЕКЕНДЕШТЕРГЕ ЖАРДАМ

  • 19.09.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Баткен областындагы өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу, материалдык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев билдирди.

Ушул максатта Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл областарында жайгашкан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 1 күндүк эмгек маянасын Баткен областынын тургундарына кайрымдуулук жардамын көрсөтүү үчүн бирдиктүү эсепке которуу чечимин кабыл алды.

Баткен облусуна жана тынч аймакка чыгарылган тургундарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү уланууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө карата Баткенге 200 тонна жардам жеткирилип, 17,4 миллион сом чогултулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер